Үй бүлө бюджети
Үй бүлө бюджети
Топтолгон жыйым
Топтолгон жыйым
Кредиттер жана карыздар
Кредиттер жана карыздар
Керектөөчүлөр (пайдалануучулар) укугун коргоо
Керектөөчүлөр (пайдалануучулар) укугун коргоо
Финансы жөнүндө
Финансы жөнүндө
Инвестициялоо
Инвестициялоо
Финансылык коопсуздук жана камсыздандыруу
Финансылык коопсуздук жана камсыздандыруу
Салыктар жана чегерүүлөр
Салыктар жана чегерүүлөр
Жаңылыктар
Жаңылыктар

Кредитти кантип алууга болот?

Кредиттер жана карыздар 2019 Жалган куран айынын 01 жарыяланды
Кредитти кантип алууга болот?

Үй-жайды дароо ремонттон өткөрүү, иштейбей калган муздаткычтын ордуна жаңысын сатып алуу,  ай сайын ижара төлөмүн төлөгөнчө батир сатып алуу – бул бардыгыыбызга  эң эле тааныш болгон күндөлүк көйгөйдөн. Мындан тышкары, алдын ала болжолдоп, эсептеп пландаштырууга болбогон ири масщтабуу пландар да  бар эмеспи... Түйшүгү түмөн азыркы учурда көкөй кести көп көйгөйдү кредит аркылуу чечип алууга кеңири мүмкүнчүлүк түзүлүп жаткан азыркы учурда эң оболу кредит деген түшүнүктү  чечмелеп алуу зарыл. Анткени анда кылдат ойлонуп, алдын ала чечип алууну талап кылган маселелер камтылган. Эң башкысы, кредит алуу жана аны өз учурунда кайтарып берүүнүн негизги эрежелерин билип алуу зарыл.

Алдын ала болжолдонгон чыгашаларды жана келип түшүүчү кирешелерди салыштырып көрүп, кредит алуу зарылбы же жокпу деген маселени караштырып,  мүмкүнчүлүгүңөргө баа берүү талап кыланат. Анткени алган акчаны пайыздары менен кошо өз учурунда кайтарып берүү жоопкерчилиги карыз алуучуга гана жүктөлөт эмеспи...

Кредит алуу зарыл деп эсептеген болсоңуз, эң оболу коммуналдык кызматтарга, тамаш-азыктарын сатып алууга, жол киреге канча акча  сарпталаарын эсептегенден кийин калган акчаны тең бөлүштүргөн соң, ай сайын банкка төлөп туруучу сумма келип чыгат. Ошентип, кредитти төлөөгө жөндөмдүүлүк калькуляторун түзгөн болосуз.

Кредиттин кайсыл түрүн алуу сиз үчүн ыңгайлуу экендигин тандоо кийинки кадам болуп саналат. Кредиттер максатуу жана максатсыз (керектөө) креиттерине бөлүнөт. Максатуу кредиттер аталышы эле айтып тургандай, айкын бир максаттарга мисалы: курулушка, мал чарбачылыгына, бизнести өнүктүрүүгө, окутууга ж.б. багытталат. Кредиттин бул түрү максатсыз кредиттерге караганда алда канча арзанга турат, анткени банк алардын өздөштүрүлүшүнө кылдат көз салып туруу мүмкүнчүлүгүнө ээ.

Эмне максатка кредит алууну аныктап алган соң, белгиленген шарттары алгылыктуу болгон банкты тандоо зарыл. Мында айрыкча пайыздык чен өлчөмү, комиссиялык төлөмдөр, күрөөгө жана кепил болуучуларга карата талаптар сыяктуу шарттарга жана кардарларын ой-пикирлерине көңүл буруу талап кылынат.

Натыйжалуу пайыздык ченге көңүл буруу зарыл. Анткени бул кардар үчүн эң маанилүү көрсөткүч. Ал аркылуу комиссиялык төлөмдөрдү, үчүнчү жактардын кызмат көрсөтүүлөрүнө төлөөлөрдү (нотариус, күрөөнү мамлекеттик каттоодон өткөртүү ж.б.) кошо алганда, кредиттин толук наркын аныктоого мүмкүн болот.

Эгерде банктын сайтынан кредит алынган күнү колдонулуп жаткан ченди билген болсоңуз, ал канчага чейин колдонуларына кызыгып көрүү зарыл, анктени кредит алууга билдирмени жылдык 15 пайыздык чен алдында эсептеп бергениңер менен 40 пайыз алдында кайтарып берүүгө туура келип калган жагадйлар көп кездешет.

Кызыктырган ар кандай жарнамаларга, дос-туугандардын ишендирүүлөрүнө толук ишене бербей, өзүңөр талдоо жүргүзүп, банктар жана микрокаржылоо компаниялар сунуштаган шарттарды иликтеп көрүү талап кылынат. Көпчүлүк карыз алуучулар бир эле көргөн жерине барып, алардын сунуштарына дароо макул болуу менен катачылыкка жол берип, карызга батып калган учурлар да көп кездешүүдө. Алгылыктуу вариантты тандап алуу үчүн бир нече кредиттик мекемеге барып, алардын кредиттик продукттарын салыштырып көрүү зарыл. Мындай учурда «Кредиттерди мөөнөттөр боюнча салыштырып көрүү» же «Кредиттерди өздөштүрүү багыты боюнча салыштыруу» инструменттерин пайдалануу талап кылынат.

Айрыкча мындай учурд кредиттик уюмдарда стандарттык формада толтурулган, акысыз такартылуучу баракчалар жардамга келет.

Кредитти кайсыл валютада киреше алган болсоңор ошол валютада алуу ыңгайлуу экендигин эстен чыгарбоо зарыл. Анткени кредиттик келишимди чет өлкө валютасында тариздетүүдө келип чыгышы ыктымал болгон бардык валюталык тобокелдиктин ордун жабуу дароо карыз алуучуга жүктөлөт.

Жогоруда белгиленген шарттарды тактап алган соң, талап кылынган документтерди чогултуп, кредит алууга билдирме берип, келишимге кол коюу гана жетиштүү болот. Кредиттик келишимге кол коюу алдында анын ар бир пункту менен шашылбастан, кылдат таанышып чыгып, түшүнүксүз жерлерин тактап чечмелеп алгандан кийин гана кол коюу талап кылынат. Ар бир кредиттик уюм кредиттик келишим менен таанышып чыгууга 1-3 күндүк мөөнөт берүүгө милдеттүү экендигин да эстен чыгарбоо зарыл.

Кредит боюнча пайыздар
Кредит боюнча пайыздар
Узактыгы: 01:17
Кредиттик таржымал
Кредиттик таржымал
Узактыгы: 01:15
← Макалалардын тизмесине

Төмөнкүлөрдү да окуңүз

Инвестициялар бай болууга кандайча көмөк берет?

Инвестициялар бай болууга кандайча көмөк берет?

Акча алиппеси. 4-бөлүк

Акча алиппеси. 4-бөлүк

Кредит деген эмне?

Кредит деген эмне?

Керектөөчүнүн негизги укуктары жана милдеттери

Керектөөчүнүн негизги укуктары жана милдеттери