2022-жылдын 19-февралында Ош шаарында Ош областы боюнча тренерлер үчүн уюштурулган финансылык сабаттуулук боюнча семинар аягына чыкты. Анын алкагында тренерлер “Каражат топтоо” стол оюнун өткөрүү боюнча тренердик көндүмдөрүн тереңдетишти. Семинарлар Улуттук банктын жана German Sparssenstiftung коому менен биргелешкен «Кыргызстанда, Тажикстанда жана Түркмөнстанда айыл жергесин өнүктүрүүгө, чакан жана орто ишмердик секторунун потенциалын күчөтүүгө көмөк көрсөтүү» долбоорунун алкагында өтүп жатат.
Ош областынын калкы үчүн финансылык сабаттуулук боюнча семинарларды 2022-жылдын март айында кайрадан жандандыруу пландаштырылып жатат.
← Жаңылыктардын тизмесине