Үй бүлө бюджети
Үй бүлө бюджети
Топтолгон жыйым
Топтолгон жыйым
Кредиттер жана карыздар
Кредиттер жана карыздар
Керектөөчүлөр (пайдалануучулар) укугун коргоо
Керектөөчүлөр (пайдалануучулар) укугун коргоо
Финансы жөнүндө
Финансы жөнүндө
Инвестициялоо
Инвестициялоо
Финансылык коопсуздук жана камсыздандыруу
Финансылык коопсуздук жана камсыздандыруу
Салыктар жана чегерүүлөр
Салыктар жана чегерүүлөр
Жаңылыктар
Жаңылыктар

Кыргызстанда Глобалдуу акча жумалыгы старт алды

2022 Жалган куран айынын 31 жарыяланды
Кыргызстанда Глобалдуу акча жумалыгы старт алды

2022-жылдын 31-мартында Кыргызстанда «Каражатыңды туура колдонуп, жаркын келечегиңе жол сал» («Build your future, be smart about money») деген ураан менен Кыргызстандагы Глобалдуу акча жумалыгы старт алды. Ал республиканын бардык региондорунда 7-апрелге чейин өтөт.

Жума  ичинде Улуттук банк, коммерциялык банктар, мамлекеттик мекемелер, ошондой эле  коомдук жана эл аралык уюмдар, финансылык сабаттуулук боюнча бир катар жалпы билим берүү иш-чараларын өткөрүшөт. Бул- сүрөт тартуу сынагы, акча кутучасы (копилка) сынагы, окутуу семинарлары, коммерциялык банктарга экскурсиялар, ачык эшик күндөрү жана балдар өзүн чыгармачылыгын жана билимдерин көрсөтө алышкан, интерактивдүү  иш-чаралар. Сынакка катышкан мыкты эмгектер үчүн баалуу белектер берилет.

Глобалдуу акча жумалыгынын иш-чаралар күндөлүгү Улуттук банктын расмий интернет-сайтында жана finsabat.kg билим берүү сайтында жайгаштырылган.

Иш-чаралар жөнүндө маалыматты Глобалдуу акча жумалыгынын иш-чаралар күндөлүгүнөн таба аласыздар. (GMW-2022 иш-чара күндөлүгү)

 

Маалымат үчүн:

Глобалдуу акча жумалыгы (англис тилинде  Global Money Week (GMW)) – бул дүйнөнүн 170тен ашык өлкөсүндө жыл сайын өткөрүлө турган, ошондой эле  балдардын жана жаштардын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу аракеттерине өз салымын кошкон кеңири масштабдуу кампания. Кампаниянын түпкү максаты –балдарга жана жаштарга финансылык билим, тарбия  алуу, алардын финансылык туруктуулугун жакшыртуу жана келечекте бакубаттуулугу үчүн акча топтоо маданиятын жогорулатуу мүмкүнчүлүгүн берүү.

Глобалдуу акча жумалыгы дүйнө жүзүндө 2012-жылдан бери өткөрүлүп келет. Учурда кампания 53 млндон ашык баланы жана жаштарды камтыйт.

Кыргызстанда Глобалдуу акча жумалыгы 2015-жылдан бери өткөрүлө баштаган. 2022-жылы мурдагы жылдардай эле, Улуттук банк Кыргызстанда Глобалдуу акча жумалыгын өткөрүүнүн координатору болгон.

← Жаңылыктардын тизмесине

Төмөнкүлөрдү да окуңүз

Баалуу кагаздарга инвестициялоо

Баалуу кагаздарга инвестициялоо

Акча алиппеси. 4-бөлүк

Акча алиппеси. 4-бөлүк

Каражат топтоо деген эмне жана ал эмнеге керек?

Каражат топтоо деген эмне жана ал эмнеге керек?

Кооперативдин финансылык пирамидага тиешеси жоктугун кантип билсе болот? – Улуттук банктын кеңеши

Кооперативдин финансылык пирамидага тиешеси жоктугун кантип билсе болот? – Улуттук банктын кеңеши