Кыргыз Республикасынын калкынын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу программасын ишке ашыруу алкагында, Улуттук банк GIZ колдоосу менен финансылык сабаттуулук боюнча 164 тренерди окутуп, анын ичинен 17 мастер-тренерге сертификат берген (биринчи бүтүрүүчүлөр). Аталган тренерлер 1 500 жакын адамга финансылык сабаттуулук боюнча эки күндүк тренингдерди өткөрдү. Тренерлерди окутуу процесси 2019-жылдын июлунан 2020-жылдын мартына чейин өткөрүлүп, аларга сертификат берилген.
Маалымат катары:
Финансылык сабаттуулук боюнча тренерлерди даярдоо иштери Улуттук банк тарабынан демилгеленген жана GIZ “Кыргызстан экономикасынын туруктуу өнүгүүсүн колдоо” долбоорунун алкагында өткөрүлгөн. 2018-жылы Улуттук банктын демилгеси менен жергиликтүү эксперттер тобу Эл аралык эмгек уюмунун тренинг борборунун (ITC-ILO) эл аралык экспертинин катышуусунда чоңдор үчүн бирдейлештирилген курсту иштеп чыккан. Анда тренерлер үчүн чоңдорду финансылык сабаттуулук негиздерине окутуу боюнча 9 тематикалык модуль, методикалык сунуш-көрсөтмөлөр, ошондой эле угуучулар үчүн окуу материалдары камтылган. Финансылык сабаттуулук боюнча тренерлер Микрофинансылык уюмдардын ассоциациясы менен биргеликте даярдалган.
Шилтеме боюнча тренерлердин тизмеси: https://www.finsabat.kg/ky/education/financial-literacy-trainers
← Жаңылыктардын тизмесине