Үй бүлө бюджети
Үй бүлө бюджети
Топтолгон жыйым
Топтолгон жыйым
Кредиттер жана карыздар
Кредиттер жана карыздар
Керектөөчүлөр (пайдалануучулар) укугун коргоо
Керектөөчүлөр (пайдалануучулар) укугун коргоо
Финансы жөнүндө
Финансы жөнүндө
Инвестициялоо
Инвестициялоо
Финансылык коопсуздук жана камсыздандыруу
Финансылык коопсуздук жана камсыздандыруу
Салыктар жана чегерүүлөр
Салыктар жана чегерүүлөр
Жаңылыктар
Жаңылыктар

Кардалар даттануулар жана өтүнүчтөр менен кайда жана кимге кайрыла алышат

Керектөөчүлөрдүн (пайдалануучулар) укуктарын коргоо 2019 Жалган куран айынын 01 жарыяланды
Кардалар даттануулар жана өтүнүчтөр менен кайда жана кимге  кайрыла алышат

Финансы-кредит уюмдарынын ар бир кардары даттануу же өтүнүч менен кайрылууга укуктуу. Буга кредитти төлөө графигин өзгөртүү, кассирдин одоно мамиле жасоого жол бериши, сунушталган кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатсыздыгы жана башка көптөгөн алгылыксыз жагдайлар түрткү бериши ыктымал.

Белгиленген эрежеге ылайык ар бир финансы-кредит уюму кайрылууларды кароо жол-жобосун кабыл алууга тийиш. Мындай жол-жобонун бардыгы тууралуу маалымат кардарларга көрүнүктүү болгон жерге илиниши же жайгаштырылышы зарыл. Башкача айтканда, ар бир банкта же финансы-кредит уюмунда жарнамалар жарыяланып туруучу атайы такталар орнотулууга тийиш. Ал эми электрондук формадагы кайрылууларды кароо жол-жобосу финансы-кредит уюмунун расмий сайтында жарыяланат.

Финансы-кредит уюмдарынын башкы кеңсесинде жана филиалдарында финансылык кызмат көрсөтүүлөрдөн пайдалануучулардын кайрылуулары менен иш алып барган атайы кызматкерлер дайындалат, алар телефон аркылуу же түздөн-түз жолуккан учурда кайрылууларды кароо тартиби тууралуу кеңири түшүндүрмөлөрдү берип, зарылчылык келип чыккан шартта кат жүзүндө кайрылууну түзүүгө жардам берет. Телефон номерлери да маалымат такталарында көрсөтүлүүгө жана тигил-же бул уюмдун расмий интернет-сайтында жарыяланууга тийиш.

Кардалар ооз эки (телефон аркылуу) сыяктуу эле, почта байланышы, электрондук почта аркылуу кат жүзүндө кайрылууларды жөнөтүп же болбосо аларды кайрылуулар катталган китепте жазып калтырышы да мүмкүн.

Финансы-кредит уюму аты-жөнүн көрсөтпөстөн, жашырууну жөнөтүлгөн кайрылууларды жана каттарды кароого албайт. Белгиленген тартипке ылайык, бардык кайрылууларда кайрылып жаткан адамдын аты-жөнү, жашаган же орун алган жеринин так дареги, байланыш телефондору жана кайрылуунун кыскача мазмуну чагылдырылышы зарыл. Кат жүзүндө кайрылууларга кол тамга коюлуп, жазылган күнү көрсөтүлүп, тиешелүү тастыктоочу документтер кошо тиркелиши талап кылынат.

Ооз эки кайрылгандарга дароо жооп берилет. Ал эми кат жүзүндөгү кайрылуулар 30 календардык күн ичинде кароого алынат. Кат менен кайрылган адамга милдеттүү түрдө жооп берилиши зарыл.

Албетте, банктар же кайсыл болбосун финансы уюму керектөөчү каалаган жоопту бере албашы мүмкүн. Бул багытта жүргүзүлүп жактан иштер тууралуу Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына отчет берип турушат. Улуттук банктын адистери келип түшкөн отчетторду кылдат кароого алуу менен кошумча маалыматтарды талап кылып, бул боюнча иликтөө  ишине катышуусу да мүмкүн.

Эгерде укук бузууларга жол берилди деп эсептеп же бул боюнча  финансы-кредит уюмуна кайрылып, бирок анын чечимине макул болбогон шартта Улуттук банкка кайрылууга болот. Укук бузулгандыгы тастыкталган шартта ага жол берген финансы-кредит уюмуна карата Улуттук банк колдонуудагы мыйзам талаптарына ылайык тиешелүү чараларды колдонууга укуктуу.

Даттануулар
Даттануулар
Узактыгы: 01:09
← Макалалардын тизмесине

Төмөнкүлөрдү да окуңүз

1-октябрда электрондук капчыкты идентификациялоонун мөөнөтү аяктайт

1-октябрда электрондук капчыкты идентификациялоонун мөөнөтү аяктайт

Финансы пирамидалары. Алдамчылардын торуна илинбеш үчүн эмне кылыш керек

Финансы пирамидалары. Алдамчылардын торуна илинбеш үчүн эмне кылыш керек

Акчалай каражаттарды эсепке алуу күндөлүгү

Акчалай каражаттарды эсепке алуу күндөлүгү

Финансылык сабаттуулук боюнча тренерлер окутулду

Финансылык сабаттуулук боюнча тренерлер окутулду