Үй бүлө бюджети
Үй бүлө бюджети
Топтолгон жыйым
Топтолгон жыйым
Кредиттер жана карыздар
Кредиттер жана карыздар
Керектөөчүлөр (пайдалануучулар) укугун коргоо
Керектөөчүлөр (пайдалануучулар) укугун коргоо
Финансы жөнүндө
Финансы жөнүндө
Инвестициялоо
Инвестициялоо
Финансылык коопсуздук жана камсыздандыруу
Финансылык коопсуздук жана камсыздандыруу
Салыктар жана чегерүүлөр
Салыктар жана чегерүүлөр
Жаңылыктар
Жаңылыктар

QR-код аркылуу төлөмдөрдү жүргүзүү.

Финансы жөнүндө 2022 Жетинин айынын 29 жарыяланды
QR-код аркылуу төлөмдөрдү жүргүзүү.

Жөнөкөй тил менен айтканда QR-код деген эмне?

Бул белгилүү бир маалыматты камтылган,  ак-кара түстөгү сүрөт. Ал интернет-сайтка, товарлардын электрондук каталогуна же мобилдик тиркемеге шилтеме болушу ыктымал. Коддун аталышындагы  QR тамгалары «QuickResponse», башкача айтканда «ыкчам жооп» дегенди билдирет. Телефонуңуз көз ирмемде андагы маалыматты окуп, шилтеме боюнча өтүп, товар же кызмат акысын төлөй алат.

Чынында  QR-кодду колдонуу жашооңузду бир топ эле жеңилдетет. Анын жардамы менен маалыматка ээ болуп, же бир басып эле товарларды, кызматтарды ала аласыз. Эки жакка байкоо салсаңыз,  шифрленген шилтемеси бар сүрөттөр бардык жерлерде:  этикеткаларда, көчөлөрдө, интернетте кездешет.

2018-жылы Кыргызстандарт  QR-коддун улуттук стандартын кабыл алган.

2019-жылы Улуттук банк  Эки өлчөмдүү штрихкод белгилерин колдонуу менен төлөмдөрдү өткөрүү эрежелерин бекиткен, анда которууларды жана төлөмдөрдү жүргүзүүдө төлөм рыногунун бардык катышуучулары аталган улуттук  QR-кодду колдонууга милдеттендирилген.

Ушуга байланыштуу, соода түйүндөрүндө, интернет магазиндерде, кафе, ресторандарда  жана башка  QR-код орнотулган/чапталган бардык жерлерде  товарларга жана кызмат көрсөтүүлөргө төлөмдөр  үчүн колдонууга болот.  

Кыргызстандагы улуу муун үчүн бул жаңылык болсо,  QR-код жаштардын жашоосунун ажырагыс бир бөлүгү болуп калды.

QR-кодду пайдалануу үчүн эмне зарыл? Мунун эч кыйынчылыгы жок. Дээрлик ар бир смартфондун менюсунда атайын сканер же камера бар, анын жардамы менен QR-кодду окуп, керектүү маалыматты алып же товар, кызмат үчүн акы төлөй аласыз. Төлөм QR-кодун окуганда сиздин банк картаңыздан, электрондук капчыгыңыздан же банк операцияларын ишке ашырууга мүмкүндүк берген башка бир мобилдик тиркемеден акча каражаты алынат.

QR-кодду колдонуунун бир топ артыкчылыктары бар, алсак колдонуу оңой, киргизүү арзан, коопсуздукдун жогорку деңгээли ж.б. Мисалы,  дүйнөдө QR-кодду киргизүү анын артыкчылыктарын жана жөнөкөйлүгүн көрсөтүп, экономикалык көрсөткүчтөргө оң таасирин тийгизди. Ошондой эле аны финансы чөйрөсүндө колдонуу коопсуз экенин баса белгилей кетели. Банк картасын уурдап кете алышат, ал эми  QR-кодду сиз телефондо гана колдоносуз, бул коопсузураак экени талашсыз.  

Бул системанын артыкчылыктары:

  • окуу жана сканерлөөнүн жөнөкөйлүгү, бул маалыматты көз ирмемде электрондук түргө өткөрүүгө мүмкүндүк берет, колго терип отуруунун кажети жок.
  • кошумча жабдууга муктаждык болбойт.
  • колуңузда картанын болушу зарыл эмес.
  • төлөм үчүн алдын ала жүктөлгөн банктык төлөм тиркемеси колдонулат.
  • QR -коддорду окуп же түзүш үчүн акысыз атайын тиркемелер бар.

