Үй бүлө бюджети
Үй бүлө бюджети
Топтолгон жыйым
Топтолгон жыйым
Кредиттер жана карыздар
Кредиттер жана карыздар
Керектөөчүлөр (пайдалануучулар) укугун коргоо
Керектөөчүлөр (пайдалануучулар) укугун коргоо
Финансы жөнүндө
Финансы жөнүндө
Инвестициялоо
Инвестициялоо
Финансылык коопсуздук жана камсыздандыруу
Финансылык коопсуздук жана камсыздандыруу
Салыктар жана чегерүүлөр
Салыктар жана чегерүүлөр
Жаңылыктар
Жаңылыктар

Банктын болочок кардарынын кадыр-баркы

Кредиттер жана карыздар 2025 Теке айынын 04 жарыяланды
Кредиттик тарых

Кредиттер бизнести өнүктүрүүдө жана жарандардын ар кандай товарларды, турак жайларды сатып алуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүдө чоң роль ойнойт. Бирок кредиттер кредитор тарабынан текшерүүдөн өткөндөргө гана берилет. Кредит алууга арызды кароодо ар кандай кредиттик уюм потенциалдуу карыз алуучунун кредиттик тарыхын сөзсүз түрдө талдайт.

Кредиттик тарых – бул адамдын качан жана кайсы финансылык-кредиттик уюмдардан кредит алганы жана кредиторго канчалык тартиптүү төлөгөндүгү жөнүндө маалымат. Башкача айтканда, бул банктын же микрофинансылык уюмунун (МФО) келечектеги кардарынын алар менен иштешип тапкан репутациясы. Өнүккөн өлкөлөрдө, анда ар бир тургун дээрлик бардыгын кредиттик каражаттарга сатып алат, эбактан бери жөнөкөй формула иштейт: кредиттик тарых жок – кредит жок!

Ар бир кредит алуу үчүн кайрылганда, кредиттик уюмдун кызматкери сөзсүз түрдө кредиттик отчетту суратууга жана берилген кредит жөнүндө маалыматты кредиттик бюросуна берүүгө макулдук берүү формасына кол коюуну суранат. Кредиттик бюросуна маалымат финансы-кредиттик уюмдардан түзүлгөн келишимдин негизинде жана карыз алуучунун макулдугу болгондо гана келип түшөт.

Кредиттик бюро – бул кредиттик маалыматты чогултуу, иштеп чыгуу жана сактоо менен иштеген көз карандысыз уюм. Кредиттик бюрого жеке жана юридикалык жактарга, жеке ишкерлерге берилген кредиттер жөнүндө маалымат келип түшөт. Учурда эң чоң маалымат базасы 2003-жылдан бери 2,7 миллиондон ашык кредиттик тарыхты чогулткан "Ишеним" кредиттик бюросунда жайгашкан.

Айрымдар кредиттик бюро карызды өз убагында төлөбөгөн карыз алуучулардын "кара тизмесин" түзүп, алар мындан ары кредиттик ресурстарга жете албай калат деп эсептешет. Тилекке каршы, кредиттик бюро жөнүндөгү мындай туура эмес түшүнүктүн жайылышына банктардын жана микрокаржы уюмдарынын кызматкерлери да өбөлгө түзүүдө. Бул кредиттик бюронун ишин түшүнүүгө болгон таптакыр туура эмес мамиле. Кредиттик бюро кредиттер жөнүндө бардык маалыматты, берилгенден баштап акыркы төлөмгө чейин чогултат. Бул маалымат кредиттик бюродо сакталат жана финансылык-кредиттик уюмдардан суроо-талаптар келип түшкөн сайын берилет. Кредиттик тарыхта алынган маалыматтын негизинде финансылык-кредиттик уюм потенциалдуу карыз алуучуга болгон ишеним деңгээлин өз алдынча аныктайт, ал менен биргелешкен кызматташуу канчалык ийгиликтүү болорун болжолдойт жана тигил же бул кредиттик тарыхы бар адамга кредит берүү же бербөө чечимин кабыл алат. Баса, кредиттик тарых карыз алуучулар боюнча гана эмес, кепилдик берүүчүлөр боюнча да түзүлөт. Ошондуктан, акыркысы буга көңүл бурууга арзыйт.

Эгерде кредиттик тарыхыңызда кредит төлөө боюнча бардык милдеттенмелерди кемчиликсиз жана өз убагында аткарганыңыз көрсөтүлсө, анда мындай кредиттик тарых позитивдүү (жакшы) деп эсептелет жана бул кредитти ыңгайлуу шарттарда алууга өбөлгө түзөт. Мындай карыз алуучу банк же микрофинансылык уюм үчүн каалаган кардар болот, ар бир кредитор ага өзгөчө көңүл буруп, кредит берүүнүн ыңгайлуу шарттарын сунуштоо менен кармап калууга аракет кылат. Ошондуктан, ар бир потенциалдуу карыз алуучу биринчи кредитин алгандан баштап өз милдеттенмелерин өз убагында аткарып, кредиттик тарыхындагы маалыматтын тууралыгын, башкача айтканда, өзүнүн ишкердик беделин көзөмөлдөшү керек, ошондо кредиттик тарыхы ага ар дайым жардам берет.

Эгерде кредиттик тарыхта кредит боюнча милдеттенмелерди өз убагында аткарбоо тууралуу маалымат болсо, башкача айтканда, мөөнөтү өтүп кеткен же тартипсиздикти көрсөткөн башка маалымат болсо, анда, тилекке каршы, мындай кредиттик тарыхы бар адамга кредитор кредит берүүнүн анча пайдалуу эмес шарттарын сунуш кылышы же кредит берүүдөн баш тартышы мүмкүн.

Ар бир жаран өзүнүн кредиттик тарыхындагы маалыматтын тууралыгын текшерүү үчүн кредиттик бюросуна кайрылып, аны жылына бир жолу акысыз ала алат. Эгерде карыз алуучу же кепил болуучу, атүгүл мурункусу дагы, кредиттик тарыхтагы маалымат так эмес же туура эмес деп эсептесе, ал ар дайым кредиттик бюросуна кайрылып, КРнын мыйзамдарынын чегинде бардык так эместиктерди тактап, оңдоого болот. Кредиттик тарых карыз алуучуга (кепил болуучуга) өздүгүн тастыктоочу документтерди көрсөткөндө же нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн ишеним каттын негизинде жеке өзүнө берилет. Карыз алуучу жазуу жүзүндө кайрылып, так почта дарегин көрсөтүп, паспортунун көчүрмөсүн тиркесе, кредиттик тарыхты почта аркылуу берүү мүмкүнчүлүгү каралган. Кредиттик тарыхта кредитти берүү жана төлөө бөлүгүндө каталар болгон учурда, аларды талашуу үчүн түздөн-түз кредиторго кайрылуу эң жакшы, ал зарыл болгон учурда кредиттик тарыхты өзү оңдой алат.

← Макалалардын тизмесине

Төмөнкүлөрдү да окуңүз

Акча алиппеси. 4-бөлүк

Акча алиппеси. 4-бөлүк

Акча алиппеси. 5-бөлүк

Акча алиппеси. 5-бөлүк

Финансылык сабаттуулук боюнча тренерлер окутулду

Финансылык сабаттуулук боюнча тренерлер окутулду

Финансылык жүрүм-турум

Финансылык жүрүм-турум