Үй бүлө бюджети
Үй бүлө бюджети
Топтолгон жыйым
Топтолгон жыйым
Кредиттер жана карыздар
Кредиттер жана карыздар
Керектөөчүлөр (пайдалануучулар) укугун коргоо
Керектөөчүлөр (пайдалануучулар) укугун коргоо
Финансы жөнүндө
Финансы жөнүндө
Инвестициялоо
Инвестициялоо
Финансылык коопсуздук жана камсыздандыруу
Финансылык коопсуздук жана камсыздандыруу
Салыктар жана чегерүүлөр
Салыктар жана чегерүүлөр
Жаңылыктар
Жаңылыктар

Каражатты баалуу металл түрүндө кантип сактоого болот?

Инвестициялоо 2019 Жалган куран айынын 01 жарыяланды
Каражатты баалуу металл түрүндө кантип сактоого болот?

Акчаны сактоонун көптөн бери келе жаткан эң туура түрү болуп, алтын түрүндө сактоо эсептелет. Бирок, чынында алтынды жөн гана сатып алуу каражат топтоону билдирбейт.  Баалуу металлды сатып алууда көптөгөн өзгөчөлүктөр болот.

Алтын – инвестициялоонун алгылыктуу инструменти деп айтылган сөз эң туура. Анын баасынын динамикасы акыркы бир нече жыл ичинде баалуу металлдын баасы өсүп жатканын көрсөтүүдө.   

Бирок алтын түрүндө акчаны туура топтоо зарыл. Мында биринчи эле көңүлгө ала турган нерсе, алтын сырга, билерик шакек ж.б. сатып алуу менен баалуу металлга инвестиция салып топтоонун ортосунда эч кандай жалпылык жок.

Кыргызстандыктар баалуу металлды бир нече ыкма менен сатып алышса болот. Биринчи жана эң эле кеңири тараган ыкма – зер дүкөндөрүнөн алтын же күмүш буюмдарын сатып алуу. Мындай буюмдарды колдон сатып алуу – оптималдуу вариант болуп саналбайт. Сатуучу товар жасалган металлдын тазалыгына кепилдик бере албайт. Бирок кооздук буюмдарын дүкөндөн сатып алган учурда да жакшы же болбосо туура инвестиция жумшап жатасың деп айтуу кыйын. Себеби, металлдын өзүнүн наркы сатып алуу суммасынын 75% ашпайт. Калган бөлүгүн – салык, буюмду жасоого кеткен жумуштун наркы, зер заводунун жана дүкөндүн башка чыгымдары,  тапкан пайдасы түзөт.

Жогоруда айтылганды карап көрөлү. Каныкей деген кыз баасы 28 миң сом турган жана 10 г салмагы менен билерик сатып ала турган болду дейли. Бир нече жыл өтүп, Каныкей билерикти алтынды сатып алуучулардын бирине сата турган болот. Бирок, сатып алуучу билерик үчүн болгону 18 миң сом сунуштайт.  Кардардын эмнеге мынча арзан алып жатасыз деген суроосуна,  сатып алуучу азыр 1 г алтындын баасы 1,8 миң сом турат деп жооп берет. Бир нече жыл ичинде баа өстү, бирок эч ким Каныкейге ал билерикти сатып алган ошол кездеги 28 миң сомду сунуштабайт.

Зер буюмдарын сатып алуудан пайда көрөм десең, бир канча көп жылдар өткөндөн кийин пайда алууга мүмкүн болушу ыктымал. Мындан тышкары, алтынды сатып алуучулар зер буюмдарын сынык металлдын баасы менен сатып ала турганын эстен чыгарбоо зарыл!

Баалуу металлга акча салуунун экинчи ыкмасы болуп – өлчөнгөн куймалар эсептелет. Кыргызстанда инвестициялоонун бул инструменти жакында эле пайда болду. Улуттук банк бул боюнча программаны 2015-жылы ишке киргизди. Инструментке болгон суроо-талап жаман эмес. Биринчи жылдар ичинде жалпы суммасы 550 млн. сомдон ашкан 200 кг жакын аффинаждалган алтын куймалары сатылган. Көптөгөн коммерциялык банктар баалуу металлдар менен операцияларды ишке ашырууга лицензияларды алышууда. Бул баалуу металлдарды Улуттук банктын кассаларында гана эмес, айрым коммерциялык банктардын кассаларынан да сатып алууга болот дегенди билдирет.  Мындан тышкары, металл эсептерин жүргүзүү, ошондой эле, алтын куймалары салына турган депозит эсептерин ачуу мүмкүнчүлүгү каралууда.

Бардык куймалар атайын таңгакта тиешелүү документтери менен сатылат. Документте куйманын салмагы, пробасы жана чыгарылган күнү көрсөтүлгөн. Куйманы кийин сатуу же банкка тапшыруу чечимин кабыл алган учурда,  бул документтерди сактап коюу маанилүү.  Мында куйманын бети чийилбеген, тегиз жана бүтүн болууга тийиш. Андай болбогон учурда куйма сынык металлдын баасы менен бааланып калат.

Каражат салуунун үчүнчү ыкмасы – баалуу металлдардан жасалган монеталарды сатып алуу. Баалуу монетанын эки түрү бар – коллекциялык жана инвестициялык. Инвестициялык  монеталарды Кыргызстанда сатып алуу азырынча мүмкүн эмес, ал эми коллекциялык монеталарды сатып алууга болот. Аларды Улуттук банк чыгарат. Кыргызстандын коллекциялык монеталары кыйла баалуу болуп саналат. Монеталардын көрүнүшү кооз жасалып, сапаты жогору келет. Аларды кийинчерээк кымбат баага сатууга толук мүмкүн.

Улуттук банк ар түрдүү коллекциялык монеталарды чыгарууда. Алар менен  www.numizmat.nbkr.kg. сайтынан таанышууга жана коллекциялык монеталарды сатуу боюнча онлайн дүкөнүнөн сатып алууга болот.  

Коллекциялык монеталарга каражат салып жатып, биринчиден, монеталарды билүү, экинчиден, тигил же бул монетага баа көтөрүлгөнгө чейин чыдап күтө билүү маанилүү.

Каражат салуунун ар бир вариантынын өзүнүн оң жана терс жактары бар. Ошондуктан, топтогон каражатты тигиге же буга салып топтоонун алдында, алардын кайсы варианты сизге туура келерин жакшылап ойлонуу зарыл.  

Играть
Пауза
Алтын куймалар (Улуттук банк билдирет, 09.05.2017)
← Макалалардын тизмесине

Төмөнкүлөрдү да окуңүз

Акча каражатын сактоонун кандай эрежелери бар?

Акча каражатын сактоонун кандай эрежелери бар?

1-октябрда электрондук капчыкты идентификациялоонун мөөнөтү аяктайт

1-октябрда электрондук капчыкты идентификациялоонун мөөнөтү аяктайт

Кооперативдин финансылык пирамидага тиешеси жоктугун кантип билсе болот? – Улуттук банктын кеңеши

Кооперативдин финансылык пирамидага тиешеси жоктугун кантип билсе болот? – Улуттук банктын кеңеши

2020-жылдын 25-декабрында Кыргыз Республикасынын калкынын финансылык сабаттуулугун 2016-2020-жылдары жогорулатуу программасын ишке ашыруу боюнча Координациялык кеңештин отуруму болуп өттү

2020-жылдын 25-декабрында Кыргыз Республикасынын калкынын финансылык сабаттуулугун 2016-2020-жылдары жогорулатуу программасын ишке ашыруу боюнча Координациялык кеңештин отуруму болуп өттү