Интернет-банкинг

Банктар өзүлөрүнүн кардарларына сунуштаган жана аларды алыста туруп тейлегенге мүмкүнчүлүктү берген ыңгайлуу сервис жөнүндө сүйлөшөлү. Бул кардар Интернет аркылуу өзүнүн банктагы эсебине кирүүгө мүмкүндүктү алып, банкка барбай эле ар кандай төлөмдөрдү жүргүзө ала турган интернет-банкинг кызматы.

Интернет-банкинг – бул интернет бар жерде каалаган күнү жана каалаган жерден күнү-түнү колдонуу мүмкүнчүлүгү менен Интернет аркылуу банк кызматтарын көрсөтүү. Көпчүлүк банктар кардарлар менен Интернет аркылуу иштешкенге мүмкүнчүлүктү берген системаларды киргизе башташты.

Мындайча айтканда, интернет-банкинг менен кардар банкка барбай эле банктык операцияларды жүргүзө алат. Дистанциондук банктык тейлөөнүн заманбап формалары маалымат-коммуникациялык, ошондой эле мобилдик технологиялардын жайылтылышына салыштырмалуу жакында эле өнүгө баштады.

“Интернет-банк” деген кардарга персоналдык компьютердин же болбосо процессору бар башка түзмөктүн жардамы менен банк продукттары жана кызматтары тууралуу жалпы маалыматка жана эсептерге кирүүгө мүмкүндүк берген системаларга кирет. “Интернет-банктын” продукттарына жана кызматтарына корпоративдик кардарлар үчүн дүң продукттары, ошондой эле жеке керектөөчүлөр үчүн чекене продукттары кирет. Акыры, “интернет-банк” аркылуу алынган продукттар жана кызматтар банктын башка жеткирүү каналдары боюнча берилген продукттардай жана кызматтардай эле болушу мүмкүн.

Интернет-банкингдин жардамы менен карталар аркылуу операцияларды жүргүзсө болот. Мында карталарды колдонуунун шарттары тууралуу маалыматты, жүргүзүлгөн операциялар боюнча жана эсептеги калдыктар тууралуу көчүрмөнү, акча каражаттарды бөлөк эсепке же болбосо бөлөк банкка которууну, ар кандай коммуналдык кызматтар үчүн төлөмдөрдү жүргүзсө болот.

Интернет-банкинг кредиттер менен операцияларды жүргүзгөнгө, карыздарды көрүп турганга, негизги карызды жана пайыздарды жабуу мөөнөтү жана суммасы, кредит боюнча эсептелген пайыздардын суммасы, пайыздык чен жана анын көлөмү тууралуу маалымат, кредит боюнча каалаган мезгил ичиндеги жүргүзүлгөн төлөмдөрдүн тарыхы тууралуу маалыматтарды билип турганга ыңгайлуу.

Андан тышкары интернет-банкинг кызматы аркылуу салымдар жана эсептер менен операцияларды жүргүзсө болот. Мисалы, эсептер боюнча салымдар жана калдыктар тууралуу маалыматты көрүү, эсептер боюнча жана пайыздык чендин салымдары боюнча өлчөмүн көрүү ж.б.

Интернет-банкингдин негизги артыкчылыктары − бул убакытты үнөмдөө, эсептерди күнү-түнү контролдоп туруу, кайсы болбосун онлайн-төлөмдөрдү үзгүлтүксүз жана ыкчам өткөрүү.

Кардарларга керектүү интернет-банкинг системаларынын негизги үч мүнөздөмөсүн белгилеп кетсе болот:

1.                  функционалдык мүмкүнчүлүктөр;

2.                  системаны колдонуунун ыңгайлуулугу;

3.                  финансылык маалыматты сактоо жана тапшырып берүү коопсуздугун камсыз кылуу.

Интернет-банкинг системасынын функционалдык мүмкүнчүлүктөрү канчалык кең болсо, башкача айтканда, банктын кардарларына Интернет аркылуу кызматтар канчалык көбүрөөк болуп жеткиликтүү болсо, мындай система ошончолук толугураак жана керектүү болот. Интернет-банкинг системасынын программалык камсыздоосун орнотуу жана оңдоо канчалык түшүнүктүү жана оңой болсо, ар кандай банктык кызматтарга ээ болуш үчүн системада операцияларды аткаруу ыктары канчалык ыңгайлуу жана жөнөкөй болсо, ошончолук ал ыңгайлуу болот.

Интернет аркылуу өзүңөрдүн эсебиңерди башкаруу үчүн өзгөчө билимдин кереги жок.

