Акчаны көбөйтүү же сактоо жөнүндө сөз болгондо, эксперттер көбүнчө жарандарга акча каражаттарын банктагы депозитке салууну кеңеш беришет. Ошондуктан "банктык аманат", "депозит" деген сөздөр баарынын оозунда.
Ал ортодо бул каржылык продуктка байланыштуу процесстер "көмүскөдө" калууда. Бул макалада банктык аманаттын арналышы жана банктар аны жасоого кандай эрежелер менен мүмкүнчүлүк берери тууралуу сөз болот.
Аманат кандай болот?
Банктык аманат (депозит) – бул жеке жактардын банкта сактоо үчүн белгилүү мөөнөткө келишимдин негизинде жайгаштырылган акча каражаттары, ал келишимде аманаттын суммасына пайыздык чендерди кошуу каралган. Банктык аманат Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын тиешелүү лицензиясы бар банкта же микрофинансылык компанияда гана ачылат. Башка уюмдарга салынган каражаттар банктык аманат болуп эсептелбейт.
Аманаттарды улуттук валютада да, чет элдик валютада да салууга болот. Ошондой эле мультивалюталык аманаттар да бар; алардын өзгөчөлүгү аманаттын суммасын бөлүп, бир эле учурда бир нече валюта түрүндө сактоого болот, ал эми аманаттын мөөнөтү ичинде аманаттын бүткүл суммасын бир валютадан экинчи валютага өз алдынча которууга же салымдардын үлүшүн ар кандай валюта түрлөрүнө өзгөртүүгө болот.
Аманаттардын эки негизги түрү бар: талап боюнча төлөнүүчү аманаттар, биринчи талап боюнча берилет жана мөөнөттүү аманаттар, келишимде көрсөтүлгөн мөөнөт аяктагандан кийин берилет. Талап боюнча төлөнүүчү аманаттар кыска мөөнөттүү сактыктарды сактоо үчүн ыңгайлуу. Мөөнөттүү аманат белгилүү бир мөөнөткө ачылат, бирок жагдай өзгөргөн учурда мөөнөттүү депозитти да, талап боюнча төлөнүүчү аманатты да каалаган убакта алып салууга болот. Бирок, сиз эсептелген пайыздардан айрылып калышыңыз мүмкүн.
Аманаттарды коргоо
Эсиңиздерде болсун, банктык аманаттар мамлекет тарабынан корголот. Банктардагы аманаттарды коргоо системасы аманатчыларга банк аргасыздан жоюлганда (кепилдик учуру) кепилдик төлөм алууга мүмкүндүк берет. Кепилдик учурунун алкагында ар бир аманатчыга жалпысынан
1 000 000 сомго чейин компенсация төлөнөт, анын ичинде аманаттар боюнча пайыздар дагы бар.
Бирок жеке жактардын айрым аманаттары (депозиттери) компенсацияланбайт:
1) банкка, микрофинансылык компанияга жана турак жай-сактык кредиттик компанияга байланышкан жактардын депозиттери;
2) акыркы 3 жыл аралыгында банктын, микрофинансылык компаниянын, турак жай-сактык кредиттик компаниянын чет өлкөлүк консультанты же тышкы аудитору болуп саналган жактардын депозиттери;
3) юридикалык жактын тапшырмасы (ишеним каты) боюнча жайгаштырылган жактардын депозиттери;
4) "Банктар жана банк иштери жөнүндө", "Кыргыз Республикасындагы микрофинансы уюмдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана турак жай-сактык кредиттик компаниялардын ишин жөнгө салуу чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ылайык чектөөлөр коюлган же камак салынган депозиттер;
5) Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары турган банктын-резиденттин филиалдарындагы, микрофинансылык компаниянын-резиденттин филиалдарындагы депозиттер.
Депозиттерди коргоо системасы жөнүндө толугураак маалыматты Кыргыз Республикасынын Депозиттерди коргоо боюнча агенттигинин www.deposit.kg сайтынан тапса болот.
