Азыркы учурда каржылык коопсуздук жаздыгы, биринчи кезекте, күтүлбөгөн кырдаалга жакшыраак туруштук берүү үчүн зарыл. Топтоо байыртадан эле өтө маанилүү экономикалык фактор болуп келген. Бирок, топтоо маданияты кантип жана кайдан пайда болгон? Муну түшүнүүгө КР Улуттук банкы жардам берди.
КАРАЖАТ ТОПТООЛОР ДЕГЕН ЭМНЕ?
Каражат топтоолор – бул биз азыркы учурда коротпостон, келечекте колдонуу үчүн сактап, инвестициялаган кирешенин бир бөлүгү. Канча сактоо керектиги боюнча бир гана туура көрсөткүч жок. Каражат топотоонун оптималдуу көлөмү кирешенин өлчөмүнө жана жеке каалоолорго жараша болот. Көптөгөн адистер ар бир кирешенин кеминде 10%ын сактоону сунушташат.
Аманаттар ар кандай күтүлбөгөн окуялар болгон учурда финансылык коопсуздукту камсыздайт. Анда каражаттарды кантип сактоо керек деген суроо пайда болот? Каражат топтоолорду ар кандай жолдор менен жана ар кандай жерлерде сактоого болот. Биздин заманда бул, биринчи кезекте, банктык депозит. Накталай акча түрүндөгү аманаттары бар, аларды илгеркидей эле өзгөчө жерлерде: сейфтерде, матрацтын астында, кутучада жана башка ушул сыяктуу жерлерде сактаган адамдар да кездешет.
КУТУЧАЛАР ЖАНА САКТООНУН БАШКА ЖОЛДОРУ: БАЙЫРКЫ ЗАМАНДАН БҮГҮНКҮ КҮНГӨ ЧЕЙИН
«Копилка» (кутуча) деген сөздү айтканда, биринчи элестетилген нерсе - аркасында тыйын салууга тешиги бар кызгылт чочко. Бирок, дайыма эле андай болгон эмес. Адамдар качан жана дүйнөнүн кайсы бөлүгүндө акча, асыл таштар жана зер буюмдарды сактоо үчүн кичинекей идиштерди колдоно баштаганы (айтмакчы, зер буюмдар кутучанын практикалык түрү болгон, анткени аларды дайыма жаныңда алып жүрүүгө мүмкүн болчу) так белгисиз. Кандай болгон күндө да, баарынын принциби бирдей болгон: майда тыйынды салууга ыңгайлуу, бирок кайра чыгарууга кыйын болгон кичинекей сактагыч.
Башында кутучалар формасы боюнча кооз болгон эмес. Аларды гипс менен чоподон жасашкан. Орто кылымдарда кутучаларды азыраак колдонушкан: акчаны же жерге көмүп, казына түрүндө сакташкан, же үйдө жашыруун жерлерде сакташкан — бул кош түбү, жашыруун механизмдер же кулпулар болушу мүмкүн. Кызыгы, кутучалар үйгө жана коомго арналган. Мисалы, Германияда көчөдө коомдук кутучанын жардамы менен кандайдыр бир кайрымдуулук максатына акча сурашкан. Ошондой эле, акча чогултуу максаты жана керектүү сумманы чогултуу керек болгон датасы жазылган жыгач кружка да кутуча катары кызмат кылган.
Байыркы Руста, тыйындын ролун металлдын кесилген ("рубить") бөлүктөрү аткарган кезде, ошондон Орусиянын акча бирдигинин азыркы аталышы "рубль" келип чыккан, кездемеден, булгаарыдан же токулган баштык түрүндөгү сактагычтар колдонулган, алар курга байлап же моюнга тагып жүрүшкөн. Кийинчерээк Руста акчаны "кубышка" деп аталган идиштерге чогултушкан — бул узун, кууш моюндуу чопо идиштер болгон, ага майда тыйындарды салууга ыңгайлуу болгон. Бирок акчаны жана асыл таштарды ташуу үчүн сандыктарга окшош кутулар болгон, алар тактайлардан жасалып, кошумча бекемдик үчүн болот тилкелер менен курчалган. Мындай сандыктар азыркы сейфтердин прототиби болуп саналган.
