Ипотека же башка чоң кредит алганы жатасызбы, бирок терс кредиттик тарыхыңыз баарын бузуп коёт деп коркуп жатасызбы? Коркпоңуз - аны дагы деле жакшыртса болот. Кантип экенин карап чыгабыз.
Сиздин финансылык беделиңиз
Кредиттик тарых – бул карыз алуучунун карыз (кредит) келишими, ошондой эле мыйзамда каралган башка келишим же милдеттенме боюнча өзүнө алган милдеттенмелерин аткаруусун мүнөздөөчү маалымат.
Кредиттик тарыхта карыз алуучунун жеке маалыматтары, ошондой эле анын кредиттери жөнүндө бардык маалыматтар камтылган. Эң негизгиси – карыз алуучу бул кредиттерди кантип кайтаргандыгы. Сиз кайрылган бардык кредиттик мекемелер бул маалыматтарды реестрге берүүгө милдеттүү - "Ишеним" Кредиттик Бюросу (кенен маалымат https://www.ishenim.kg/kg/Page/o_kib шилтемесинде).
Демек, эгерде сизде мурда кредит боюнча мөөнөтү өтүп кеткен төлөмдөр болсо, анда келечекте банктын сизге карызга акча берүүдөн баш тартууга толук укугу бар.
Жакшыбы же жаманбы?
Эгерде сиз кредитиңиз же займыңыз боюнча өз убагында төлөсөңүз же төлөмдөрдү кечиктирүү 30 күндөн ашпаса, анда сиздин кредиттик тарыхыңызды оң деп атоого болот. Эгерде сиз кредитиңиз боюнча төлөбөсөңүз же төлөмдөрдү 90 күндөн ашык кечиктирсеңиз, анда мындай тарых терс деп эсептелет.
Кызыктуусу, эгер сиз мурда эч кандай кредит же карыз албаган болсоңуз жана кепил болбосоңуз, анда "нөлдүк" кредиттик тарых да жакшы эмес. Мындай учурда, чоң кредит алууну чечсеңиз, сизге баш тартышы же эң ыңгайлуу шарттарды бербеши мүмкүн. Себеби банк сизди жөн эле тааныбайт - сиз кандай карыз алуучусуз, жакшыбы же андай эмеспи.
Кредиттик тарыхты кантип түзсө болот?
Кредит алып, өз убагында төлөө. Мисалы, чоң кредит же ипотека алгыңыз келет дейли. Финансылык эксперттер алдын ала кредиттик карта ачып, дүкөндөрдө аны менен төлөп, мөөнөтүн өткөрүп жибербөөнү кеңеш беришет. Ошону менен бирге оң кредиттик тарых түзүлөт. Мисалы, тиричилик техникасын кредитке сатып алсаңыз болот.
Терс кредиттик тарых менен эмне кылуу керек?
Албетте, жакшыртуу керек. Кредиттик тарыхтарды архивде сактоо мөөнөтү дебитордун кредиттик тарыхында камтылган милдеттенмелери жөнүндө маалымат акыркы жолу өзгөртүлгөн күндөн тартып жети жылдан кем болбошу керек, андан кийин жокко чыгарылат, башкача айтканда, кредиттик тарыхтардын тизмесинен чыгарылат. Башкача айтканда, сиз өтө ишенимсиз карыз алуучу болсоңуз дагы, белгилүү бир мөөнөттөн кийин бул маалымат жалпы реестрден жок болот.
Бирок, эгерде насыяны азыр эле алуу керек болуп, ал эми репутация бузулуп калса, анда эмне кылуу керек?
● Жаңы кредит алабыз. Кичинекей кредит алып, аны өз убагында төлөңүз, бул маалыматтар Кредиттик бюросуна түшөт жана тарых акырындык менен жакшырат. Каалаган банкта депозит ачуу дагы ашыкча болбойт. Аны дайыма толуктап туруңуз. Эгерде түшкөн суммалар туруктуу болсо, бул банк үчүн сиздин төлөөгө жөндөмдүү жана төлөмдөрдө тыкан экениңиздин белгиси болот.
● Көп майда кредиттер жакшы эмес. Банк сиздин акчаңызды туура пайдалана албаганыңызды жана дайыма акчага муктаж экениңизди чечиши мүмкүн. Ал тургай, бардык майда кредиттерди мөөнөтүнөн мурда төлөп салсаңыз да, кредиттик тарыхыңызды бузуп алышыңыз мүмкүн.
● Микрокредиттерден алыс болуңуз. Адатта, микрофинансылык уюмдары (МКУ) "айлыкка чейин" абдан жогору пайыз менен кредит беришет жана алардын шарттарына көбүнчө финансылык жактан сабатсыз калктын катмары макул болушат. Банктар мындай адамдарга кредит берүүнү каалабашы мүмкүн.
● Кредиттик тарыхыңызды көзөмөлдөңүз - түз маанисинде. Кээде банктар, МФО жана башка уюмдар тарабынан жарандардын кредиттик тарыхына суроо-талаптар келип түшөт, бирок алар бул уюмдардын кардарлары эмес. Бирок мындай суроо-талаптар мыйзамды түздөн-түз бузуу болуп саналат, алар жарандын макулдугу менен гана жасалышы керек. Эксперттердин айтымында, суроо-талаптардын көп болушу скорингдик баллга же адамдын жеке рейтингине терс таасирин тийгизиши мүмкүн. Демек, бардык уруксатсыз суроо-талаптарды көрүп, мүмкүн болсо, аларды жок кылуу маанилүү.
● Өзүңүздүн кредиттик тарыхыңызды көзөмөлдөө алдамчылардан коргонуу үчүн да маанилүү. Сизде "жалган" кредит бар экенин билбешиңиз мүмкүн - шылуундар уурдалган же табылган паспорт менен кредит алышы мүмкүн. Ошондой эле, кредит сизге кокустан, банктагы техникалык каталардан улам таризделиши мүмкүн. Мисалы, сиздин фамилияңыз, атыңыз жана атаңыздын аты карыз алуучунун маалыматтары менен толугу менен дал келсе.
Кредиттик тарыхыңызды кантип билсе болот?
Кредиттик отчет алуу үчүн Кредиттик бюронун кеңсесине кайрылыңыз: Бишкек шаары, Ахунбаев көчөсү 127/1, (Малдыбаев көчөсү менен кесилишет), Бизнес борбор, 4-кабат. Ошондой эле +(996-312) 98 65 65 телефону аркылуу байланышсаңыз болот.
Толук маалыматты https://www.ishenim.kg/kg дарегинен да алсаңыз болот.
Жыл сайын - биринчи кредиттик отчет АКЫСЫЗ берилет. Ар бир кийинки отчеттун баасы 200 сомду түзөт. Кардарларды тейлөө дүйшөмбүдөн жумага чейин саат 9:00дөн 17:00гө чейин жүргүзүлөт, түшкү тыныгуу саат 12:00дөн 13:00гө чейин.