Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы 2026-жылдын 19-октябрынан тартып 23-октябрына чейин Дүйнөлүк каражат топтоо күнүнө карата Улуттук банктын нумизматикалык музейинде экскурсияларды өткөрдү.
Коноктор улуттук валютанын жаралуу жана өнүгүү тарыхы, банкнотторду жана монеталарды чыгаруу баскычтары, Улуу Жибек жолу өнүгүп турган мезгилде Кыргызстандын акча жүгүртүү тарыхына арналган экспозиция, ошондой эле Улуттук банк тарабынан 1995-2026-жылдар аралыгында чыгарылган нумизматикалык баалуулуктар менен таанышышты.
Нумизматикалык музейге 262 жакын адам катышты.
Улуттук банктын нумизматикалык музейи иш күндөрү саат 10:00дөн 16:00гө чейин иштейт, 0 (312) 61-24-14; 0 (312) 66-90-15 (+1232; +1234) телефондору аркылуу же mail@nbkr.kg электрондук почта аркылуу алдын ала жазылууга болот.


