Үй бүлө бюджети
Үй бүлө бюджети
Топтолгон жыйым
Топтолгон жыйым
Кредиттер жана карыздар
Кредиттер жана карыздар
Керектөөчүлөр (пайдалануучулар) укугун коргоо
Керектөөчүлөр (пайдалануучулар) укугун коргоо
Финансы жөнүндө
Финансы жөнүндө
Инвестициялоо
Инвестициялоо
Финансылык коопсуздук жана камсыздандыруу
Финансылык коопсуздук жана камсыздандыруу
Салыктар жана чегерүүлөр
Салыктар жана чегерүүлөр
Жаңылыктар
Жаңылыктар

Кыргызстанда Глобалдуу акча жумалыгы башталды!

2023 Жалган куран айынын 15 жарыяланды
Кыргызстанда Глобалдуу акча жумалыгы башталды!

2023-жылдын 15-мартынан тартып 25-март күндөрү Кыргызстандын бардык аймактарында өтө турган «Каражатыңды планда, өз келечегиңе кам көр» деген ураан менен Глобалдуу акча жумалыгы өтөт, анын алкагында Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, мамлекеттик органдар, коомдук жана эл аралык уюмдар, коммерциялык банктар жана микрофинансылык уюмдар мектептерде финансылык сабаттуулук боюнча сабактарды, жогорку окуу жайларда лекцияларды жана тренингдерди өткөрөт.

Мындан тышкары, социалдык тармактарда #GMW2023kg хештеги менен жайгаштырылган экскурсияларды, коммерциялык банктарда ачык эшик күндөрүн, балдардын сүрөттөрү, кол өнөрчүлүгү, видеороликтери боюнча улуттук сынактарды жана башка  ар кандай иш-чараларды өткөрүү пландаштырылууда.

Мындан тышкары, 2023-жылдын 15-мартынан тартып Улуттук банк тарабынан German Sparkassenstiftung менен биргеликте «Топто» финансылык сабаттуулук боюнча оюну башталат. Мектеп курагындагы балдар жана эресеге жеткендер үчүн арналган оюндун максаты – жеке жана үй-бүлөлүк бюджеттерди башкаруу көндүмдөрүнө ээ болуу. Оюнга бардык каалоочулар https\\topto.kg шилтеме аркылуу өтүп,  катыша алышат.

Глобалдуу акча жумалыгы-2023 алкагында өткөрүлүүчү иш-чаралар тууралуу кеңири маалымат Улуттук банктын расмий интернет-сайтында: www.nbkr.kg, Финсабат сайтында: www.finsabat.kg, Улуттук банктын социалдык тармактардагы расмий баракчаларында жайгаштырылган.

Маалымат үчүн:

Глобалдуу акча жумалыгы (Global Money Week)  – бул балдардын жана жаштардын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу максатында дүйнөнүн жүздөн ашуун өлкөсүндө жыл сайын өткөрүлүүчү кеңири масштабдуу кампания.

Иш-чаралар күндөлүгү

← Жаңылыктардын тизмесине

Төмөнкүлөрдү да окуңүз

Керектөөчүнүн негизги укуктары жана милдеттери

Керектөөчүнүн негизги укуктары жана милдеттери

Ипотеканын негизги эрежелери

Ипотеканын негизги эрежелери

Кыргызстанда акча каражатын кайсыл багытка инвестициялоо пайдалуу?

Кыргызстанда акча каражатын кайсыл багытка инвестициялоо пайдалуу?

Улуттук банк финансы-кредиттик уюмдарга (мындан ары - банктарга ) карыз алуучулар үчүн кредиттик төлөмдөр боюнча кредиттин негизги суммасын сыяктуу эле, чегерилген пайыздарды да төлөө мөөнөтүн кеминде 3 (үч) айга өз-өзүнчө же чогуу жылдырууну сунуштаган