Үй бүлө бюджети
Үй бүлө бюджети
Топтолгон жыйым
Топтолгон жыйым
Кредиттер жана карыздар
Кредиттер жана карыздар
Керектөөчүлөр (пайдалануучулар) укугун коргоо
Керектөөчүлөр (пайдалануучулар) укугун коргоо
Финансы жөнүндө
Финансы жөнүндө
Инвестициялоо
Инвестициялоо
Финансылык коопсуздук жана камсыздандыруу
Финансылык коопсуздук жана камсыздандыруу
Салыктар жана чегерүүлөр
Салыктар жана чегерүүлөр
Жаңылыктар
Жаңылыктар

Акча топтоонун эң эле жөнөкөй сегиз эрежеси

Үй-бүлө бюджети 2019 Жалган куран айынын 01 жарыяланды
Акча топтоонун эң эле жөнөкөй сегиз эрежеси

Үйдүн чатырын жаңылап жабуу же болбосо Ысык-Көлгө барып эс алуу ушунчалык зарыл болсо да ага жетиштүү акча топтоого мүмүкнчүлүк жок. Анткени тапкан эмгек акы жетиштүү болгону менен айдын аягында дос-туугандардан карыз сурап калган учурлар көп эле болот. Кароого сунушталып жаткан бул макалада тапкан акчаны керектүү болгон муктаждыктардын бардыгына жеткирип, андан соң бир аздап чогултууга боло тургандай кылып, үй-бүлө бюджетин пландаштырып түзүү тууралуу маалымат беребиз.

Албетте ар бир үй-бүлөдө бюджет түзүп, аны жүргүзүү ыкмасы ар башкача болушу ыктымал. Айрымдар акча топтоп, аны зарылчылыкка жараша гана чыгымдаган болсо, кээ бирлери жалпы сарптоону эсептеп, ошого жараша акча бөлүштүрүү менен кайсыл бир бөлүгүн өзүндө калтырат. Жогоруда белгиленген эки учурда тең акчаны туура эмес чыгымдоодон улам, проблемалар келип чыгышы мүмкүн. Эң башкысы үй-бүлө мүчөлөрү акчанын эмнеге жумшалып жатканын акырына чейин билбеген болсо, бул талаш туудуруп, уруш-жаңжалга, таарынычка алып келиши толук ыктымал.

Алгылыксыз мындай жагдайларга жол бербөө үчүн үй-бүлө бюджетин жүргүзүүнүн төмөндө келтирилген бир нече жөнөкөй эрежелерин карооңуздарга сунуштайбыз.

1. Алгач максаттарды туура аныктап алуу зарыл

«Ашкана бөлмөсүн ремонттоп алсак жакшы болоор эле». Бул максат эмес, болгону убагы келгенде аткарыла турган үмүт-тилек гана. Бул үчүн сарпталуучу акча суммасы так эсептеп, ал боюнча аткаруу мөөнөтү да алгылктуу болгон максаттарды аныктоо зарыл. Мисалы «Ашканада 20....-жылдын 1-декабрына чейин 37 миң сомго ремонт иштерин жүргүзүү зарыл». Ушунун өзү алдыга койгон максат болуп саналат. Кыска мөөнөт аралыгында, орто мөөнөт ичинде аткарылуучу жана узак мөөнөткө каралган максаттарды да белгилөөгө болот. Эң башкысы алар аткарууга боло тургандай,  айкын бир максатты көздөөгө тийиш.

Албетте, алдыга койгон максатыңды дароо эле аткарып, бүткөрүп коюуга кызыкдар болосуң. Мындай шартта колуңа кагаз, калем сап алып, максаттарды тизмектеп жазуу талап кылынат. Ошентип, максатка жетишүүнүн алгачкы кадамын жасаган болосуңар!

2. Чыгашаларды катуу көзөмөлдүккө алуу зарыл

Эгерде тигил-же бул максатка канча каражат жумшалаарын билген болсоңор, кеткен акчаны (финансыны) тыкыр каттоого алуу зарыл. Буга анчалык деле убакыт кетпейт. Бардык чыгашаларды өзүнчө дептерге же Excel программасында каттап, канча акча эмнеге жумшалганынын так билген соң, андан аркы иш багытын пландаштыруу алда канча оңойго турат.

