2022-жылдын 28-октябрында Дүйнөлүк каражат топтоо күнүнүн алкагында Улуттук банктын нумизматикалык музейинде социалдык тармактардагы финансылык сабаттуулук боюнча викторинанын жеңүүчүлөрү үчүн экскурсия болуп өттү.
Экскурсиянын жүрүшүндө катышуучуларга Улуу Жибек жолунун мезгилин кошо алганда, Кыргызстандын аймагынан табылган уникалдуу байыркы монеталар, ошондой эле 1995-жылдан баштап Улуттук банк тарабынан чыгарылган коллекциялык эстелик монеталар көрсөтүлдү. Мындан тышкары, катышуучулар Кыргыз Республикасынын улуттук валютасынын өнүгүү тарыхын, анын ичинде банкноталардын жана монеталардын өндүрүштөн жок кылынганга чейинки жашоо циклин, ошондой эле чет мамлекеттердин борбордук банктары чыгарган акча белгилеринин ар кандай үлгүлөрү менен таанышышты.
Алдыда боло турган бардык иш-чаралар Дүйнөлүк каражат топтоо күнү-2022 күндөлүгүнө шилтеме боюнча жайгаштырылган.
← Жаңылыктардын тизмесине