Үй бүлө бюджети
Үй бүлө бюджети
Топтолгон жыйым
Топтолгон жыйым
Кредиттер жана карыздар
Кредиттер жана карыздар
Керектөөчүлөр (пайдалануучулар) укугун коргоо
Керектөөчүлөр (пайдалануучулар) укугун коргоо
Финансы жөнүндө
Финансы жөнүндө
Инвестициялоо
Инвестициялоо
Финансылык коопсуздук жана камсыздандыруу
Финансылык коопсуздук жана камсыздандыруу
Салыктар жана чегерүүлөр
Салыктар жана чегерүүлөр
Жаңылыктар
Жаңылыктар

Глобалдуу акча жумалыгы – 2025 Кыргызстанда

2025 Чын куран айынын 07 жарыяланды
Глобалдуу акча жумалыгы – 2025 Кыргызстанда

Глобалдуу акча жумалыгы – 2025 Кыргызстанда

 

2025-жылдын 8-апрелинен тартып Кыргызстанда финансылык сабаттуулук боюнча жыл сайын өтүүчү Глобалдуу акча жумалыгы кампаниясы «Акылың болсо башында, акчаң болот капчыкта» деген ураан менен башталат, анын актуалдуулугу жаштарга финансылык инструменттер жөнүндө ишенимдүү маалыматтарды издөөдө жана маалымат мейкиндигинде болууга жардам берүү зарылдыгы менен шартталган.

8-апрелден 15-апрелге чейинки глобалдык акча жумалыгынын алкагында өлкөнүн бардык аймактарында мамлекеттик органдар, коммерциялык банктар, камсыздандыруу компанияларынын өкүлдөрү жана билим берүү мекемелери менен биргеликте ар кандай иш-чаралар: ачык сабактар жана окутуучу семинарлар/лекциялар, коммерциялык банктарда ачык эшиктер күндөрү жана экскурсиялар, интерактивдүү оюндар/сынактар жана викториналар өткөрүлөт. Иш-чаралардын жүрүшүндө финансылык коопсуздук, акчаны башкаруу көндүмдөрүн өнүктүрүү жана туура финансылык чечим кабыл алуу боюнча маалыматтар берилет.

Глобалдуу акча жумалыгынын алкагында өткөрүлүүчү иш-чаралар планы Улуттук банктын www.nbkr.kg расмий интернет-сайтында жана www.finsabat.kg сайтында жайгаштырылган.

 

Маалымат үчүн:

Глобалдуу акча жумалыгы (англис тилинде Global Money Week (GMW)) – 2012-жылдан тартып дүйнөнүн 176 өлкөсүндө жыл сайын өткөрүлүүчү кеңири масштабдуу кампания. Кампаниянын максаты – балдар жана жаштар келечектеги финансылык жыргалчылыгына жана туруктуулугуна өбөлгө түзүүчү акыл ченемдүү финансылык чечимдерди кабыл алуусу  үчүн, аларга акча маселелери жөнүндө маалымат берүү жана сапаттуу финансылык билим алуу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу.

Кыргызстанда глобалдуу акча жумалыгы 2015-жылдан бери өткөрүлүп келет, кампанияны өткөрүүнүн координатору катары Улуттук банк иш алып барат.

← Жаңылыктардын тизмесине

Төмөнкүлөрдү да окуңүз

Көп берилген суроолор

Көп берилген суроолор

Акча алиппеси. 3-бөлүк

Акча алиппеси. 3-бөлүк

Кирешелер жана чыгымдар күндөлүгү

Кирешелер жана чыгымдар күндөлүгү

Кардалар даттануулар жана өтүнүчтөр менен кайда жана кимге  кайрыла алышат

Кардалар даттануулар жана өтүнүчтөр менен кайда жана кимге кайрыла алышат