Үй бүлө бюджети
Үй бүлө бюджети
Топтолгон жыйым
Топтолгон жыйым
Кредиттер жана карыздар
Кредиттер жана карыздар
Керектөөчүлөр (пайдалануучулар) укугун коргоо
Керектөөчүлөр (пайдалануучулар) укугун коргоо
Финансы жөнүндө
Финансы жөнүндө
Инвестициялоо
Инвестициялоо
Финансылык коопсуздук жана камсыздандыруу
Финансылык коопсуздук жана камсыздандыруу
Салыктар жана чегерүүлөр
Салыктар жана чегерүүлөр
Жаңылыктар
Жаңылыктар

Билим берүү стандарттарына финансылык сабаттуулук боюнча компетенцияларды киргизүү боюнча улуттук семинар

2023 Баш оона айынын 28 жарыяланды
Билим берүү стандарттарына финансылык сабаттуулук боюнча компетенцияларды киргизүү боюнча улуттук семинар

Улуттук банк Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 16-мартындагы № 119-р буйругу менен бекитилген Кыргыз Республикасынын 2022-2026-жылдарга карата финансылык жеткиликтүүлүк боюнча улуттук стратегиясын ишке ашыруунун алкагында, Aflatoun International эл аралык уюму менен бирдикте 2023-жылдын 27-августунан 29-августуна чейин билим берүү стандарттарына финансылык сабаттуулук боюнча компетенцияларды киргизүү боюнча улуттук семинар өткөрдү.

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин, ошондой эле балдарга жана жаштарга социалдык жана финансылык билим берүү жаатындагы демилгелерди илгерилетүүгө кызыкдар эл аралык жана өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрү катышышты.

Иш-чаранын жыйынтыгы боюнча «Адам жана коом» предметинин билим берүү стандартына Aflatoun International программаларынын компетенцияларын интеграциялоо боюнча келечекке каралган планды иштеп чыгуу жөнүндө чечим кабыл алынды.

Маалымат катары:

Aflatoun International – бул 109 мамлекетте 300дөн ашуун өнөктөш уюмдар менен иштешип, балдар жана жаштар үчүн социалдык жана финансылык билим берүү программаларын ишке ашырган өнөктөштүк уюмдарынын тез өнүгүп жаткан тармагы.

← Жаңылыктардын тизмесине

Төмөнкүлөрдү да окуңүз

Кооперативдин финансылык пирамидага тиешеси жоктугун кантип билсе болот? – Улуттук банктын кеңеши

Кооперативдин финансылык пирамидага тиешеси жоктугун кантип билсе болот? – Улуттук банктын кеңеши

2020-Дүйнөлүк каражат топтоо күнү башталышы жарыяланды

2020-Дүйнөлүк каражат топтоо күнү башталышы жарыяланды

"Сабаттуу жашоо" финансылык сабаттуулук боюнча балдар үчүнтеледолбоору

"Сабаттуу жашоо" финансылык сабаттуулук боюнча балдар үчүнтеледолбоору

Акча каражатын сактоонун кандай эрежелери бар?

Акча каражатын сактоонун кандай эрежелери бар?