Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Жалал-Абад областтык башкармалыгы 2025-жылдын 27-июнунда планга ылайык Жалал-Абад областынын Аксы районунун мамлекеттик кызматкерлери үчүн финансылык сабаттуулук боюнча көчмө лекция өткөрдү.
Лекциянын жүрүшүндө Улуттук банктын өкүлдөрү катышуучуларга акча каражаттарын туура колдонуу, акча каражаттарын ар кандай тобокелдиктерден коргоо, Кыргыз Республикасында QR-кодду өнүктүрүү боюнча иш-чаралар, QR-коддордун улуттук стандарттары жана эки өлчөмдүү штрих-код белгилерин (QR-код) колдонуу менен төлөө эрежелери жана санариптик финансылык кызматтар менен инструменттер жөнүндө маалымат берилди.