Кредит алуу максаттарга жетүүгө жардам берет, бирок ошол эле учурда сиздин жана сиздин үй-бүлөңүздүн акчаны кайтаруу боюнча милдеттенмелери пайда болот. Ошондуктан, карызга акча алардан мурун, өзүңүзгө төмөнкү суроолорго жооп бериңиз: карызды төлөөгө күчүм жетеби, өз убагында төлөй аламбы, финансылык абалым андан бетер начарлап кетпейби?
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, кредит – бул карыз алуучунун кредитор алдындагы кредиттин суммасын кайтарып берүү жана аны берүү жана пайдалануу үчүн пайыздарды жана башка төлөмдөрдү төлөө боюнча акчалай милдеттенмеси.
Кредиттердин ар кандай түрлөрү бар: банктык кредиттер, банктык эмес финансы-кредиттик мекемелер тарабынан берилген кредиттер, товардык жана коммерциялык кредиттер.
Мындан тышкары, кредиттин төмөнкү түрлөрү бар, бирок алар калкка жеткиликтүү болгон кадимки кредиттерге кирбейт, булар:
Кредиттер мөөнөтү боюнча төмөнкүдөй бөлүнөт:
Кредиттин көлөмү боюнча майда, орто жана ири болуп бөлүнөт. Адатта, эң ири кредиттер иштеп жаткан бизнести өнүктүрүү үчүн берилет.
Колдонуу максатына жараша кредиттердин төмөнкү түрлөрү бар:
"Карыздык чуңкур" деген түшүнүк бар. Илгери, эгер адам карыздарын төлөй албаса, аны чуңкурга отургузушчу. Азыркы учурда "карыздык чуңкур" термини каймана мааниге ээ жана карыздар кирешеден кыйла ашып кеткен учурда түшүнүлөт.
Акылга сыярлык карыз алуунун мисалы | Кооптуу карыз алуунун мисалы |
Кайсы максаттарга карыз алынган? | |
Үй-бүлө үчүн турак жай сатып алууга / курууга, өз бизнесин ачууга/өнүктүрүүгө, балдардын билим алуусуна, активдерге салууга (инвестиция). | Акылга сыйбаган каалоолорду аткарууга, кумар оюндарында колдонууга, мурунку карыздарды төлөөгө. |
Карыздын суммасы | |
Алган карыздын суммасы төлөөгө жөндөмдүүлүгүңүзгө туура келет. | Карыздын суммасы сиз төлөй алгандан жогору. |
Карызды "туура" алыңыз | |
Күтүлбөгөн финансылык чыгымдар үчүн коопсуздук жаздыгын түзүңүз. | Күтүлбөгөн финансылык жагдайлар карызды төлөөгө мүмкүн болбой калышына алып келди. |
Карыздарын төлөөдө кыйналган адамдардын эң чоң катасы – учурдагы төлөмдөрдү жабуу үчүн жаңы кредиттерди алуу. Ошентип, алар өздөрүнө дагы чоң карыздык чуңкур казып алышат.
Бул абалдан чыгуунун бирден-бир жолу - өз акчаңды колдонууну катуу көзөмөлдөө, тактап айтканда, чыгашаларды так жана пландуу түрдө азайтуу жана кирешелерди көбөйтүү.
Займ/кредит алардан мурун, анализ жасаңыз:
Жарнамага гана ишенип же туугандардын жана тааныштардын кеңешин уга бербеңиз. Банктар жана микрофинансы уюмдары кандай шарттарды сунуштай турганын өз алдынча изилдеңиз. Көптөгөн карыз алуучулар чоң ката кетиришет: алар биринчи эле кезиккен жерге барып, биринчи сунушка макул болушат. Эң ылайыктуу вариантты тандоо үчүн бир нече кредитти изилдөө сунушталат. Бул пунктка убакыт бөлүүгө эринбеңиз. Бул каталардан качууга жана акчаңызды сактоого жардам берет.
Эсиңизде болсун: кредитти киреше тапкан валютада алган жакшы. Анткени келишим чет элдик валютада түзүлсө, бардык валюталык тобокелдиктерди банк автоматтык түрдө карыз алуучуга жүктөйт.
Андан кийин документтерди чогултуп, арыз тапшырып, кредиттик келишимге кол коёсуз. Мына ушул жерде өтө этият болуу керек. Келишимде жазылгандын баарын окуп чыгыңыз. Баарын толугу менен. Муну келишимге кол коюудан мурда жасаш керек. Банкта муну жасоодон тартынбаңыз. Мындай мамиле келишимден жагымсыз сюрприздерди же сизге туура келбеген шарттарды тапкандан алда канча жакшы. Ар бир кредиттик мекеме сиздин талабыңыз боюнча кредиттик келишимдин текстин 1-3 күнгө чейин изилдөө үчүн берүүгө милдеттүү. Кредиттик келишимди келишимдин бардык шарттарын түшүнүп, анын бардык кесепеттерин так элестеткенден кийин гана кол коюу керек.
Кредит айрым учурларда жардамга келе алат, бирок аны алуу дайыма эле максатка ылайыктуу боло бербейт. Төлөөгө жөндөмдүүлүгүңүздү, максатка ылайыктуулугун жана карыздык милдеттенмелерди өз убагында алууну баалоодон тышкары, пайдасыз кредиттик сунуштардын белгилерине көңүл буруу зарыл:
Ошондой эле карыз алуучунун эскертмеси менен таанышууну сунуштайбыз - https://www.nbkr.kg/contout.jsp?item=2285&lang=KGZ&material=36691 .