Бүгүнкү күндө Кыргызстандагы 24 коммерциялык банктардын арасында 15 коммерциялык банк ушундай кызмат көрсөтөт. Тарифтер 500 сомго чейин жетет. Эгер юридикалык жак интернет-банкинг кызматына туташайын десе, ага атайын программа орнотулат жана төлөмдөр ай сайын алынып турат, эгер жеке жак туташайын десе ага эсеп-картасына кирүүгө мүмкүндүк берилет, ошондо кардарга интернет-банкинг кошумча тейлөө катары бекер бериле баштайт.

Интернет-банкингди колдонуу маалыматтык коопсуздук маселелерин чечүүдө өзгөчө мамиле кылууну талап кылат. Ага банк тарабынан киргизилген техникалык жана уюштуруу чечимдери сыяктуу эле кардардын кыймылдары жана сактык чаралары кирет.

Мисалы, бул кызматка туташканда логин (user name) жана пароль (password) же болбосо пин-код (PIN-code) берилет. Интернет-банкингге биринчи жолу киргенде эле логин менен паролду алмаштырыш керек.

Паролдо сандардан башка тамгалар жана/же болбосо * (жылдызча), # (торчо), @ (маймылча) сыяктуу атайын символдордун болгону андан жакшы. Эң негизгиси, өзүңөрдүн логин, пароль же болбосо пин-кодуңарды эч кимге айтпагыла, өзүңөрдүн интернет банкингге кирүү үчүн персоналдык маалымат менен жазмаңарды башка бирөө көрө алган жерге калтырбагыла. Бул маалыматты жазбай эле жаттап калуу керек.

Маалыматтын аталышынан алыс болуу үчүн интернет-банкингдеги персоналдык барагыңарга шектүү жерлерден кирбегиле – мисалы үчүн интернет-кафелерде. Паролуңарды кээде өзгөртүп тургула. Эгер интернет-банкинг системасына кирүү үчүн идентификациондук маалыматыңарды башка бирөө билип калганынан шек кылсаңар, анда дароо банкка кайрылуу керек. Кызыктай транзакцияларды байкап калган учурларда да, банкка кайрылуу зарыл.

Ошондой эле коопсуздук максатында интернет-банкингдин сессиясы бир нече мөөнөткө чектелген, башкача айтканда, интернет-банкинг барагыңардагы каалаган кошумча баракка киргенден кийин терезе ошол убакыттын ичинде гана активдүү болот. Кийин интернет-банкингдин программасы кайра паролду сурай баштайт.

Биздин өлкөдө интернет-банкингди колдонгондордун саны күндөн күнгө өсүп жатат. Ошондуктан кызматтын мындан ары жайылтыла беришине ишенич бар. Бирок колдонуучулардын санын көбөйтүү үчүн керектүү инфраструктураны түзүш керек.

Бул кызматтар үчүн төлөмдөрдү жүргүзгөнгө ыңгайлуу системасын жана интернет-дүкөндөрдөн товарларды алып келүү системасын түзүш керек, ошондой эле калктын компьютердик жана финансылык сабаттуулугун да көтөрүш керек.

Азыркы учурда интернет-банкинг кызматтарын колдонгондордун көбү ишканалардын бухгалтерлерлери. Алар Интернет аркылуу эсептешүүлөрдү аткарып, көчүрмөлөрдү алып, төлөм тапшырмаларды жөнөтүшөт.

Интернет-банкингди колдонуу чекене тейлөөнүн өнүккөнүнө байланыштуу, кийин Интернетти көбү колдонуп, калктын финансылык активдүүлүгү жогорулай баштаганда, интернет-тейлөө стандарттуу жана жайылтылган кызматтардын бирине кире баштайт.

Интернет-банкингдин өнүгүү потенциалы Кыргызстанда абдан чоң. Мындай өнүгүү өлкөдөгү аймактарда ылдам интернетке кирүүнүн жайылтылышына жана интернет-соода менен электрондук коммерциянын өнүгүшүнө байланыштуу.

Андан тышкары, банктар дагы акыркы мезгилде өздөрүнүн кардарларын арзандатылган тарифтер менен, интерфейске кирүүнүн ыңгайлуулугу жана оңой болгондугу менен интернет-банкингди колдонууга активдүү түрткү берип жатат .

Интернет-банкингдин жаңы мүмкүнчүлүктөрү аны дүйнө жүзү боюнча, ошондой эле Кыргызстанда да, эң эле ылдам өнүккөн жана популярдуу банктык сервистердин бири кылат.

Коммерциялык банктар жакында интернет-кызматтарды колдонбой ишмердүүлүгүн жүргүзө албай калат, антпесе алар кардарларын жоготуп алышы мүмкүн. Бүгүнкү күндө ыңгайлуулук, мобилдик жана ылдамдык абдан маанилүү. Ар бирөөбүз бүгүнкү күндө интернет-банкингдин мүмкүнчүлүктөрүн жана ыңгайлуулугун баалап көрсөк болот.