«Акча маселеси – маанилүү маселе» темадагы сүрөттөр сынагы

Улуттук валютанын киргизилишинин 25-жылдыгына арналган 7-17 жаштагы балдар арасындагы сүрөттөр сынагына катышууга чакырабыз.

Сынак 2018-жылдын 8-февралынан 5-мартына чейин өтүп жатат.

Ар бир категориядагы жеңүүчүлөр «Бай-Түшүм» банкында депозиттерди ачууга сертификаттарды утуп алышат:

Биринчи орун – 6 000 сомго сертификат;

Экинчи орун – 4 000 сомго сертификат;

Үчүнчү орун – 2 500 сомго сертификат.

Кененирээк маалымат – Сынак жөнүндө жобо.