Колдонуу чөйрөсүнө карап  статикалык жана динамикалык  QR-коддор пайдаланылат. Биринчиси, кодду түзгөндөн кийин аны редакциялоо мүмкүн болбогон маалыматты камтыйт. Алар жеке пайдаланууга, мисалы,  Wi-Fi туташтыруу үчүн тууралоолорду жүргүзүүгө, визиткаларды түзүүгө, кызматкерлерди идентификациялоого, окуялардын белгилерин, продукты боюнча техникалык документацияларды түзүүгө жол ачат.

Динамикалык QR-коддо болсо, ал түзүлгөндөн кийин деле  маалыматты редакциялап, жаңылап, өзгөртсө болот.  Мындай түрдөгү коддор бизнес жана маркетинг максаттарына көбүрөөк туура келет. Жарнамалык кампаниянын алкагында  QR-коддордун жардамында ар бир сканерлөө боюнча статистиканы чогултуп, өлчөсө болот. Супермаркеттерде, ресторандарда, интернет-дүкөндөрдө жана башка жактарда төлөмдөрдү кабыл алуу үчүн  динамикалык  QR-кодду пайдаланса болот. Ал өзүнө төлөмдүн уникалдуу кодун, алуучунун реквизитин жана сатып алуунун суммасын камтыйт. Бул сатуучу үчүн да, сатып алуучу үчүн да ыңгайлуу.

Сизде тиркеме бар, бирок сиз товар же кызмат акысын  QR-кодду пайдалануу аркылуу төлөөнү каалайсыз. Эмне кылуу керек? mGooglePlayMarket же AppStoreдон агенттин банктык төлөм тиркемесин/электрондук капчыгын/мобилдик тиркемесин жүктөңүз:

  • Смартфонуңузда тиркемени ачыңыз;
  • Катталып жана тиркемеде идентификациядан өтүңүз;
  • Төлөө каражатын кошуңуз (банк картасын/эсеп номерин/электрондук акча)
  • Анда «QR код менен төлөө – QR кодду сканерлөө» дегенди табыңыз (ар башка тиркемеде аталышы башкача болушу мүмкүн);
  • Камераны  QR-кодго туштаңыз;
  • «Төлөө» же «Тастыктоону» басыңыз

QR-кодду кантип түзсө же алса болот? Мунун эч кыйынчылыгы жок. Интернетте ашыкча күч, убакыт коротпой, кодду бат даярдай турган сервистер толтура. Ал графикалык файл же сүрөт катары генерацияланып,   компьютерде сакталышы мүмкүн. Андан кийин аны визиткада, веб-сайтта, продукцияда, поезд үчүн билетте жайгаштырып, электрондук почта же билдирүү аркылуу жөнөтсө болот. Сиз бул аркылуу колдонуучулар үчүн бренддин таанымалдуулугун жогорулатып жана көптөгөн башка процесстерди жеңилдетесиз.

Сатуу жана тейлөө бөлүмдөрүндө төлөмдү кабыл алууда QR-кодду колдонуу сатуучунун эсеп-кассасы аркылуу тейлөөгө кеткен убактысын үнөмдөйт, кошумча жабдыкты орнотуу талап кылынбайт, кардарларды тейлөөнүн ылдамдыгын жана сапатын жогорулатат. Бул өз кезегинде сатуунун көлөмүн жана кирешени көбөйтөт.

Жыйынтык чыгара турган болсок, QR–код түрүндө маалыматты шифрлөө кеңири колдонулууда. QR-коддун келечеги ал жакынкы жылдары түрдүү тармактарга  канчалык кеңири таралышынан көз каранды. Эксперттердин пикиринде, ал көпкө чейин актуалдуулугун жоготпойт. Продукцияларды интерактивдүү жана кызыктуу кылуу үчүн жарнама жана кардарларга маалымат жеткирүү максатында QR-коддор активдүү колдонулат. Муну менен документтерге,сайттарга жана башка маалыматка тез жана жеңил жетүү мүмкүнчүлүгү түзүлөт.

← Макалалардын тизмесине

Төмөнкүлөрдү да окуңүз

Акча каражатын сактоонун кандай эрежелери бар?

Акча каражатын сактоонун кандай эрежелери бар?

1-октябрда электрондук капчыкты идентификациялоонун мөөнөтү аяктайт

1-октябрда электрондук капчыкты идентификациялоонун мөөнөтү аяктайт

Кредит деген эмне?

Кредит деген эмне?

Каражат топтоо деген эмне жана ал эмнеге керек?

Каражат топтоо деген эмне жана ал эмнеге керек?