«ФИНКА Банк» финансылык сабаттуулук боюнча тренингди өткөрдү.

Бүгүн 2018-жылдын 15-мартында «ФИНКА Банк» Дүйнөлүк акча жумалыгынын алкагында Бишкек шаарынын №2 мектебинин 10-11-классынын окуучулары үчүн финансылык сабаттуулук боюнча тренинг өткөрдү. Банктын адистери окуучуларга, өздүк бюджетти жана жыйымды кантип башкаруу керек, акча топтоонун кандай жолдору бар жана банктык аманаттын түрлөрү тууралуу маалымат беришти. Мындан сырткары, окуучулар Кыргыз Республикасынын улуттук валютасынын 25-жылдыгына арналган топторго бөлүнгөн квиз-окутууларына катышышты. Ал эми иш-чаранын жыйынтыгында лекторлор менен биргеликте интерактивдүү оюндарды өткөрүп, анын жыйынтыгын чыгарышты. Анын натыйжасында эң активдүү катышуучуларга белектер берилди.

_MG_5390