2024-жылы 29-майында Жаңы-Жер айылында №43 кесиптик лицейинин жана Нарын шаарында С.Нааматов атындагы Агрардык техника-экономикалык колледжинин окуучулары үчүн финансылык сабаттуулук боюнча семинарлар өткөрүлдү.
Окуучуларды өз каражатын туура пайдаланууга үйрөтүү, финансылык продукттардан жана кызмат көрсөтүүлөрдөн, анын ичинде электрондук кызматтардан пайдалануу жөнүндө маалымат берүү, ошондой эле алардын инвестициялоо, салык, камсыздандыруу жана финансылык коопсуздук маселелери боюнча финансылык билимин өркүндөтүү семинардын максаты болуп саналат.
Семинарлар Улуттук банк тарабынан Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлиги менен биргеликте ЕККУнун Бишкектеги программалык кеңсесинин колдоосу менен өткөрүлүп жатат.
← Жаңылыктардын тизмесине