Үй бүлө бюджети
Үй бүлө бюджети
Топтолгон жыйым
Топтолгон жыйым
Кредиттер жана карыздар
Кредиттер жана карыздар
Керектөөчүлөр (пайдалануучулар) укугун коргоо
Керектөөчүлөр (пайдалануучулар) укугун коргоо
Финансы жөнүндө
Финансы жөнүндө
Инвестициялоо
Инвестициялоо
Финансылык коопсуздук жана камсыздандыруу
Финансылык коопсуздук жана камсыздандыруу
Салыктар жана чегерүүлөр
Салыктар жана чегерүүлөр
Жаңылыктар
Жаңылыктар

Пандемиядагы финансы

Топтолгон жыйым 2020 Жетинин айынын 13 жарыяланды
Пандемия жана финансы кризиси учурунда акчаны кантип сактоо керек — КР Улуттук банкынын кеңештери

Пандемия жана ага байланыштуу карантин жарандардын кирешесинин азайышына же жумушунан толугу менен айрылышына алып келди. Ошондуктан, азыркы туруксуз мезгилде каражаттарды акылга сыярлык сарптоо маселеси абдан маанилүү.

Улуттук банк пандемия жана финансы кризиси учурунда акчаны туура сарптоо боюнча кеңештерди берди.

Быйылкы жыл көптөгөн кыргызстандыктар үчүн, анын ичинде материалдык жактан дагы, абдан оор болду. Пандемия жана ага байланыштуу карантин жарандардын кирешесинин азайышына же жумушунан таптакыр айрылышына алып келди. Экономиканын бир катар тармактары азырынча иштебей жатат же толук кубаттуулукта иштебейт. Ошондуктан, азыркы туруксуз мезгилде каражаттарды акылга сыярлык сарптоо маселеси абдан маанилүү. Sputnik Кыргызстан редакциясы Улуттук банкка пандемия учурунда акчаны кантип туура сарптоо керектиги, ал эми эмнеге такыр сарптабоо керектиги боюнча суроо-талап даярдады. Төмөндө өлкөнүн башкы банкынын сунуштары.

Карта менен төлөмдөр

Көптөгөн гипермаркеттерде сатып алуулар үчүн төлөмдү карта аркылуу жүргүзүүгө болот. Биринчиден, пандемия шартында бул ден соолук үчүн коопсуз. Экинчиден, сиз товарга кичинекей арзандатуу аласыз (сатуудан алынуучу салык эске алынбайт). Майда-чүйдө нерсе, бирок жагымдуу!

"Финансылык коопсуздук жаздыгына" ээ болуу же чогултуу

Өзүңүздү алган кирешеңиздин 10 пайызын сөзсүз түрдө үйдөгү накталай акча же талап боюнча эсеп болобу, сактап калууга көндүрүңүз. Мындай "коопсуздук жаздыгы" баарында болушу керек. Бул запастар кризистик кырдаалдарда жардам берет. Эч качан себепсиз эле кутучаңыздан акча коротпоңуз. Кырдаалдан чыгуунун жолун издеш керек — унаа менен жүрбөй жөө басыңыз, кандайдыр бир азыктарды сатып албаңыз, мүмкүн болушунча мобилдик оператордун интернет пакетинен баш тартыңыз.

Үй-бүлөлүк бюджетти пландоо

Бул кеңешти кризистик кырдаалдарда да, жакшы жагдайларда да колдонсо болот. Ал бардык кирешелер менен чыгашалардын толук сүрөттөлүшү менен финансылык планды камтыйт — бул үй-бүлөнүн ар бир мүчөсүнүн катышуусу маанилүү болгон биргелешкен иш.

Мында чыгаша бөлүгү көпчүлүк учурда көптөгөн пункттарга бөлүнөт. Чыгашаларыңыздын беренелери канчалык деталдуу болсо, финансылык көрүнүш ошончолук айкын болот. Үй-бүлөлүк бюджеттин планын бир айга, бир жылга жана бир нече жылга түзүү сунушталат. Мында кирешелер менен чыгашалардын жалпы эсебин жүргүзө турган бир үй-бүлө мүчөсүн аныктоо ыңгайлуу, ал эми калгандары ага канча акча жана эмнеге сарпталганы тууралуу үзгүлтүксүз отчет берип турушу керек.

Чынында керектүү нерселерге гана акча сарптаңыз

Жакшылыкка үмүт кылгыла, бирок жамандыкка даяр болгула. Жакынкы финансылык максаттарды кайра карап чыгып, пландарды жана алдыдагы чыгашаларды оңдоп түзөтүңүздөр. Мисалы, жаңы автоунаа сатып алууну кийинкиге калтыруу же азырынча насыя албоо жакшыраак болушу мүмкүн. Үй-бүлөлүк бюджетти келечекте дары-дармекке жана дарыланууга жумшоо үчүн кайра бөлүштүрүп койгула.

Кризис – спекуляция үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөр

Алдап кетүүчү сунуштарга жана спекуляцияларга алдырбаңыз. Спекулянттар кардарлардын сезимдери менен ойношот, ошондуктан сак болуңуз.

Майда купюралар маанилүү

Акчаны кайсы валютада жана кандай купюраларда сактай турганыңызды алдын ала ойлонуңуз. Төлөө оңой жана тез болушу үчүн, ири купюраларды майдасына алдын ала алмаштырып алыңыз.

Тапканың баарын эле корото берүү туура эмес стратегия. Ашыкча чыгымдарды аныктап, азайтууну, ошондой эле камдап, финансылык инструменттерге инвестиция салууну да үйрөнүү керек. Бюджет түзүүдө, үй-бүлөнүн максатына (кыялына) жетүү жана "коопсуздук жаздыгын" түзүү үчүн бюджеттин чыгаша бөлүгүнө сөзсүз түрдө сактыкка акча бөлүү деген сапты жазып коюңуз. "Кара күнгө" жете турган акчанын болушу (адатта, үч айлык кирешенин суммасында) күтүлбөгөн кырдаалда сизге жана сиздин үй-бүлөңүзгө тынч жана ишенимдүү сезүүгө мүмкүндүк берет.

← Макалалардын тизмесине

Төмөнкүлөрдү да окуңүз

Акча алиппеси. 2-бөлүк

Акча алиппеси. 2-бөлүк

Ипотеканын негизги эрежелери

Ипотеканын негизги эрежелери

Каражат топтоо деген эмне жана ал эмнеге керек?

Каражат топтоо деген эмне жана ал эмнеге керек?

Улуттук банк финансы-кредиттик уюмдарга (мындан ары - банктарга ) карыз алуучулар үчүн кредиттик төлөмдөр боюнча кредиттин негизги суммасын сыяктуу эле, чегерилген пайыздарды да төлөө мөөнөтүн кеминде 3 (үч) айга өз-өзүнчө же чогуу жылдырууну сунуштаган

Улуттук банк финансы-кредиттик уюмдарга (мындан ары - банктарга ) карыз алуучулар үчүн кредиттик төлөмдөр боюнча кредиттин негизги суммасын сыяктуу эле, чегерилген пайыздарды да төлөө мөөнөтүн кеминде 3 (үч) айга өз-өзүнчө же чогуу жылдырууну сунуштаган