Үй бүлө бюджети
Үй бүлө бюджети
Топтолгон жыйым
Топтолгон жыйым
Кредиттер жана карыздар
Кредиттер жана карыздар
Керектөөчүлөр (пайдалануучулар) укугун коргоо
Керектөөчүлөр (пайдалануучулар) укугун коргоо
Финансы жөнүндө
Финансы жөнүндө
Инвестициялоо
Инвестициялоо
Финансылык коопсуздук жана камсыздандыруу
Финансылык коопсуздук жана камсыздандыруу
Салыктар жана чегерүүлөр
Салыктар жана чегерүүлөр
Жаңылыктар
Жаңылыктар

Финансылык жүрүм-турум

Финансы жөнүндө 2022 Жетинин айынын 23 жарыяланды
Финансылык жүрүм-турум

Финансылык жүрүм-турум - бул адамдын өзунун жеке каражатына болгон мамилеси. Башкача айтканда, акчаны иштеп таап кайра коротушу. Бул жакка  мүмкүн болгон бардык тобокелдиктерди эске алуу менен адамдын акчаны пландоо, сактоо, карызга алуу, жумшоо жана сатуу-сатып алуу аракеттери кирет.

Финансылык продуктуларын, финансылык рыногунун иштөө принциптерин  билбеген адам финансы ландшафтынын кыйма-чийме жолдорунда оңой эле адашып кетиши мүмкүн. Финансы продуктуларын жана кызматтарын пайдаланып жатканда, кыйынчылыктарга туш болгон адам тигил же бул финансы инструменттерине акча салуунун артыкчылыктарына баа бере албай калышы ыктымал. Көпчүлүк финансы рыногунун иштөө принциптерин билишпейт, ошондой эле  узак мөөнөткө өз бюджетин пландаштырбайт.

Азыркы кезде финансылык жүрүм-турум негизсиз  ашыкча керектөөгө негизделген, көп учурда негизсиз сарптоолор десек болот. Биз сиздерге киреше менен чыгашаны анализдөөнүн маанилүү экендигин, анын арты менен үнөмдүү жашоого болорун айтып беребиз.

Эң алгач сатып алууларды үнөмдөөдөн баштайлы.

Үнөмдөлгөн - тапкан дегенди билдирет.

Дүкөндө акча сактоого жардам бере турган бир нече кеңеш:

  • Азык-түлүк сатып алууга бара жатып тизме түзүп алыңыз жана тизме боюнча сатып алганга аракет кылыңыз. Керектүүсүн гана алыңыз. Базарга же дүкөнгө ачкарын барбаңыз. Болбосо керектүү товардан көп товар сатып алышыңыз мүмкүн.
  • Бренд продуктуларынан баш тартыңыз. Анчалык аты чыкпаган бренддердин товарларын алуу сизди аталышы үчүн эле ашыкча акча төлөөдөн куткарат. Мисалы, дарыны алалы. Курамы окшош болгон бир эле ошол дары  жарыяланган  аналог товардан бир топ арзан болушу мүмкүн
  • Досторуңуздун, кошуна же туугандарыңыздын артынан кууп кереги жок. Балким, алар ири сатып алууларды   бир нече жыл мурда пландаштырган. Андан көрө, автоунаа сатып алууну же үйдү оңдоо иштерин пландаштырыңыз, керектүү сумма чогулган учурда ишке киришиңиз.
  • Интернет-дүкөндөрдү өздөштүрүңүз. Сатып алуунун мындай түрү кийим-кече, азык-түлүк жана башка товарларды кыйла үнөмдүү сатып алууга мүмкүндүк берет.

Супермаркетке барганда сиз маркетологдордун торуна кабыла турганыңызды эстен чыгарбаңыз. Супермаркетке башка бир товарга барып, аны унутуп эле башка анчалык керек эмес товарларды тоодой үйүп чыккан учурларга көбүбүз туш болгонбуз. Мындай учурларда, бизди көбүрөөк сатып алууга мажбурлашты десек болот. 

Бардык эле супермаркеттер - бул татаал лабиринт. Сиз керектүү товарды издеп көпкө жүрөсүз дейли, ошол товарды издеген жолуңузда ар түркүн товарлар көзгө урунат, өзүңүз ошол товардын жанына кантип барып калганыңызбы билбей каласыз. Ошентип сиздин себетиңиз  супермаркетке кирип жатканда алам деп ойлобогон көптөгөн товарларга толуп чыгат.

Жай жаңырган музыка, изилдөөлөргө ылайык, бизди көп акча коротуп, бир нерселерди капысынан эле сатып алууга түртөт экен. Товарлардын тизилип турушу да кардарлардын аң-сезимин башкарууга, бир нерселерди сатып алууга түркү берет экен. Дүкөндөр эң кымбат товарларды көздүн деңгээлинде тизет, бюджеттик товарды астына тизет.

Арзан товарлар адатта кассалардын алдына коюлат. Кезек күткөн адамдар аларды карап, ала башташат. Мындай товарлар арзандыгы менен көңүл бурдурат. Бирок кассада узак турсаңыз, арзанына карап ала берген товарларыңыздын жалпы баасы бир топ суммага  барышы мүкүн.

Үй-бүлөлүк бюджетти пландоону үйрөнүңүз.

Пландоо боюнча  көптөгөн мисалдар бар. Эң эле жөнөкөйү - дептер ачыңыз, аны эки тилкеге бөлүңүз. Бирөөсүнө ай ичинде келген бардык кирешелерди жазасыз: айлык акы, пенсия, жөлөк пул, сый акы, белектер. Ошентип, келип түшкөн пайданын  жалпы суммасы сиздин бир айлык кирешеңиз болот. Кийинки тилкеге бардык чыгашаларды тизмектейбиз, анын ичине зарыл төлөмдөрдү, мобилдик байланыш, коммуналдык төлөмдөр, эгер болсо кредиттер, ошондой эле пландалбаган чыгашаларды киргизебиз. Булардын жалпы суммасы - сиздин чыгашаңыз болот. Киреше менен чыгашанын ортосундагы айырма бир ай бою сиз колдоно турган акчаңыз болот. Эгерде бул акчаны туура бөлүштүрсөңүз, кийинки айлыкка чейин карызга батпайсыз.

Бюджетти пландаштыруу.

Ашыкча сарптоодон алыс болуу үчүн бюджетти пландоонун төмөнкү жөнөкөй эрежелерин колдонууну сунуш кылабыз:

  • Финансылык сарптоого байланышкан каалооңузду көзөмөлдөңүз.
  • Жагдай өзгөрсө, бюджетиңизге түзөтүүлөрдү киргизиңиз.
  • Финансылык чечимдериңиз үчүн жоопкерчилик алыңыз жана ал чечимдердин натыйжаларын аңдап билиңиз.
  • Финансылык туруктуулукка умтулуңуз. 

← Макалалардын тизмесине

Төмөнкүлөрдү да окуңүз

Акча каражатын сактоонун кандай эрежелери бар?

Акча каражатын сактоонун кандай эрежелери бар?

Көңүл бургула!!!

Көңүл бургула!!!

Накталай эмес төлөмдөрдүн артыкчылыктары

Накталай эмес төлөмдөрдүн артыкчылыктары

QR-код аркылуу төлөмдөрдү жүргүзүү.

QR-код аркылуу төлөмдөрдү жүргүзүү.