Үй бүлө бюджети
Үй бүлө бюджети
Топтолгон жыйым
Топтолгон жыйым
Кредиттер жана карыздар
Кредиттер жана карыздар
Керектөөчүлөр (пайдалануучулар) укугун коргоо
Керектөөчүлөр (пайдалануучулар) укугун коргоо
Финансы жөнүндө
Финансы жөнүндө
Инвестициялоо
Инвестициялоо
Финансылык коопсуздук жана камсыздандыруу
Финансылык коопсуздук жана камсыздандыруу
Салыктар жана чегерүүлөр
Салыктар жана чегерүүлөр
Жаңылыктар
Жаңылыктар

Инвестициялар бай болууга кандайча көмөк берет?

Инвестициялоо 2019 Жалган куран айынын 01 жарыяланды
Инвестициялар бай болууга кандайча көмөк берет?

«Инвестиция» термини сизге андан ары кошумча киреше алып келе турган нерсеге капитал салуу дегенди билдирет.  Мында каражат табам деп, сиз убакыт коротуп, күч-аракет жумшабайсыз. 

Топтогон каражаттарыңызды инвестицияга жумшоо менен сиз акчаңыздын сатып алуу жөндөмдүүлүгүн сактай аласыз. Башкача айтканда, алар инфляциянын таасиринен баасы төмөндөбөйт. Ал кандай болушу мүмкүн? Эгерде сиздин 1 миң сомуңуз бар болуп, инфляция өлкөдө 10 пайызды түзсө, ал акчаңыз он айдан кийин 1 миң сом эмес, 900 сомду түзүп калат. Ошон үчүн акчаны иштетүү маанилүү. Тактап айтканда, акчаны инвестицияга салуунун жардамы менен  иштетүүгө болот.

Жөнөкөй каражат топтоодон инвестиция салуунун негизги айырмасынан болуп, пайыздык киреше алуу саналат. Эгерде сиз жөн гана акча чогултсаңыз, сиз анда инвестор эмес, каражат топтоочу болуп саналасыз. Каражат топтоочу – бул өзүнүн кирешесинин бир бөлүгүн чогулта билген, кийинкиге калтырып, улам аз-аздан чогулткан адам. Инвестор – бул өзүнүн капиталын көбөйтүү үчүн топтогон каражатын инвестицияга жумшай билген адам.

Инвестор болбой туруп каражат топтосо болот. Каражат топтой билүү дагы жакшы сапат. Себеби, сиз, жок дегенде каражаттын эсебинен жашаганды, сумманын бир бөлүгүн «керектүү күнгө» калтырганды билесиз. Эми топтогон каражатты көбөйтүп баштоо үчүн кийинки кадамды жасоо гана калды.

Акчаны топтобой туруп, инвестор болуу мүмкүн эмес. Канча акча иштеп тапсаңыз дагы, эгерде сиз өзүңүздүн финансылык агымыңызды тескей албасаңыз – чыгашаларыңыз дайыма кирешелер менен тең болуп, айрым учурларда алардан да ашып кетиши мүмкүн. Азыркы учурда көптөгөн адамдар бекеринен кредитке жашап жатпаса керек же болбосо карызга батып кеткен. Мунун себеби каражат топтоо сапатынын жоктугу жана каражатын эсептеп жашагысы келбегендер.

Инвестициялар убактыңызды коротууну талап кылбастан, сиздин капиталды көбөйтүүгө, топтогон каражатты инфляциядан коргоого жана киреше алууга мүмкүндүк берет. Мындан тышкары, алар күтүүсүз жагдай жаралган учурларда, кошумча «коопсуздук жаздыгынан» болушу мүмкүн.

Бирок, инвестициялардын бардык түрлөрү белгилүү тобокелдиктерге дуушар болушу мүмкүндүгүн эстен чыгарбоо зарыл. Акча каражатын кандайдыр бир багытка жумшоо тобокелдиктер менен коштолбой койбойт. Тобокелдик канчалык жогору болгон сайын, топтогон каражаттарды инвестицияга жумшоодон ошончолук көбүрөөк киреше алууга болот. Ошон үчүн, тобокелдикке сала турган деңгээлди жана сизди канааттандыра турган кирешенин деңгээлин биринчи кезекте, инвестор катары, сиз өзүңүз аныкташыңыз керек.

Андан кийин акчаны жумшай турган инструменттерди тандоо зарыл.  Эгерде сизде азырынча колдонулбай турган акча бар болуп, инвестицияга кандайча жумшоону билбесеңиз, анда финансылык  консультантка кайрылсаңыз болот. Ал жеке финансылык планды кантип түзүүнү түшүндүрүп, инвестициялоо мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө толук маалымат берет жана каражат салуу үчүн оптималдуу инструментти тандоого көмөк көрсөтөт.

Өз капталыңызды жоготуп албас үчүн,  инвестицияга каражат салууда сиз кармана турган негизги эреже – топтогон бардык каражатты бир багытта инвестициялоонун кереги жок.  Каражат салууну ар башка багытка бөлүштүрүүнүн (диверсификация) эсебинен  тобокелдиктерди азайтыңыз.

Сиз иштегенге кыйла ыңгайлуу болгон үчтөн кем эмес ар башка инструментти тандаңыз. Каражаттын бир бөлүгүн сизге кепилденген киреше алып келе турган инструменттерге – мамлекеттик баалуу кагаздарга, облигацияларга же банк депозиттерине инвестициялаңыз.

Инвестициялардын дагы бир маанилүү артыкчылыгынан болуп, алар сизге иштебегенге көмөк берет.  Албетте, биринчи укканда, башкача угулат, бирок чындап эле туура жумшалган инвестиция мындай мүмкүнчүлүктөрдү бере алат. Биринчи эле жолу  туура инвестиция салары менен иштеген ишиңизди таштоонун кереги жок. Бирок сиз бул процесске тартылып, өз инвестицияларыңызды сабаттуу башкарганды үйрөнсөңүз, сиздин инвестицияларыңыз сиз учурда иштеп таап жаткан эмгек акыңыздан көбүрөөк киреше алып келе турган күн келет. Ошол учурда сиз айлыгы жакшы болсо дагы сүйбөгөн ишиңизди таштап, өзүңүздүн көңүлүңүзгө жаккан иш менен алектене аласыз, инвестиция салуудан киреше таап каласыз. Мындай келечек кимге гана жакпасын, туурабы?

Жеке инвестиция кылуу
Жеке инвестиция кылуу
Узактыгы: 10:15
← Макалалардын тизмесине

Төмөнкүлөрдү да окуңүз

Акча алиппеси. 2-бөлүк

Акча алиппеси. 2-бөлүк

2020-жылдын 25-декабрында Кыргыз Республикасынын калкынын финансылык сабаттуулугун 2016-2020-жылдары жогорулатуу программасын ишке ашыруу боюнча Координациялык кеңештин отуруму болуп өттү

2020-жылдын 25-декабрында Кыргыз Республикасынын калкынын финансылык сабаттуулугун 2016-2020-жылдары жогорулатуу программасын ишке ашыруу боюнча Координациялык кеңештин отуруму болуп өттү

Ипотеканын негизги эрежелери

Ипотеканын негизги эрежелери

Акча алиппеси. 5-бөлүк

Акча алиппеси. 5-бөлүк