Үй бүлө бюджети
Үй бүлө бюджети
Топтолгон жыйым
Топтолгон жыйым
Кредиттер жана карыздар
Кредиттер жана карыздар
Керектөөчүлөр (пайдалануучулар) укугун коргоо
Керектөөчүлөр (пайдалануучулар) укугун коргоо
Финансы жөнүндө
Финансы жөнүндө
Инвестициялоо
Инвестициялоо
Финансылык коопсуздук жана камсыздандыруу
Финансылык коопсуздук жана камсыздандыруу
Салыктар жана чегерүүлөр
Салыктар жана чегерүүлөр
Жаңылыктар
Жаңылыктар

Кыргызстанда Дүйнөлүк каражат топтоо күнү белгиленет (The World Savings Day)

2023 Тогуздун айынын 31 жарыяланды
Кыргызстанда Дүйнөлүк каражат топтоо күнү белгиленет (The World Savings Day)

2023-жылдын 31-октябрында дүйнөдөгү 69 өлкөдө Дүйнөлүк каражат топтоо күнү белгиленет.

Кампаниянын тарыхы Италиядагы Милан шаарында каражат топтоо банктарынын биринчи эл аралык конгрессинде 1924-жылдын 31-октябрын Дүйнөлүк каражат топтоо күнү катары жарыялоодон башталган.

Дүйнөлүк каражат топтоо күнү (The World Savings Day) Кыргызстанда – «Кыялдар канат байлаганда» урааны менен калктын финансылык сабаттуулугун жана каражат топтоо маданиятын жогорулатуу максатында жыл сайын өтүүчү ири масштабдуу маалыматтык-билим берүү кампаниясы. Өлкөбүздө 2015-жылдан тартып бул маалыматтык-билим берүү кампаниясын өткөрүү калктын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу боюнча салттуу иш-чаралардын бири болуп калды.

Каражат топтоо адам өз акчасын канчалык туура пайдаланып жаткандыгын көрсөтөт. Каражат топтоо, адатта, финансылык чыгымдарга байланышкан убактылуу кыйынчылыктарды жеңүү үчүн финансылык коопсуздукту камсыз кылууда өзгөчө маанилүү.

Мындан тышкары, каражат топтоо финансылык максаттарга жетүүдө, жеке бизнес ачууда же акчаны пассивдүү киреше алуу үчүн инвестициялоодо маанилүү ролду ойнойт.

Бул жылы Дүйнөлүк каражат топтоо күнүнө арналган иш-чаралар 24-31-октябрга чейин республиканын бардык регионунда өткөрүлдү.

Иш-чараларга мамлекеттик органдар, коммерциялык банктар, билим берүү мекемелери, өкмөттүк эмес уюмдар ж. б. катышты.

Маалымат катары:

Италиялык профессор Филиппо Равизза биринчи эл аралык сактык банктар конгрессинин акыркы күнүндө 31-октябрды Дүйнөлүк каражат топтоо күнү деп жарыялады (The World Savings Day). Бул майрам дүйнө жүзүндөгү адамдарга акчаны матрацтын астында эмес, банкта сактоонун маанилүүлүгүн маалымдоо максатында уюштурулган. Ошол эле учурда майрамдын негизги идеясы боюнча, 31-октябрь жуманын кайсы күнүнө туура келгендигине карабастан, ал күнү бардык сактык банктар ачык болушу зарыл. Бул күнү дем алыш болсо дагы, калк өз эсептери, депозиттери жана которуулары менен иштей алат. Экономиканын өсүшүн, демек, өз жарандарынын жашоо деңгээлинин жогорулашын камсыз кылуу үчүн, айрым өлкөлөр калкты финансылык аманаттарын банктарда сактоого үндөй баштаган.

Ошентип, 1921-жылы Испанияда биринчи улуттук үнөмдөө күнү белгиленген. Германияда акча реформасынын натыйжасында, калкынын көпчүлүгү топтогон каражатын жоготкондугунан улам, банк системасына болгон ишенимди тез арада калыбына келтирүү керек болчу жана мындай майрамды 1923-жылдан тартып белгилей башташкан.

Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин дүйнөлүк каражат топтоо күнү улантылган. Бүгүнкү күндө дүйнөдө көптөгөн өлкөлөр бул күндү майрамдайт.

← Жаңылыктардын тизмесине

Төмөнкүлөрдү да окуңүз

Акча алиппеси. 3-бөлүк

Акча алиппеси. 3-бөлүк

Акча алиппеси. 4-бөлүк

Акча алиппеси. 4-бөлүк

Акча каражатын сактоонун кандай эрежелери бар?

Акча каражатын сактоонун кандай эрежелери бар?

1-октябрда электрондук капчыкты идентификациялоонун мөөнөтү аяктайт

1-октябрда электрондук капчыкты идентификациялоонун мөөнөтү аяктайт