«Биз 2016-жылы үйлөнүп, тойдо бизге белек кылынган өзүнчө батирде жашоону чечтик. Батир кичине ремонтту талап кылып, эмерек, тиричиликке керектүү бир топ буюмдарды сатып алууга туура келди. Алгач  кеткен чыгашаларды жазып турууга мүмкүн болбогондуктан, канча акча кайда кетип жаткандыгын аныктоого мүмкүн болбой, ремон иши үч жылга созулуп кетти. Ошондо кана кылдат ойлонууга,  сарптоолорду  алдын ала пландаштырып, айрыкча биринчи кезекте аткарылуучу максатткарга көңүл бурууга үйрөндүк» - деп айтып жатат Каныкей.


Ошентип, бардык күнүмдүк чыгашаларды так жазып чагылдыруу алгачкы айда эле акчанын көбү даяр тамак-ашты, кымбат баалуу косметикалык каражаттарды  сатып алууга, достор менен эс-алып, көңүл ачууга кеткенин аныктап берди.

«Мен 15 миң сом алам, ал эми өмүрлүк жолдошум менден кичине көбүрөөк маяна алат. Демек, биздин бир айда алган 35 миң сомго жакын кирешебиз ремолнтко да, башка күнүмдүк чыгашаларга да жетүүгө тийиш эле. Ошентип,  үй-бүлө кирешесин туура эмес пландаштыруудан улам ремонт иши создугуп, үч жыл кыйналып калганыбызды билип, мындан ары үнөмдөөгө, тапкан акчаны приоритетке жараша сарптоого үйрөндүк».

3. Бюджетиңерди пландаштыргыла

Кайсыл максатка канча акча кетээрин аныктап алган соң, үй-бүлөлүк бюджеттин кийинки бир маанилүү кадамына – пландаштырууга өтүү зарыл. Бюджетти пландаштыруу - бул, алдыга койгон максаттардын аткарылышына өбөлгө түзгөн тактика.

Пландаштыруу ойдо жок жерден эле анчалык зарыл болбогон бир нерсени сатып алуулардан качууга жана акчаны терең ойлонуштуруп сарптоого түрткү берет.

«Буга чейин канча акчаны жөн эле коротуп келгенибизди көрүп, кыжаалат болуп, кийинки айга чыгашалардын так эсептелинген планын түзүүнү чечтим. Натыйжада, жолдошумдун тапкан 20 миң сомун ремонтко, ал эми менин 15 миң сом эмгек акымды күндөлүк керектөөлөргө жумшоону чечип, даяр тамак аш сатып албай, тойлорго, кечелерге барууну убактылуу токтоттук», - деп замандашыбыз Каныкей өз турмуштук тажрыйбасы менен бөлүшкөн.

4. Ар бир максатка өз-өзүнчө акча топтоо зарыл

Ар бир үй-бүлөдө улам акча салып туруу үчүн каралган капчык (копилка) болууга тийиш. Ай сайын  1 миң сомдон салып турганда да, жыл акырына карата 12 миң сом топтолуп калат. Демек, бул кошумча карыз алуудан куткарат. Адам баласы алдыга карай үмүт артып жашап келет эмеспи... Ар бир максат кылган үмүт-тилекке өз-өзүнчө караштырып, акча топтоо, ойлогон ой-максаттын орундалышына, жашоо шартты алда канча жакшыртууга өбөлгө түзөөрүн замандашыбыз Каныкейдин жогоруда келтирилген турмуштук тажрыйбасы тастыктап берген.

«Үйдү ремонттоп бүткөндөн кийин аны жаңы эмеректерген толтуруп, эс алууга барып, дос-туугандарга жаңы конушка той берүүнү пландаштырдык. Кичине топтогон акчабыз болсо да ал белгиленген максаттардын бардыгын аткарууга жетишпай тургандыгын көз жеткен соң, топтогонубузду белгиленген үч максатка өз-өзүнчө конвертке салып бөлүштүрүү менен ай сайын кичинеден болсо аларды толуктап турууну чечтик. Талап кылынган каражат чогулганда, эмеректи да алып, тойду да өткөрүп, эс алууга да каражат жетиштүү болооруна толук ишендик» - дейт Каныкей андан ары сөзүн улап....

5. Турмуштук ар кандай жагдайлар үчүн акча топтоо – милдеттүү шарт

Адам баласынын жашоо-турмушунда күтүүсүз, болжолдоого болбой турган жагдайлар келип чыгышы да ыктымал эмеспи.... Ошондуктан, бардык ушундай жагдайларды, эс алууга барып, көптөн бели тилек кылып келген нерсеңди сатып алууга акырындап акча чогултууга үйрөнүүнү турмуш өзү таңуулоодо.

