Үй бүлө бюджети
Үй бүлө бюджети
Топтолгон жыйым
Топтолгон жыйым
Кредиттер жана карыздар
Кредиттер жана карыздар
Керектөөчүлөр (пайдалануучулар) укугун коргоо
Керектөөчүлөр (пайдалануучулар) укугун коргоо
Финансы жөнүндө
Финансы жөнүндө
Инвестициялоо
Инвестициялоо
Финансылык коопсуздук жана камсыздандыруу
Финансылык коопсуздук жана камсыздандыруу
Салыктар жана чегерүүлөр
Салыктар жана чегерүүлөр
Жаңылыктар
Жаңылыктар

Улуттук банктан санарип сом тууралуу эмнелерди билүү керек — негизги маалыматтар

Финансы жөнүндө 2025 Бугу айынын 29 жарыяланды
Улуттук банктан санарип сом тууралуу эмнелерди билүү керек — негизги маалыматтар

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы улуттук валютанын жаңы формасын — санарип сомду ишке киргизүүгө даярданууда. Апрель айында эле тестирлөө этабы башталат, анын алкагында жөнгө салуучу негизги функцияларды иштеп чыгат. Санарип сом деген эмне, ал кантип иштейт жана качан жүгүртүүгө чыгарылат, айтып беребиз.

Санарип сом деген эмне?

Санарип сом – бул Кыргыз Республикасынын накталай жана накталай эмес эсептешүү формалары менен катар колдонулуучу санарип формадагы улуттук валюта. Алардын ар бири бири-бирине эквиваленттүү валюта болуп эсептелет. Акча ээлери сомду бир формадан экинчи формага которуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат.

Санарип сомдун укуктук статусу

2025-жылдын 20-мартында Жогорку Кеңеш мыйзамга санарип сомдун укуктук статусу боюнча бир катар өзгөртүүлөрдү үчүнчү окууда жактырган. Алар 2027-жылдын январында күчүнө кирет. Мыйзам долбооруна ылайык, санарип сом Кыргызстанда мыйзамдуу төлөм каражаты катары колдонулат.

Санарип сом прототибин сыноо качан башталат?

Санарип сомду тестирлөө иштери апрель айынын ортосунда бир нече этап жана төмөнкү кейстер боюнча жүргүзүлө баштайт: эмиссия, бир санарип капчыктан экинчисине которуу, мамлекеттик төлөмдөр жана оффлайн төлөмдөр.

Оффлайн төлөмдөр деген эмне?

Санарип сом оффлайн-төлөмдөрү – бул интернет байланышы жок учурда же байланыш начар болгондо/үзгүлтүккө учураганда, коммуникация байланыштары өчүрүлгөн учурда да бир санарип капчыкты колдонуучудан экинчи колдонуучуга төлөмдөрдү жүргүзүүлөр жана которуулар.

Смарт-контракт деген эмне?

Санарип сом платформасындагы акылдуу келишимдер – бул санарип сом платформасында катышуучулар ортосунда түзүлүүчү санарип келишим.

← Макалалардын тизмесине

Төмөнкүлөрдү да окуңүз

Топтолуучу пенсия: Соцфонддо каражаттарды пайдалануунун жаңы мүмкүнчүлүктөрү тууралуу айтып беришти

Топтолуучу пенсия: Соцфонддо каражаттарды пайдалануунун жаңы мүмкүнчүлүктөрү тууралуу айтып беришти

Керемет Көч (финансылык сабаттуулук боюнча атайын сериясы)

Керемет Көч (финансылык сабаттуулук боюнча атайын сериясы)

QR-код аркылуу төлөмдөрдү жүргүзүү.

QR-код аркылуу төлөмдөрдү жүргүзүү.

Инвестициялар бай болууга кандайча көмөк берет?

Инвестициялар бай болууга кандайча көмөк берет?