Үй бүлө бюджети
Үй бүлө бюджети
Топтолгон жыйым
Топтолгон жыйым
Кредиттер жана карыздар
Кредиттер жана карыздар
Керектөөчүлөр (пайдалануучулар) укугун коргоо
Керектөөчүлөр (пайдалануучулар) укугун коргоо
Финансы жөнүндө
Финансы жөнүндө
Инвестициялоо
Инвестициялоо
Финансылык коопсуздук жана камсыздандыруу
Финансылык коопсуздук жана камсыздандыруу
Салыктар жана чегерүүлөр
Салыктар жана чегерүүлөр
Жаңылыктар
Жаңылыктар

Финансылык сабаттуулук боюнча тренингдер өткөрүлдү

2024 Тогуздун айынын 10 жарыяланды
Финансылык сабаттуулук боюнча тренингдер өткөрүлдү

2024-жылдын 10-октябрында Таш-Көмүр аймактык колледжинин, ЖаМУнун Майлуу-Суу колледжинин, ЖаМУнун Кара-Көл колледжинин, БатМунун Сүлүктү гуманитардык-экономикалык институтунун жана Салиев У. атындагы Ош областтык мектеп-гимназия интернатынын  окуучулары үчүн финансылык сабаттуулук боюнча тренингдер өткөрүлдү.

Ош шаарында өткөн тренингге Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Ош областтык башкармалыгынын начальниги А. М. Раззаков жана ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин экономика жана экология маселелер боюнча Департаментинин башчысы Р. Джапаридзе катышышты.

Окуучуларды өз каражатын туура пайдаланууга үйрөтүү, финансылык продукттардан жана кызмат көрсөтүүлөрдөн, анын ичинде электрондук кызматтардан пайдалануу жөнүндө маалымат берүү, ошондой эле алардын инвестициялоо, салык, камсыздандыруу жана финансылык коопсуздук маселелери боюнча финансылык билимин өркүндөтүү тренингдин максаты болуп саналат.

Тренингдер Улуттук банк тарабынан Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлиги менен биргеликте ЕККУнун Бишкектеги программалык кеңсесинин колдоосу менен өткөрүлүп жатат.

← Жаңылыктардын тизмесине

Төмөнкүлөрдү да окуңүз

Каражат топтоо деген эмне жана ал эмнеге керек?

Каражат топтоо деген эмне жана ал эмнеге керек?

Кардалар даттануулар жана өтүнүчтөр менен кайда жана кимге  кайрыла алышат

Кардалар даттануулар жана өтүнүчтөр менен кайда жана кимге кайрыла алышат

Баалуу кагаздарга инвестициялоо

Баалуу кагаздарга инвестициялоо

Накталай эмес төлөмдөрдүн артыкчылыктары

Накталай эмес төлөмдөрдүн артыкчылыктары