Тарых

Акчанын тарыхы – бул иш жүзүндө алганда цивилизациянын тарыхы. Адамга акча катары эмне гана кызмат өтөгөн жок: Африкада, Азияда жана Океаниеде каури үлүлдөрү, Мексикада кокос, Меланезияда доңуздун (чочконун) куйруктары, Каролинг аралдарында тегирмен таштары, Байыркы Грецияда темир зымдар жана башкалар.

Адамдар тарабанан товардык акчалар катары пайдаланылган товардык эквиваленттер ар түрдүү жана көптөгөн сандарда. Алардын ичинен төмөнкүлөрдү атоого болот: мал, булгары, тери, тамеки, үлүл шуруулары, кургатылган балык, буудай, шарап. Байыркы орус акча бирдигинин «куна» деген аталышы, мындай товардык эквивалент катары куницанын териси пайдаланылгандыгы менен түшүндүрүлөт. Баса, бул аталыш азыркы күнгө чейин айрым славян тилдеринде сакталып калган. Мисалы, Хорватиянын акча бирдиги азыркы күнгө чейин куна деп аталат.
money_hist1

Кытай летопистеринде акча дегенди түшүндүргөн символ каури үлүлчөсүнүн формасына ээ. Бул жөн жерден келип чыккан жок, анткени каури үлүлдөрү Кытайда гана эмес, Индия, Таиланд жана Африкада да акча каражаты катары кызмат өтөгөн, анын ичинен Африканын мамлекеттеринде алар төлөө каражаты катары XIX кылымга чейин кызмат кылган. 1948-жылга чейин нигерия уруулары жез билериктерди (маннил) акча каражаты катары пайдаланышкан. Кыргызстандын аймагында күмүш туяк – жамбы төлөө каражаты катары кызмат кылган.
money_hist2

Акырындык менен алып жүрүгө эң эле оңтойлуу, универсалдуу, ар кандай тышкы таасирлерге бекем  туруштук бере алган акчаны ойлоп табуу убактысы да келет. Алгачкы монеталар да ушундай эле тарыхый жолду басып өтүп, түшүрүлгөн сүрөттөлүштөрү анын наркын билдирген биринчи монеталар, биздин доорго чейинки VII кылымда Лидия хандыгында (азыркы Түркия мамлекетинин аймагында) алтын менен күмүштүн табигый эритмесинен даярдалган.

Кагаз жүзүндөгү акчалардын пайда болушун Х кылымда сатып алуу жөндөмдүүлүгү аз, Кытайда чыгарылган оор темир монеталар менен байланыштырууга болот. Адамдар аларды сатуучуларга таштап анын ордуна, монеталарды алмаштырган жана эсептешүүлөрдү бир кыйла жеңилдеткен, алардан алган тил каттарды пайдаланышкан.
money_hist3

1661-жылы Швециядагы Стокгольм банкы күмүш монеталарды чыгарууну токтоткон жана Европадагы биринчи кагаз түрүндөгү акча эмиссиясын баштаган. Бул банкноттор сургуч басманы камтыгандыгы кызыктуу. Ар бир банкнотага түшүрүлгөн сегиз банкирдин кол тамгалары өз-өзүнчө түшүрүлгөн. Суу белгилери ошондо эле жасалма акча жасоодон коргогон.

Андан соң, отуз жылдан ашыгыраак мөөнөттөн кийин кагаз жүзүндөгү акчаларды Англия банкы чыгарган. XVIII кылымдын орто жеринде көптөгөн мамлекеттерде банкноттор акча жүгүртүүнүн негизги каражаттарынан болуп калган, ал эми темир акчалар майдалоо монеталарына айланган.

Россияда кагаз түрүндөгү акчалар, Екатерина Iдин убагында, 1769-жылы чыгарыла баштаган, алар ассигнация деп аталган жана туруктуу бекитилген курска ээ мамлекеттик казна билеттери сыяктуу пайдаланылган. Адан кийин, темир акчаларга алмаштырууга мүмкүн болгон, кредиттик билеттер жүгүртүүгө чыгарылган. «Мамлекеттик кредиттик билеттердин экспедициясы» эмиссияга укук алган, андан соң бул укук мамлекеттик банкка өткөрүлүп берилген.

Кыргызстандын аймагында өздүк акча каражаттарынын пайда болушу тарыхы байыркы заманга тиешелүү жана байыркы түрк каганатынын пайда болушу менен байланыштуу. VII-VIII кылымдардагы отурукташуу жана шаардык маданияттын өнүгүшүнүн негизинде Кыргызстанда өздүк акча каражаттарын чыгаруу зарылчылыгы келип чыккан.

money_hist4Биринчи жолу, акча эмиссиясы менен Түргөш каганатынын өкмөт башчылары иш алып бара башташкан. Түргөш монеталары биринчи жолу VIII кылымдын 30-жылдары чыгарылгандыгы илимпоз-тарыхчылар тарабынан шексиз аныкталган. Монеталар, Чүй өрөөнүндөгү Красноречка жана Акбешим шаарчаларында жана Талас өрөөнүндөгү байыркы Таразда урандылары алиге сакталып турган Жетисунун ири шаарларынан таблылган жана ошол жерлерде жасалып чыгарылган.

Түргөш монеталары Түргөштөрдүн каганынын атынан чыгарылган, муну монетанын бир тарабындагы «Түргөштөрдүн мырзасы каган, акча» деген сагдиан жазуусу күбөлөйт. «Акча» – кытай тилинен алынган, кытай монеталарын аталышы катары колдонулган. Монетанын экинчи бетинде жаа же жарым ай түрүндөгү тамга сүрөттөлгөн. Жетисуу түрктөрүнүн монеталары катары бизге биринчи жолу таанымал болгон түргөштөрдүн монеталары колонун эритмесинен даярдалып, алыскы чыгыштын ыкмасы боюнча куюлган. Алар, чок ортосундагы төрт бурчтук көзөнөкчөсү менен айлана формасына ээ болушкан. Мунун негизинде, формалары боюнча түргөш монеталары ошол учурдагы кытай монеталарына окшош болгон.

Түргөш жана кытай монеталарынын окшоштугу, түргөш жана Борбордук Азиянын жана Түштүк Сибирдин түргөш жана башка түрк тилдүү уруулары Борбордук Азияга көчүп келгенге чейин эле, ушул региондун Кытай менен соодасынан улам кытай акча системасы менен жакшы тааныш экендигин далилдеп турат.

Караханиддер каганаты доорунда Кыргызстандын аймагындагы товардык-акча өнүгүшү жогорку деңгээлге жеткен. Ошол кезде, бир эле учурда Борбордук Тянь-Шань жана Жетисунун Тараз, Барсхан, Баласагын жана башка бир катар шаарларынын зээрканалары тарабынан ар кандай сапаттагы жана ар кандай номиналдагы монеталар чыгарылган. Караханид каганатынын базарларында алтын монеталар – динарлар, ар кайсы  сапаттагы күмүш дирхемдер – күмүш, жез бэнэк – фельсдер бирдей жүгүртүүдө болгон.

Кыргызстанга татар-монголдордун басып киришинин кесепетинен шаардык жана жер иштетүүчүлүк  маданиятында кескин төмөндөөлөр болот, бул жерде иштеп турган чарба-экономикалык структура талкаланат. Ушунун бары товардык-акчалык мамиленин басаңдашына, Кыргызстандын аймагында акча чыгаруунун токтошуна алып келет.