Үй бүлө бюджети
Үй бүлө бюджети
Топтолгон жыйым
Топтолгон жыйым
Кредиттер жана карыздар
Кредиттер жана карыздар
Керектөөчүлөр (пайдалануучулар) укугун коргоо
Керектөөчүлөр (пайдалануучулар) укугун коргоо
Финансы жөнүндө
Финансы жөнүндө
Инвестициялоо
Инвестициялоо
Финансылык коопсуздук жана камсыздандыруу
Финансылык коопсуздук жана камсыздандыруу
Салыктар жана чегерүүлөр
Салыктар жана чегерүүлөр
Жаңылыктар
Жаңылыктар

Кыял жана финансылык максат

Үй-бүлө бюджети 2025 Кулжа айынын 25 жарыяланды
Жашоо максаттары менен финасыны кантип "элдештирүүгө" болот

Финансыга байланыштуу чечим кабыл алуудан мурун, бардык кыялдарды керектүү форматка "айландыруу" керек. Бул өтө эле меркантилдик көрүнүшү мүмкүн, бирок ар кандай кыялдар акчаны талап кылганы ар дайым эсиңизде болсун. Эгер сиз эмнени каалап жатканыңызды жана анын канча тураарын так билсеңиз, анда кыялдарды жана финансыны "элдештирүү" толук мүмкүн.

Каалоону финансылык максатка айландыруу үчүн, аны абдан так материалдаштыруу керек. Бул үчүн үч жөнөкөй көрсөткүчтү колдонуңуз:

  • Бул максатка жетүү канча турат? Башкача айтканда, ойлогонду ишке ашыруу үчүн канча акча керек? 
  • Максатка жетүү үчүн каалаган мөөнөт кандай? Бир айдан кийинби, бир жылдан кийинби же 5 жылдан кийинби?
  • Бул максат канчалык үзгүлтүксүз кайталанып турат? Жылына канча жолу саякатка чыгууну жана тиричилик техникасын канчалык көп жаңылоону каалайсыз?

Жашоо максаттарыңызды аныктаңыз

Келечектеги финансылык эсептөөлөр үчүн кыялдарды чагылдырган жана аларды цифралаштырган таблица түзсө болот. Мисалы, ал төмөнкүдөй көрүнүшү мүмкүн:

Максат

Баасы

Мөөнөтү

Регулярность

Эс алуу учурунда Ысык-Көлгө саякат

100 миң сом

6 ай

Жылда 1 жолу

Автоунаа сатып алуу

800 миң. сом

2 жыл

5 жылда 1 жолу

Үйлөнүү тою

500 миң. сом

3 жыл

1 жолу

Эми жакынкы 2–3 жылга пландаштырылган жашоо максаттары жөнүндө ойлонуу керек. Аларды финансылык максаттар түрүндө жазып алуу зарыл. Муну кыска мөөнөттүү максаттардын биринчи мисалы боюнча кылуу керек. Ошондой эле максатты, анын баасын, аткаруу мөөнөтүн жана үзгүлтүксүздүгүн аныктоо зарыл.

Максаттын баасын акылга сыярлык ой жүгүртүү менен ар дайым азайтууга болорун эстен чыгарбоо керек. Сапатын жоготпостон бааны төмөндөтүүгө болобу деп ойлонуу керек. Мисалы, жаңы унаа эмес, мурунку жылдардагы унааны сатып алуу. Же, мисалы, Европадагы кымбат мейманканада эмес, кадимки хостелде жашоо. Ооба, ыңгайлуулуктар азыраак болот, бирок максат оңой ишке ашат.

Эң негизги кеңеш. Кыялыңыздын баасын эсептөөдөн коркпоңуз. Бул зарыл. Кыялдын так аныкталган баасы – ага жетүүнүн жарымы. Канча каражат керектигин билсеңиз, аны чогултуу оңой, качандыр бир саякатка чыгарым же жаңы машина аларым деген асмандагы пландарды курбайсыз.

Үй-бүлөлүк бюджет
Үй-бүлөлүк бюджет
Узактыгы: 01:15
← Макалалардын тизмесине

Төмөнкүлөрдү да окуңүз

Акча топтоонун эң эле жөнөкөй сегиз эрежеси

Акча топтоонун эң эле жөнөкөй сегиз эрежеси

Улуттук банк сак болууга чакырат! 

Улуттук банк сак болууга чакырат! 

Керемет Көч (финансылык сабаттуулук боюнча атайын сериясы)

Керемет Көч (финансылык сабаттуулук боюнча атайын сериясы)

Акча каражатын сактоонун кандай эрежелери бар?

Акча каражатын сактоонун кандай эрежелери бар?