2024-жылдын 20-сентябрында Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин борбордук аппаратынын кызматкерлери үчүн финансылык сабаттуулук боюнча семинар өткөрдү. Семинардын максаты – Кыргызстандын калкынын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу боюнча Улуттук банктын иши менен тааныштыруу, ошондой эле жеке финансыны башкаруу, каражат топтоо, карыз алышуу, улуттук финансы инструменттерине инвестициялоо жана финансылык коопсуздук боюнча билимди арттыруу. Семинардын жүрүшүндө санариптик сабаттуулукту жогорулатуунун маанилүүлүгүнө да басым жасалды.
Семинар Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 16-мартындагы №119-т тескемеси менен бекитилген 2022-2026-жылдарга финансылык жеткиликтүүлүктү жогорулатуу стратегиясын ишке ашыруунун алкагында уюштурулду.
← Жаңылыктардын тизмесине