2024-жылдын 6-декабрында Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан финансылык сабаттулукту жогорулатуу иш-чараларына катышып жаткан өнөктөш уюмдардын жолугушуусу жана Финсабат колдонуучулары үчүн атайын лекция болуп өттү.
Иш-чарада финансылык сабаттуулуктун негиздери жөнүндө маалымат берилди. Ошондой эле, каражат топтоо жана жеке финансыны башкаруу маданиятына тарбиялоо максатын көздөгөн Кыргызстандын 2024-жылдагы «Глобалдуу акча жумалыгы» (Global Money Week) жана «Дүйнөлүк каражат топтоо күнү» (World Savings Day) эл аралык маалыматтык-билим берүү кампанияларына катышуусунун жыйынтыгы чыгарылды.
Аталган кампаниялардын алкагында 2024-жылы 477 финансылык сабаттуулук боюнча ар кандай иш-чаралар өткөрүлгөн: ачык эшик күндөрү, лекциялар, интерактивдүү оюндар, балдар жана жаштар үчүн финансы мекемелерине экскурсиялар жана сынактар. Кампанияларга 30дан ашык уюм, 19 миңге жакын адам түздөн-түз иш-чарага катышса, 1 миллион 198 миңден ашык адам кыйыр түрдө катышкан.
Маалымат үчүн: «Глобалдуу акча жумалыгы» жана «Дүйнөлүк каражат топтоо күнү» кампаниялары Улуттук банктын координациясы алдында 2015-жылдан бери Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги, Эл аралык уюмдар жана өлкөнүн финансы-кредит уюмдары менен биргеликте өткөрүлүп келет.
← Жаңылыктардын тизмесине