ЧЫГЫШ ЖӨНҮНДӨ АЙТСАК...
Индонезиядан чочко түрүндөгү 13-16-кылымдарга таандык кутучалар табылган. Эмне үчүн дал ушул чочконун формасы? Себеби индонезия тилинде "селенгам" - кутуча же аманат жана "селенг" - жапайы каман деген сөздөрдүн тамыры бир. Ал убакта европалыктардын буту бул жерлерге баса элек болчу, демек, алардын чочко кутучаларын жаратканын ырастоого мүмкүн эмес. Кытайдан келген чочко түрүндөгү кутучалар белгилүү жана көптөгөн жолдоочулар кутучаны ойлоп табууну Кытай цивилизациясына таандык кылышат. Бул жарым-жартылай бул өлкөдө чочконун гүлдөп-өнүгүүнүн жана байлыктын символу катары кадырланышы менен байланыштуу.
Көчмөндөр жашаган талааларда экономикалык ишмердүүлүктү жаратылыш шарттары жана көчмөн турмуш образы сыяктуу факторлор аныктаган. Мал алмашуу каражаты да, өндүрүштүк экономикалык чынжырдын негизи да болгон. Ошондуктан, мал жана анын саны "кутуча" катары кызмат кылган. Ошого карабастан, көчмөндөр Кытай сыяктуу отурукташкан элдер менен кошуна болуп, бул белгилүү бир таасирин тийгизген. Бул жерде кошуналар менен алмашууда тыйын түрүндөгү акча жардамга келген. Кутучалар көчмөн жана жарым көчмөн турмуш образында кеңири колдонулган материалдардан жасалган. Көбүнчө бул териден жасалган баштыктар болгон, бирок башка көнүмүш материалдар да колдонулган: чопо кумуралар (башка формалар), жыгач кутучалар, ошондой эле асыл таштар, күмүш жана алтын жасалгалар.
БАНК ДЕПОЗИТИ ЖЕ ЗАМАНБАП ДҮЙНӨДӨ КАНТИП ТОПТОО КЕРЕК?
Банк ишинин өнүгүшү, тагыраак айтканда, мыйзамдуу ссудалык пайыздын пайда болушу чоң секирик болду. Бул болсо, жөн гана кутучаларды эмес, жалпысынан адамзаттын технологиялык өнүгүү жолундагы темпин түп-тамырынан бери өзгөрттү. Банктар институт катары пайда болду, ал эми банктык депозиттер кутучалардын бир түрү болуп калды. Бирок, өз акчасын көз алдында көрүү каалоосунан улам банктык ячейкалар да пайда болду.
Банктык депозит — бул банктык салым, ал банкта сактоо жана пайыздык чендер боюнча алдын ала макулдашылган шарттарда жайгаштырылат. Биринчи депозиттер байыркы Грецияда пайда болгон деп эсептелет. Алар, адатта, акчалай эмес, натуралай болгон — алтын, казына, кыймылсыз мүлк жана атүгүл жер. Байыркы грек храмдары биринчи банктар деп эсептесе болот, анда бай адамдар кыймылдуу жана кыймылсыз мүлкүн сактоого калтырышкан. Бул менчиктин коопсуздугун камсыз кылуу үчүн жасалган — ал кезде аны храмдан жакшыраак эч ким кепилдик бере алган эмес, ал күч болгон.
Ошентип, идея акырындык менен Байыркы Римге өткөн. "Депозит" деген сөздүн өзү латын тилинен келип чыккан (depositum - сактоого берилген буюм). Ал жерде алар акчалай эквивалентке ээ болушкан жана байыркы "банкирлер" салымчылардан алган акчаны пайдалана башташкан. Алар көбүрөөк пайда табуу үчүн акчаны берип, акчаны пайдалангандыгы үчүн салымчыларга белгилүү бир пайыз төлөшкөн.
