Үй бүлө бюджети
Үй бүлө бюджети
Топтолгон жыйым
Топтолгон жыйым
Кредиттер жана карыздар
Кредиттер жана карыздар
Керектөөчүлөр (пайдалануучулар) укугун коргоо
Керектөөчүлөр (пайдалануучулар) укугун коргоо
Финансы жөнүндө
Финансы жөнүндө
Инвестициялоо
Инвестициялоо
Финансылык коопсуздук жана камсыздандыруу
Финансылык коопсуздук жана камсыздандыруу
Салыктар жана чегерүүлөр
Салыктар жана чегерүүлөр
Жаңылыктар
Жаңылыктар

Акча каражатын сактоонун кандай эрежелери бар?

Топтолгон жыйым 2019 Жалган куран айынын 01 жарыяланды
Акча каражатын сактоонун кандай эрежелери бар?

Көпчүлүгүбүз колунда барлар гана акча топтой алат деген жаңылыш ишенимге жамынып, ага аракет кылуудан жалтанып келебиз. Негизинен сарптоолорду туура пландаштырып, бир нече жөнөкөй эрежени сактоого көнүгүп, аны күнүмдүк принципке айландыруу аркылуу максат кылгандардын бардыгына  жетишүүгө болот.

Акча үнөмдөй албагандар дароо эле, “бул менин колумдан келбейт, ансыз да эч нерсеме жеткире албай жатам” деген шылтоолорду айтышы ыктымал.  Мына ушунун өзү жыйым топтоо табитин жокко чыгарып, жокчулукту чакырып, өмүр бою акчанын кулуна айландырат.

Ошондуктан акча топтоодон мурда ой-тилекти, жан-дүйнөнү жакшы жакка буруу менен жашоо шартты жакшыртам деген терең ишенимди калыптандыруу зарыл. Буга төмөндө баяндалган бир нече эрежени так сактоо да жакындан жардамга келет.

1. Эмнеге акча топтоп жатканыңарды так аныктап алуу керек

Бул оңой эле, айкын бир нерсени максат кылып, ага акча топтоо алда канча жеңил.   

Мисалы, жарым жылдан кийин апаңыздын кутман куракка чыгышына байланыштуу эс алып, ден соолугун чыңдап келишин каалап, 16 миң сомго эс алуу жайына жолдомо алып берүүнү көздөп жаткан болсоңуз, алдыга койгон максат жана ага кетчү сарптоонун суммасы да аныкталат. Демек, ага чейин зарыл сумманы топтоп, жолдомо сатып алып, апаңызды эс алууга узатып, көргөн аракетиңизден ырахат алуу менен жан-дүйнөдө канааттануу сезими  уялап, иш натыйжасы айкын көрүнөт.

Эмне үчүн мына ушул эле ыкмада жыйым топтоого болбосун? Албетте айкын максат, кадам сайын так аныкталган иш программа жок, болгону куру кыял: өзүнчө бартир сатып алуу, кайсыл бир өлкөгө барып, эс алуу жана башка ушундай сыяктуу. Жөн эле кыялданып койбостон, максат коюп ага аракет кылуу жетишпей жаткандай сезилет!

2. Карыздан дароо кутулуу зарыл

Акча топтоодон мурда бардык орун алган карыздан кутулуу зарыл. Мында да карыз оорчулугунан кутулуу планын иштеп чыгып, аны так аткаруу менен  андан ары карыз албай, мүмкүнчүлүккө жараша жашоого үйрөнүү талап кылынат. Бул принципти тутунуп жашоо алгач кыйынга турганы менен карыз алып жашаганга караганда, алда канча жеңил болушу мүмкүн.

3. Тапкан кирешенин 10 пайызын калтырып коюу зарыл

Ушунун өзү эң сонун башкы эреже. Ар бир тапкан кирешеден 10 пайызды милдеттүү түрдө өзүнчө калтырып коюуга үйрөнүү зарыл. Албетте бул аз көрүнгөнү менен  бир-эки  жылдан кийин кыйла эле кирешеге айланат. Ошентип, акча топтоо ыкмасын өздөштүрүп, ага болгон табитибиз артып, жакшы жашоого ишеним пайда болот.

Мындай учурда дагы бир эрежени так сактоо талап кылынат, топтолуп жаткан акчага кандай гана жагдай келип чыкпасын “кол салууга” болбойт. Абалдан чыгуунун башка айласын издөө мисалы, жол кире коротпой жөө баруу, көрүнгөн нерсени сатып алуудан, мобилдик операторлор сунуштаган кызмат көрсөтүүлөрдөн, интернеттен баш тартуу зарыл.

4. Акча топтоп жатканыңарды эч кимге айтпагыла

Мындай аныктама алгач укканда танкалычтуу болгону менен бул турмуштук чындык. Топтогон акча бардыгын эч кимге айтуунун кереги жок. Анткени жагдай кыстап, акчага муктаж болуп жаткандар четтен табылат. Кысталып турганын көрүп, бар турган акчаны жок деп коюуштун өзү да адамкерчиликке жатпагандай туюлат... Ошентип, арсар абалда калып, айрыкча бул жакындарын болсо, андан бетер кыжаалат абалга, көкөй кести көйгөйгө туш болосуң. Туугандарга топтогон акчасын берип коюп, аны кайра ала албай кыйналып жүргөндөр да көп кездешүүдө...

Ошондуктан эч кимге эч нерсе айтпай, ашыкча түйшүктөн качып, тынч жашаган оң... Карызга акча берип туруу милдеттенмеси эч качан эч кимге жүктөлгөн эмес. Демек, ак мээнет менен табылган акча өз керегиңе жумшалышы керек...

5. Акчаны ири суммада же банкта сактоо зарыл

Майда акчаны чогултуу кыйын, ошондуктан топтолгон акчаны дароо ири купюрага айландырып коюу оң.  Мисалы 5 миң сомго же 100 долларга. Мындай сумманы чыгымдоодон мурда миң жолу ойлонуп, бүтүн сумманы бузгуң келбей, абалдан чыгуунун башка жолун издей баштайсың.

Ири суммада акча топтоп, бирок ал да көздөгөн буюмду сатып алууга же үй-бүлөнүн башка муктаждыгына жетпей турса, анда акчаны банкта сактоо ыңгайлуу. Анткени бул, биринчиден кошумча киреше алып келет жана ишенимдүү сактоодо турат.

Жогоруда белгиленген, турмуш чындыгынан алынган эрежелерди күнүмдүк турмушта колдонуп, акча топтоо табитин калыптандырып, ага аяр мамиле жасоого үйрөнүп, кыйынчылыксыз жакшы жашоого үйрөнөлү...

Үй бүлөлүк аманаттар
Үй бүлөлүк аманаттар
Узактыгы: 00:55
← Макалалардын тизмесине

Төмөнкүлөрдү да окуңүз

Каражат топтоо деген эмне жана ал эмнеге керек?

Каражат топтоо деген эмне жана ал эмнеге керек?

Кардалар даттануулар жана өтүнүчтөр менен кайда жана кимге  кайрыла алышат

Кардалар даттануулар жана өтүнүчтөр менен кайда жана кимге кайрыла алышат

Ипотеканын негизги эрежелери

Ипотеканын негизги эрежелери

Кыргызстанда акча каражатын кайсыл багытка инвестициялоо пайдалуу?

Кыргызстанда акча каражатын кайсыл багытка инвестициялоо пайдалуу?