Өркүндөтүлгөн сайт сиздин финансылык сабаттуулугуңуздун деңгээлин жогорулатуу үчүн керектүү болгон бардык материалдар менен камтылган жана аны колдонуу абдан ыңгайлаштырылган. Бул жерде бир катар инструменттер бар: кредитти төлөө жөндөмдүүлүктү аныктоо калькуляторунун жардамы менен сиз өзүңүздүн кредитти төлөп берүү жөндөмүңүздү аныктайсыз; банктардын тарифин салыштыруу инструменти аркылуу сиздин аймактагы бардык банктардын максималдык жана минималдык эсептик чени тууралуу маалыматты топтоого шарт түзүлөт. Мындан сырткары өзүңүздүн финансылык билимиңиздин деңгээлин аныктоо үчүн тестирлөөдөн өтө аласыз.
← Жаңылыктардын тизмесине