Үй бүлө бюджети
Үй бүлө бюджети
Топтолгон жыйым
Топтолгон жыйым
Кредиттер жана карыздар
Кредиттер жана карыздар
Керектөөчүлөр (пайдалануучулар) укугун коргоо
Керектөөчүлөр (пайдалануучулар) укугун коргоо
Финансы жөнүндө
Финансы жөнүндө
Инвестициялоо
Инвестициялоо
Финансылык коопсуздук жана камсыздандыруу
Финансылык коопсуздук жана камсыздандыруу
Салыктар жана чегерүүлөр
Салыктар жана чегерүүлөр
Жаңылыктар
Жаңылыктар

31-октябрда дүйнө жүзү боюнча Дүйнөлүк каражат топтоо күнү белгиленип, быйыл бул иш-чаранын 100 жылдыгы өтөт.

2024 Тогуздун айынын 22 жарыяланды
31-октябрда дүйнө жүзү боюнча Дүйнөлүк каражат топтоо күнү белгиленип, быйыл бул иш-чаранын 100 жылдыгы өтөт.

Каражат топтоолорду түзүү адам өз акчасын канчалык туура башкарганы көрсөтөт. Каражат топтоолор адатта, финансылык чыгымдар менен байланышкан убактылуу кыйынчылыктарды жеңүү үчүн финансылык коопсуздукту камсыз кылуу үчүн өзгөчө маанилүү. Мындан тышкары, каражат топтоо финансылык максаттарга жетүүдө, жеке бизнес ачууда же акчаңызды пассивдүү киреше алуу үчүн инвестициялоодо маанилүү ролду ойнойт.

Биздин өлкөбүздө бул маалыматтык-билим берүү кампаниясын өткөрүү 2015-жылдан бери калктын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу боюнча салттуу иш-чаралардын бири болуп калды.

2024-жылдын 28-октябрынан 1-ноябрына чейин Кыргызстанда Дүйнөлүк каражат топтоо күнүнө карата «Кыялдар канат байлаганда!» өлкөнүн бардык аймактарында финансылык сабаттуулук боюнча негизги иш-чаралар өтөт. Дүйнөлүк каражат топтоо күнүнүн алкагында 110дон ашык ар кандай иш-чараларды – тренингдерди, сабактарды, лекцияларды, интерактивдүү оюндарды, экскурсияларды, ачык эшик күндөрүн, конкурстарды, викториналарды өткөрүү пландаштырылууда.

Улуттук банктын, коммерциялык банктардын жана башка финансы-кредит мекемелеринин өкүлдөрү калкка каражат топтоолордун маанилүүлүгү жөнүндө айтып беришет, колдо болгон каражат топтоолорду сактоонун жана көбөйтүүнүн ар кандай жолдору менен тааныштырышат. Улуттук банк башкы кеңседе нумизматикалык музейде экскурсияларды өткөрөт.

Иш-чаралардын планы Финсабат сайтында шилтемеде жайгаштырылган.

← Жаңылыктардын тизмесине

Төмөнкүлөрдү да окуңүз

Акча алиппеси. 1-Бөлүк.

Акча алиппеси. 1-Бөлүк.

Кооперативдин финансылык пирамидага тиешеси жоктугун кантип билсе болот? – Улуттук банктын кеңеши

Кооперативдин финансылык пирамидага тиешеси жоктугун кантип билсе болот? – Улуттук банктын кеңеши

Финансы пирамидалары. Алдамчылардын торуна илинбеш үчүн эмне кылыш керек

Финансы пирамидалары. Алдамчылардын торуна илинбеш үчүн эмне кылыш керек

Керемет Көч (финансылык сабаттуулук боюнча атайын сериясы)

Керемет Көч (финансылык сабаттуулук боюнча атайын сериясы)