Үй бүлө бюджети
Үй бүлө бюджети
Топтолгон жыйым
Топтолгон жыйым
Кредиттер жана карыздар
Кредиттер жана карыздар
Керектөөчүлөр (пайдалануучулар) укугун коргоо
Керектөөчүлөр (пайдалануучулар) укугун коргоо
Финансы жөнүндө
Финансы жөнүндө
Инвестициялоо
Инвестициялоо
Финансылык коопсуздук жана камсыздандыруу
Финансылык коопсуздук жана камсыздандыруу
Салыктар жана чегерүүлөр
Салыктар жана чегерүүлөр
Жаңылыктар
Жаңылыктар

КРнын чоң кишилеринин арасында финансылык сабаттуулук орточо деңгээлде.

Үй-бүлө бюджети 2025 Үчтүн айынын 14 жарыяланды
КРнын чоң кишилеринин арасында финансылык сабаттуулук орточо деңгээлде.

Бишкек, 30.09.22. /Кабар/. Экономикалык кызматташтык жана өнүгүү уюмунун (ОЭСР) 2021-жылы жүргүзгөн изилдөөсүнүн жыйынтыгы боюнча, Кыргызстандын чоң кишилеринин финансылык сабаттуулугу орточо деңгээлде, бирок финансылык билими боюнча аймактагы орточо көрсөткүчтөн артта калууда.

Белгиленгендей, эң көйгөйлүү аспектилер - бул жөнөкөй жана татаал пайыздарды эсептөө, мүмкүн болуучу коркунучтун жана пайданын катышын талдоо, ошондой эле тобокелдиктерди баалоо жана диверсификациялоо. Кыргызстандын калкы өзүнүн финансылык билимин туура баалайт: болжол менен 20% (КМШ өлкөлөрүнүн ичинен эң көп) аларды канааттандырарлык эмес деп эсептейт.

Бирок жакшы жактары да бар: Кыргызстан КМШ өлкөлөрүнүн арасында акчасын кылдаттык менен көзөмөлдөгөн (79%), сатып алууларды жакшылап ойлонуп жасаган (80%), эсептерин өз убагында төлөгөн (90%) жана узак мөөнөттүү пландарды түзгөн (77%) адамдардын саны боюнча алдыңкы орундардын биринде турат. Мындан тышкары, респонденттердин 74%ке жакыны үзгүлтүксүз түрдө акча топтоорун билдиришкен. Ошого карабастан, 45%ы өткөн жылы финансылык кыйынчылыктарга туш болгонун моюнга алышкан.

Кыргызстандын чоң кишилеринин бир кыйла бөлүгү финансылык алдамчылыктын курмандыгы болушкан: 8% ар кандай алдамчылык схемаларынын натыйжасында акчасынан кол жуугандыгын билдиришкен, 7% телефон аркылуу алдамчыларга маалыматтарын билдиришкен же электрондук почта аркылуу жөнөтүшкөн, дагы 7% акча которуу боюнча абийирсиз же өтө кымбат кызматтарга туш болушкан.

Улуттук банк өнөктөштөр менен биргеликте жыл сайын өлкө боюнча маалыматтык-билим берүү иш-чараларын, семинарларды, лекцияларды/сабактарды, экскурсияларды, тренингдерди жана башкаларды өткөрөт.

Ошондой эле 2021-жылы Улуттук банк тарабынан өнөктөштөр менен биргеликте финансылык сабаттуулугу боюнча 46 семинар уюштурулуп, ага Ош областынын 1000ден ашуун тургуну катышкан. 2022-жылдын мартынан баштап ЕККУнун Бишкек шаарындагы Программалык кеңсесинин колдоосу менен 42 тренер атайын даярдыктан өтүп, алар өз кезегинде үстүбүздөгү жылдын июль айынан сентябрь айына чейин өлкөнүн бардык аймактарында финансылык сабаттуулугу боюнча 800дөн ашуун адамды камтыган семинарларды өткөрүшүүдө.

2022-жылдын мартында Кыргызстанда дагы «Каражатыңды туура колдонуп, жаркын келечегиңе жол сал» («Build your future, be smart about money») деген ураан менен республиканын бардык аймактарында Кыргызстандагы Глобалдык акча жумалыгы өттү.

Бир жуманын ичинде Улуттук банк, коммерциялык банктар, мамлекеттик мекемелер, ошондой эле коомдук жана эл аралык уюмдар каржылык сабаттуулук боюнча 800 түрдүү иш-чара өткөрүштү - улуттук сүрөт конкурсу, кутуча конкурсу, окутуучу семинарлар, коммерциялык банктарга экскурсиялар, ачык эшиктер күнү, балдар үчүн интерактивдүү иш-чаралар, балдар өздөрүн чыгармачылык менен көрсөтүп, билимдерин көрсөтө алышты. Түз катышуу 80 миңге жакын адамды, кыйыр катышуу 200 миңден ашуун адамды түздү.

Улуттук банк тарабынан Финсабат сайтынын жана Улуттук банктын социалдык баракчаларынын мазмунун жаңыртуу жана толуктоо боюнча туруктуу негизде иштер жүргүзүлөт. 2022-жылы социалдык тармактарда 200гө жакын жарыя, 16 видеоролик жана 60 жаңылык блогу жайгаштырылган.

Улуттук банк БШКнын алдындагы "Жарандык жана санариптик билим берүү борборлору" долбоорун ишке ашыруу боюнча БШКнын аракеттерин колдоду, биз тарабынан каржылык сабаттуулуктун негиздерине окутуу боюнча сунуштар жөнөтүлдү.

Учурда Дүйнөлүк каражат топтоо күнүнүн 2022-жылга карата калкынын арасында аманат маданиятын жогорулатууга багытталган иш-чараларды өткөрүү боюнча даярдык иштери жүргүзүлүүдө. Иш-чаралар тууралуу маалымат Улуттук банктын сайтында жана социалдык тармактарда жайгаштырылат.

← Макалалардын тизмесине

Төмөнкүлөрдү да окуңүз

Кредитти кантип алууга болот?

Кредитти кантип алууга болот?

Акча алиппеси. 5-бөлүк

Акча алиппеси. 5-бөлүк

Баалуу кагаздарга инвестициялоо

Баалуу кагаздарга инвестициялоо

Каражатты баалуу металл түрүндө кантип сактоого болот?

Каражатты баалуу металл түрүндө кантип сактоого болот?