2025-жылдын 28-майында Улуттук банктын Жалал-Абад областтык башкармалыгынын кызматкерлери Жалал-Абад областынын Кара-Көл шаарынын калкы үчүн финансылык сабаттуулук боюнча пландаштырылган көчмө лекция өткөрүштү. Лекция Кара-Көл шаарынын мэриясынын имаратында өткөрүлүп, анда болжол менен 40 адам катышты.
Лекциянын жүрүшүндө Улуттук банктын өкүлдөрү катышуучуларга акча каражаттарын туура колдонуу, финансы маселелерин талдоо жагдайлары, акча каражаттарын ар кандай тобокелдиктерден коргоо, финансылык пландаштыруу, финансылык максат коюу, ошондой эле үй-бүлөлүк жана жеке бюджетти түзүү тууралуу айтып беришти.
Мындан тышкары, Кыргыз Республикасында QR-кодду өнүктүрүү боюнча иш-чаралар, QR-коддордун улуттук стандарттары жана эки өлчөмдүү штрих-код белгилерин (QR-код) колдонуу менен төлөө эрежелери жана санариптик финансылык кызматтар жана инструменттер жөнүндө маалымат берилди.