Демек ар бир үй-бүлө түшкөн кирешеден жок дегенде 10 пайыздан үнөмдөп калтырып, ойлогон ой-максатына жетүүнүн пайдубалын түптөөгө тийиш.

Жогоруда биз сөз кылган замандашыбыз Каныкейдин үй-бүлө бюджетин түзүү тажрыйбасы да дароо эле өз натыйжасын берген эмес.

«Биз жолдошум экөөбүз тапкан кирешебиздин болгону 10 пайызын гана топтоого кудуретибиз жетет. Бул анча чоң эмес сумма - 3,5 миң сом болсо да, жыл акырына карата кыйла сумманы чогултуп коюуга болот. Албетте, ар кандай жагдай келип чыгышы мүмкүн, бирок бул акчаны интернетсиз, байланыш каналдары жок калган шартта да, айлык акы алганга чейин эптеп чыдап, чыгымдоого болбойт. Алгачкы үч айда бир аз кыйналасың, кийин көнүмүш адатка айланып, акча топтоонун өзүнчө бир принцибине баш ийип жашоого туура келет. Иш жүзүндө ошол 10 пайыз маанилүү бир маселени деле чечпейт. Ошентип акча топтоо процесси жөнгө салынып, аны улам көбөйтүп туруу табити артып, муну менен кошо белгиленген маселелерди чечүү күч алат” – дейт Каныкей ишенимдүү.

6. Жеке керектөөлөр үчүн каражат караштырып, акча топтоого жетишүү зарыл

Жалпы бюджет – бул, эң жакшы, алгылыктуу ыкма. Бирок, анда эске алынбаган жагдайлар да бар. Мисалы, күтүүсүз сюрприз жасоо же жагып калган сумканы сатып ала албайсың. Анткени, топтогон жалпы акчадан анчалык зарыл болбогон нерселерди сатып алууга чыгымдоо үй-бүлөдө түшүнбөстүккө алып келиши ыктымал. Демек, бардык жагдайлар үчүн өз-өзүнчө акча топтоо менен гана бардык маселени чечип алууга болот.

.7. Майрамдык белектерге чыгшаларды алдын-ала пландаштруу зарыл

Ооба буларды да сөзсүз эске алуу зарыл. Кандай майрамдар бар экендиги, кимдерге белек тартуулоо керектиги бардыгызга алдын ала маалым. Ошондуктан үй-бүлө булар тууралуу алдын ала макулдашып, бюджетке жараша жана анын чегинде каражат караштырып коюусу зарыл.

8. Эч качан карыз албагыла

Бул көйгөй ар бирибиз үчүн көкөй кести маселе болушу керек. Үй-бүлө бюджетин туура түзүү тажрыйбасы жок, акча жетишпей, кысталыш учурда карыз суроого мажбур болосуң. Ошондой болсо да, керексиз же орунсуз чыгашаларды мүмкүн болушунча кыскартып, карыз албай жашоого аракет кылууга болот. Орун алган карыздарды толук жаап, кайталап карыз албоого аракет кылып, бюджетти толуктоонун башка бир мыйзамдуу жолдорун издеп, ашкере сарптоолорго жол бербей, керектөөгө жараша үнөмдүү жашоого үйрөнүүгө убакыт жетти.... анкектни бул турмуш чындыгы, жакшы жашоо, саламатта болуунун пайдубалы....

Үй-бүлөлүк бюджет
Үй-бүлөлүк бюджет
Узактыгы: 01:15
← Макалалардын тизмесине

Төмөнкүлөрдү да окуңүз

Акчалай каражаттарды эсепке алуу күндөлүгү

Акчалай каражаттарды эсепке алуу күндөлүгү

Инвестициялар бай болууга кандайча көмөк берет?

Инвестициялар бай болууга кандайча көмөк берет?

Керектөөчүнүн негизги укуктары жана милдеттери

Керектөөчүнүн негизги укуктары жана милдеттери

Улуттук банк финансы-кредиттик уюмдарга (мындан ары - банктарга ) карыз алуучулар үчүн кредиттик төлөмдөр боюнча кредиттин негизги суммасын сыяктуу эле, чегерилген пайыздарды да төлөө мөөнөтүн кеминде 3 (үч) айга өз-өзүнчө же чогуу жылдырууну сунуштаган

Улуттук банк финансы-кредиттик уюмдарга (мындан ары - банктарга ) карыз алуучулар үчүн кредиттик төлөмдөр боюнча кредиттин негизги суммасын сыяктуу эле, чегерилген пайыздарды да төлөө мөөнөтүн кеминде 3 (үч) айга өз-өзүнчө же чогуу жылдырууну сунуштаган