2024-жылдын 13-майынан тартып Ысык-Көл, Нарын, Талас жана Чүй областтарынын орто кесиптик окуу жайларынын окуучулары үчүн финансылык сабаттуулук боюнча семинарлар өткөрүлө баштады. Окуучуларды өз каражатын туура пайдаланууга үйрөтүү, финансылык продукттардан жана кызмат көрсөтүүлөрдөн, анын ичинде электрондук кызматтардан пайдалануу жөнүндө маалымат берүү, ошондой эле алардын инвестициялоо, салык, камсыздандыруу жана финансылык коопсуздук маселелери боюнча финансылык билимин өркүндөтүү семинардын максаты болуп саналат.
Семинарлар Улуттук банк тарабынан Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлиги менен биргеликте ЕККУнун Бишкектеги программалык кеңсесинин колдоосу менен өткөрүлүп жатат.
← Жаңылыктардын тизмесине