Өнүккөн банк системалары Венецияда 12-кылымдын аягында салыктарды чогултуу жана көзөмөлдөө үчүн пайда болгон. Ошол учурда депозиттер азыркы көрүнүшүнө жакындашкан.
Географиялык ачылыштар жана өнөр жай революциясынан кийин банкта сакталган каражаттарды тескөө боюнча бир документке муктаждык пайда болду, анткени банкка келип, оор каптардагы тыйындарды алып кетүү дайыма эле ыңгайлуу боло берген эмес. Ошентип, кагаз акчанын прототиби болгон чектер пайда болду. Чектер банктык аманаттын логикалык уландысы жана адамзат үчүн алдыга кадам болду.
Чек — бул банктык салым ээсинин банктык салымдан белгилүү бир сумманы пайдалануу укугу жөнүндөгү тил каты, аны банк алдын ала макулдашылган шарттар боюнча кабыл алууга милдеттүү.
КЫРГЫЗСТАНДАГЫ БИРИНЧИ КОММЕРЦИЯЛЫК БАНК
Биздин өлкөдө совет доорунда, бүткүл СССРде болгондой эле, СССРдин Мамлекеттик банкынын Кыргыз республикалык банкы өзүнүн аманат китепчелери жана аманат кассалары менен иштеген. Андан ары, Советтер Союзунун кулашына жакын, 1989-жылы Кыргызстандагы биринчи коммерциялык банкты уюштуруу иштери башталган. 1990-жылы биринчи коммерциялык банк түзүлүп, бир катар коммерциялык банктар пайда болгондон кийин депозиттик эсептер пайда болгон. Эгемендүүлүктүн алгачкы жылдарында советтик ишканалардын ар кандай кеңселеринин кайра уюштурулгандарын эсепке албаганда, 10го жакын жаңы банк пайда болгон.
КР мыйзамы боюнча учурда аманат же депозит – бул Улуттук банктын тиешелүү лицензиясы бар банк, микрофинансылык компаниясы тарабынан аманатчыдан алынган акчанын суммасы, ошондой эле жеке ишкер тарабынан кайтарымдуулук шартында эсептешүү же депозиттик эсепке жайгаштырылган акча каражаттарынын суммасы (бул шарттар толук же жарым-жартылай кайтарымдуулукту же көбүрөөк сумманы кайтарууну караштырабы, жокпу, ага карабастан).
ЗАМАНБАП ДҮЙНӨДӨ ЖАНА БИЗДИН РЕСПУБЛИКАДА КАНТИП ТУУРА АКЧА ТОПТОП, КӨБӨЙТҮҮ КЕРЕК
Акчаны үйдө да, депозиттик эсепте да сактоого болот. Эки варианттын тең өзүнүн жакшы жана жаман жактары бар.
Топтоо жөнүндө сөз кылганда, көбүбүз көбүнчө эки түшүнүктүн бирин түшүнөбүз: "жаздыктын астындагы" акча же банктагы депозит. Биринчи вариант ыңгайлуу, анткени акча күтүлбөгөн жерден керек болуп калса, ар дайым колдо болот. Бирок ал коопсуз эмес жана эч кандай киреше алып келбейт. Экинчи вариант - пайдалуу. Ошол эле учурда, акча банкта ишенимдүү сакталат, бирок ал аларды бир азга "тоңдуруп", жеткиликсиз кылат (же жеткиликтүү, бирок мөөнөтүнөн мурда алып кетсеңиз, пайызсыз).
Азыркы учурда өз каржыңызды көбөйтүүнүн кеминде алты жолу бар — бул акциялар, облигациялар, мамлекеттик баалуу кагаздар, инвестициялык фонддордун пайы, кыймылсыз мүлк, алтын куймалары жана башка көптөгөн нерселер.