Үй бүлө бюджети
Үй бүлө бюджети
Топтолгон жыйым
Топтолгон жыйым
Кредиттер жана карыздар
Кредиттер жана карыздар
Керектөөчүлөр (пайдалануучулар) укугун коргоо
Керектөөчүлөр (пайдалануучулар) укугун коргоо
Финансы жөнүндө
Финансы жөнүндө
Инвестициялоо
Инвестициялоо
Финансылык коопсуздук жана камсыздандыруу
Финансылык коопсуздук жана камсыздандыруу
Салыктар жана чегерүүлөр
Салыктар жана чегерүүлөр
Жаңылыктар
Жаңылыктар

Кооперативдин финансылык пирамидага тиешеси жоктугун кантип билсе болот? – Улуттук банктын кеңеши

Финансылык коопсуздук жана камсыздандыруу 2022 Бугу айынын 11 жарыяланды
Кооперативдин финансылык пирамидага тиешеси жоктугун кантип билсе болот? – Улуттук банктын кеңеши

Улуттук банк ЖМКда, интернетте жана социалдык тармактарда ар кандай уюмдардын, анын ичинде турак жай кооперативдеринин жарнамалары активдүү жүрүп жаткандыгы байкалгандыгын билдирип, жарандарды ар кандай тобокелдиктерден сак болууга чакырат.

Көпчүлүк учурларда, уюм тарабынан мүлктү сатып алуу үчүн кардарга сатып алына турган мүлктүн (кыймылсыз мүлк, унаа ж.б.) наркынын 10дон 50%ына чейин төгүүнү, күтүү мөөнөтү аяктагандан кийин (көбүнчө 3 айдан 9 айга чейин) калган мүлктүн наркын төлөө сунушталат. Адатта, каржылоо боюнча ишмердүүлүк башка кардарлардын акчалай төгүмдөрүнүн эсебинен камсыз кылынат. 

Каржылоо толук кайтарылганга чейин мамлекеттик органда камакка алуу белгиленген шартта, мүлк көбүнчө кардарлардын атына таризделип берилет. 

Улуттук банк мындай жагдайларга олуттуу карап, жарандардын этият болуусуна чакырат. Анткени бул сыяктуу уюмдардын ишмердүүлүгүндө жарандар үчүн каржылоону алууга кепилдиктин жоктугу жана алынган мүлктүн жана салынган акча каражаттарынын жоголуп кетүү сыяктуу тобокелдиктер бар. 

Мындан тышкары, бул уюмдардын бардык жеткиликтүү документтерин милдеттүү түрдө текшерүүнү: юридикалык жактардын ишмердүүлүктү жүзөгө ашыруу үчүн лицензиялык-уруксат берүүчү документтери бар экендигин текшерүүнү, зарылчылыгына жараша алардын аныктыгын мамлекеттик органдардын реестри менен салыштырып чыгууну, келишимдин үлгүсүн изилдөөнү сунуштайт.

Улуттук банк топтогон каражатыңызды салууну көздөп жаткан уюмдун финансылык пирамида белгисине тиешеси жоктугун билүү максатында көз карандысыз финансылык же юридикалык консультация алууга кеңеш берет. 

«Финансылык пирамиданын» негизги белгилери:

1. ишмердүүлүктү жүзөгө ашырууга лицензиялык-уруксат берүүчү документтердин жоктугу же мамлекеттик реестрлерге юридикалык жактын киргизилбегендиги 

2. кардарларды тартуу үчүн ЖМКда, интернетте, анын ичинде социалдык тармактарда активдүү жарнамалоо 

3. кийинки каржылоонун шарты катары күтүү мезгилинин, кирүү жана мезгилдүү төгүмдөрдүн болушу 

4. ишмердүүлүк кардарлардын олуттуу санын тартуудан көз каранды

5. уюмдун уюштуруучулары, ээлери жана жетекчилери жөнүндө так маалыматтын жоктугу

6. уюм тарабынан каражаттар тартыла баштаганга чейин бир аз мурда гана каттоодон өткөн, уставдык капиталы минималдуу жана жалгыз эле уюштуруучусу бар 

7. уюм банк рыногундагы кирешелүүлүктөн олуттуу ашкан салымдардын жогорку кирешелүүлүгүн көпчүлүккө убада кылат же кепилдик берет

8. уюм жогорку кирешелүү ишканага каражаттарды салууга убада берет, бирок аны документ менен тастыктай албайт. 

Мындан улам, Улуттук банк КРнын мыйзамдарына ылайык тиешелүү лицензиясы жана уруксаты бар уюмдардын финансылык кызматтарынан пайдаланууну сунуштайт. 

← Макалалардын тизмесине

Төмөнкүлөрдү да окуңүз

Акча топтоонун эң эле жөнөкөй сегиз эрежеси

Акча топтоонун эң эле жөнөкөй сегиз эрежеси

Акча алиппеси. 1-Бөлүк.

Акча алиппеси. 1-Бөлүк.

Накталай эмес төлөмдөрдүн артыкчылыктары

Накталай эмес төлөмдөрдүн артыкчылыктары

"Сабаттуу жашоо" финансылык сабаттуулук боюнча балдар үчүнтеледолбоору

"Сабаттуу жашоо" финансылык сабаттуулук боюнча балдар үчүнтеледолбоору