Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын финансылык сабаттуулук боюнча иш-чараларынын алкагында Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Баткен областындагы өкүлчүлүгү 2025-жылдын 11-мартында Кадамжай шаарындагы «Семетей» лицейинин окуучуларына көчмө лекцияларды өткөрдү.
Лекциянын жүрүшүндө Улуттук банктын өкүлдөрү катышуучуларга акча каражаттарын туура колдонуу жана сарптоо, финансыны пландаштыруу, финансылык максат коюу, үй-бүлөлүк жана жеке бюджетти түзүү, финансыларды мүмкүн болуучу тобокелдиктерден коргоо тууралуу маалымат беришип, ар кандай финансылык маселелер боюнча түзүлгөн кырдаалдарды талдап чыгышты.
Мындан тышкары, Кыргыз Республикасында QR-кодду колдонууну өнүктүрүү боюнча иш-чаралар, QR-коддордун улуттук стандарттары жана эки өлчөмдүү штрих-код белгилерин (QR-код) колдонуу менен төлөө эрежелери боюнча маалыматтар берилди.