2025-жылдын 25-февралында Кыргыз Республикасынын Улуттук банкында Глобалдуу акча жумалыгы-2025 кампаниясын (GMW-2025) Кыргызстандагы уюштуруучу-өнөктөштөрдүн жолугушуусу болуп өттү. Коммерциялык банктардын, банк эмес финансы-кредит уюмдарынын жана камсыздандыруу рыногунун өкүлдөрүнүн катышуусу менен GMW-2025 урматына иш-чаралар концепциялары макулдашылды.
GMW-2025 урааны болуп «Акылың болсо башында, акчаң болот капчыкта» (Think before you follow, wise money tomorrow) саналат. Бул ураандын актуалдуулугу жаштарга финансылык инструменттер жөнүндө ишенимдүү маалыматтарды издөө жана табуу жагында жардам көрсөтүү зарылдыгы менен байланышкан.
Бул кампаниянын алкагында Улуттук банктын www.nbkr.kg расмий интернет-сайтында жана www.finsabat.kg сайтында, ошондой эле социалдык баракчаларда өлкөнүн бардык аймактарындагы өнөктөштөр тарабынан уюштурулган иш-чаралардын (сынактардын, сабактардын, лекциялардын, викториналардын/окутуулардын жана башка иш-чаралардын) планы жайгаштырылган.