«Компаньон банкында» ачык эшиктер күнү өттү.

2018-жылдын 14-мартында «Компаньон банкы» Бишкек шаарынын №80 орто мектебинин 9-класстагы окуучулар үчүн ачык эшиктер күнүн уюштурду. Банк боюнча кызыктуу экскурсиядан тышкары мектеп окуучуларына жыйым топтоонун чоң маанилүүлүгү тууралуу жана улуттук валютабыздын тарыхы жөнүндө айтып беришти. Жолугушуунун акырында балдар финансылык викторинанын сууролоруна туура жооп берип, банк тарабынан белектерди утуп алышты.

Эске сала кетсек, 12-18 март аралыгында «Компаньон банкы» бүткүл Кыргызстан боюнча 35 мектептердин окуучулары үчүн финансылык сабаттуулук боюнча иш чараларды өткөзүүнү пландаштырууда.

День открытых дверей