Банк менен депозит тандоо
Эгерде сиз банкка депозит коюуну чечсеңиз, анда банк жөнүндө толук маалымат (анын ишмердүүлүгүнүн көрсөткүчтөрү), анын депозиттерди коргоо системасына катышуусу, депозиттер боюнча сунушталган шарттар менен таанышуу керек. Мындай маалыматты банк кызматкерлеринен телефон аркылуу же банктын кеңселеринен, стенддерден ала аласыз. Мындан тышкары, көпчүлүк банктарда маалыматтык буклеттер бар жана аларды бардык каалоочуларга өз кеңселеринде беришет, ошондой эле депозиттердин ар кандай түрлөрүн тартуунун жалпы шарттары жөнүндө толук маалыматты өз сайттарына жайгаштырышат. Сиздин өз убагында (аманат келишимин түзүүгө чейин), зарыл жана ишенимдүү маалымат алуу укугуңуз мыйзам тарабынан бекитилген. Аны четке какпаңыз!
Эң жакшы чечим кабыл алууга депозиттерди кабыл алган бир нече банктын сунуштарын изилдөө жардам берет. Алынган маалымат ар кандай банктардын аманаттары боюнча сунуштарын салыштырууга мүмкүндүк берет.
Аманат боюнча пайыздык чен салымдын мөөнөтүнө, суммасына жана валютасына жараша болот. Көп сумма көбүрөөк киреше алууга мүмкүндүк берет. Сактоо мөөнөтү канчалык узак болсо, пайыздык чен ошончолук жогору болот. Учурда улуттук валютадагы депозиттер боюнча пайыздык чендер чет элдик валютадагы депозиттерге караганда жогору. Аманаттын кирешелүүлүгүн мезгилдүү түрдө пайыздык төлөмдөрдү аманаттын суммасына кошуу (капиталдаштыруу) жогорулатат. Пайыздар мөөнөттүн аягында да, белгилүү бир мезгилдерде (ай сайын, квартал сайын, жыл сайын) да төлөнүшү мүмкүн.
Пайызды эсептөө
Банктык депозиттик эсептерге жайгаштырылган акча каражаттарын квалификациялуу башкаруу үчүн, депозиттер боюнча пайыздык эсептөөлөрдү түзүү менен, тандалган аманаттардын түрлөрү боюнча күтүлүүчү кирешелүүлүктү талдоо зарыл. Бул үчүн төмөнкүлөрдү билүү керек: пайыздык чендин өлчөмү, пайыздык төлөмдөрдү эсептөө тартиби жана мезгилдүүлүгү, пайыздык төлөмдөрдү алуу тартиби (аманаттык эсепке кошуу, накталай берүү, талап боюнча эсепке же картка которуу). Мунун баары банктык аманат келишимдеринде банктар тарабынан сүйлөшүлөт жана аманаттын түрүнө жараша болот.
Депозит боюнча бардык эсептөөлөрдү жүргүзүү үчүн, депозиттик калькуляторду колдонууну сунуштайбыз.
Келишим түзүү
Ылайыктуу банкты жана аманаттын түрүн тандап алгандан кийин, банктын кеңсесине келип, аманаттар боюнча операцияларды жүргүзгөн банк кызматкерине инсандыгыңызды тастыктаган документти көрсөтүп, банктык аманат келишимин түзүп, келишимде белгиленген суммадагы акча каражатын банктын кассасына төлөшүңүз керек.
Документтерге кол коюуга шашпаңыз. Келишимге кол коюудан мурун аны кылдаттык менен изилдеп чыгыңыз. Келишимдин шарттарына, аманат боюнча пайыздарды эсептөө жана төлөө тартибине, тараптардын укуктарына жана милдеттерине көңүл буруңуз.
Сиз салым кошкондон кийин колуңузда, жок эле дегенде, эки документ калышы керек:
Аларды келишимдин шарттары боюнча акча каражаттары кайтарылганга чейин сактоо зарыл.