Үй бүлө бюджети
Үй бүлө бюджети
Топтолгон жыйым
Топтолгон жыйым
Кредиттер жана карыздар
Кредиттер жана карыздар
Керектөөчүлөр (пайдалануучулар) укугун коргоо
Керектөөчүлөр (пайдалануучулар) укугун коргоо
Финансы жөнүндө
Финансы жөнүндө
Инвестициялоо
Инвестициялоо
Финансылык коопсуздук жана камсыздандыруу
Финансылык коопсуздук жана камсыздандыруу
Салыктар жана чегерүүлөр
Салыктар жана чегерүүлөр
Жаңылыктар
Жаңылыктар

Улуттук валюта – сомдун жүгүртүүгө чыкканына 28 жыл болду

2021 Бугу айынын 10 жарыяланды
Улуттук валюта –  сомдун жүгүртүүгө чыкканына 28 жыл болду

Бүгүн 10-майда, улуттук валютабыз – кыргыз сомунун жүгүртүүгө чыгарылганына 28 жыл толду.  

Эгемендикке ээ болгондон кийин Кыргызстан, мурдагы Советтер Союзуна кирген мамлекеттердин ичинен биринчилерден болуп, өз улуттук валютасын – кыргыз сомун колдонууга киргизген.  

1993-жылдын 3-майында Кыргызстан Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтому менен улуттук валютаны - кыргыз сомун колдонууга киргизүү чечими кабыл алынып, ошол эле жылы 10-майда сом жалпы өлкө аймагында расмий төлөм каражатынан болгон. 

Биздей жаш республика үчүн өзүнүн улуттук валютасын ошол мезгилде колдонууга киргизүү маанилүү кадамдардан болгон деп айтсак болот. Мындай чечкиндүү кадам экономиканы өнүктүрүүнүн жаңы баскычына чыгууга өбөлгө түзгөн.  

28 жыл ичинде кыргыз сому өз алдынча акча-кредит саясатын жүргүзүүнүн негизги инструменти гана болбостон, эгемендүү мамлекетти түптөөнүн ажырагыс символуна айланды.  

Өлкө экономикасындагы мезгил-мезгили менен болуп турган олуттуу таасирлерге, саясий олку-солку абалга жана дүйнөдөгү кескин жагдайларга карабастан, бүгүнкү күндө улуттук валютабыз совет доорунан кийинки мамлекеттердин мейкиндигинде кыйла туруктуу валюталардын катарына кирет.  

Бүгүнкү күндө улуттук валюта – сом, өзүнүн туруктуулугу, коргоо белгилери жана банкноттордун дизайны боюнча да эл аралык көргөзмөлөрдө жана сынактарда жогорку баага ээ болуп, башка валюталардын арасында татыктуу орунду ээлейт. 

← Жаңылыктардын тизмесине

Төмөнкүлөрдү да окуңүз

Акча алиппеси. 2-бөлүк

Акча алиппеси. 2-бөлүк

Финансы пирамидалары. Алдамчылардын торуна илинбеш үчүн эмне кылыш керек

Финансы пирамидалары. Алдамчылардын торуна илинбеш үчүн эмне кылыш керек

Каражат топтоо деген эмне жана ал эмнеге керек?

Каражат топтоо деген эмне жана ал эмнеге керек?

"Сабаттуу жашоо" финансылык сабаттуулук боюнча балдар үчүнтеледолбоору

"Сабаттуу жашоо" финансылык сабаттуулук боюнча балдар үчүнтеледолбоору