2024-жылдын 25-сентябрында Улуттук банктын Жалал-Абад областтык башкармалыгынын кызматкерлери Жалал-Абад областынын Базар-Коргон районунун тургундарына «Финансылык сабаттуулук» темасында пландаштырылган көчмө лекция өткөрүштү. Лекция Базар-Коргон райондук мамлекеттик администрациясынын чоң залында өткөрүлүп, анда болжолу менен 80 адам катышты.
Лекциянын жүрүшүндө Улуттук банктын өкүлдөрү катышуучуларга акча каражаттарын туура колдонуу, финансы маселелерин талдоо, акча каражаттарын ар кандай тобокелдиктерден коргоо, финансылык пландаштыруу, финансылык максат коюу, ошондой эле үй-бүлөлүк жана жеке бюджетти түзүү тууралуу айтып беришти.
Мындан тышкары, Кыргыз Республикасында QR-кодду өнүктүрүү боюнча иш-чаралар, QR-коддордун улуттук стандарттары жана эки өлчөмдүү штрих-код белгилерин (QR-код) колдонуу менен төлөө эрежелери жөнүндө маалымат берилди.
← Жаңылыктардын тизмесине