Үй бүлө бюджети
Үй бүлө бюджети
Топтолгон жыйым
Топтолгон жыйым
Кредиттер жана карыздар
Кредиттер жана карыздар
Керектөөчүлөр (пайдалануучулар) укугун коргоо
Керектөөчүлөр (пайдалануучулар) укугун коргоо
Финансы жөнүндө
Финансы жөнүндө
Инвестициялоо
Инвестициялоо
Финансылык коопсуздук жана камсыздандыруу
Финансылык коопсуздук жана камсыздандыруу
Салыктар жана чегерүүлөр
Салыктар жана чегерүүлөр
Жаңылыктар
Жаңылыктар

Керектөөчүнүн негизги укуктары жана милдеттери

Керектөөчүлөрдүн (пайдалануучулар) укуктарын коргоо 2019 Жалган куран айынын 01 жарыяланды
Керектөөчүнүн негизги укуктары жана милдеттери

Бир нерсени талап кылуудан мурда эң оболу аны тереңден түшүнүп, чечмелеп алуу зарыл. Акыйкатта кардарлар кыйла укуктарга ээ, көпчүлүк учурда алар келишимдерге кол койгонго чейин эле келип чыгат. Финансылык кызмат көрсөтүүлөргө тиешелүү кандай болбосун ачык маалыматтарды (пайыздык чен, кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо мөөнөттөрү ж.б.) талап кылып таанышып чыккандан кийин келишим түзүү алардын чиинен эң маанилүүсү болуп саналат. Ошондуктан, керектөөчүнү кайсыл бир уюм менен кандайдыр бир келишим түзүүгө эч кимдин мажбурлоого укугун жок.

Финансылык уюмдардын кардарларынын негизги укуктары жана милдеттер чөйрөсү таблица түрүндө төмөндө чагылдырылган.

Кызматтын түрү Кардардын укуктары Кардардын милдеттери  
Жалпы алып карагандагы укуктар

Финансылык уюмду тандоо

Кол коюлган келишим талаптарын аткаруу жана төлөө тартибин так сактоо  

Ошол уюмдун уюштруу, иш баштоого уруксат берген документтери жана финансылык отчеттору менен кылдат таанышып чыгуу

Финансы уюмунун талабы боюнча сунушталып жаткан кызмат көрсөтүүлөр боюнча толук жана так маалыматтарды берип туруу  

Сунушталуучу кызмат көрсөтүүлөрдүн жалпы шарттарына тиешелүү маалыматтардын берилишин талап кылуу

   

Келишим түзүлүүчү тилди тандоо

 Келишим боюнча түшүндүрмөлөрдү алуу

Келишим түзүү ( милдеттүү камсыздандырууга тиешелүү келишимдерден тышкары)

Сапаттуу кызмат көрсөтүүлөрдөн пайдалануу

Кредит

Келишим түзүлгөндөн кийин жана акча каражатын алууга чейинки аралыкта кредит алуудан баш тартуу

Акча каражаттарын максат катары белгиленген иш багытына гана жумшоо

 

Ал тууралуу 30 күн мурда алдын ала маалымдоо менен алган акча каражатын, эч кандай айыптык санкцияларсыз мөөнөтүнөн мурда кайтарып берүү

Алынган акча каражаттарын өз учурунда кайтаруу жана ал боючна пайыздарды төлөп берүү

 

Банк менен келишим түзгөнгө чейинки 1-3 күн мурда  келишим долбоорун жана ага кошо тиркелеген бардык документтерди алып ал боюнча сырттан бирөөлөрдөн кеп кеңештерди алуу

Алынган акча каражатынын өз учурунда кайтарылышына кесепетин тийгизиши мүмкүн болгон бардык жагдайлар тууралуу  финансы уюмуна маалымдоо

 

Кредит мөөнөтүн узартуу же карызды реструктуризациялоо өтүнүчү менен банкка кайрылуу

   
Депозит

Акчаны кабыл алууну талап кылууга

   

Келишим шарттарына ылайык кайсыл болбосун убакытта акчанын кайтарылып берилишин жана ал боюнча пайыздардын төлөнүшүн талап кылуу

 
Камсыздандыруу Зыянга учураган кардардарга келтирилген чыгым өлчөмүнө баа берүүдө көз карандысыз эксперттердин кызмат көрсөтүүсүнөн пайдалануу Милдеттүү камсыздандыруу келишимин түзүү (мисалы: турай жайды ар кандай бөөдө кырсыктардан камсыздандыруу)  
Келтирилген зыян өлчөмүнө баа берүүлөрдүн жыйынтыгы менен таанышуу Камсыздандыруу учуру келип жеткендиги тууралуу камсыздандыруучуга маалымдоо  

 

Керектөөчүлөрдүн негизги укуктары
Керектөөчүлөрдүн негизги укуктары
Узактыгы: 00:59
← Макалалардын тизмесине

Төмөнкүлөрдү да окуңүз

Акчалай каражаттарды эсепке алуу күндөлүгү

Акчалай каражаттарды эсепке алуу күндөлүгү

QR-код аркылуу төлөмдөрдү жүргүзүү.

QR-код аркылуу төлөмдөрдү жүргүзүү.

2020-Дүйнөлүк каражат топтоо күнү башталышы жарыяланды

2020-Дүйнөлүк каражат топтоо күнү башталышы жарыяланды

Каражатты баалуу металл түрүндө кантип сактоого болот?

Каражатты баалуу металл түрүндө кантип сактоого болот?