Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Талас областтык башкармалыгы 2026-жылдын 26-майында Талас мамлекеттик университетинин маалыматтык технологиялар, техника жана экономика колледжинин студенттери үчүн финансылык сабаттуулук боюнча лекция өткөрдү. Бул иш-чара региондордо калктын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу боюнча иш-чаралар планынын алкагында өткөрүлдү.
Лекциянын жүрүшүндө кыргыз сомунун тарыхы, нумизматикалык баалуулуктар жана финансылык пландаштыруу жөнүндө маалымат, ошондой эле дропперликке каршы аракеттерди көрүү жана «Tүндүк» мамлекеттик электрондук кызмат көрсөтүү порталынын тиркемеси аркылуу кредит алууга өзүнө-өзү тыюу салуу жана аны кайра алып салуу жөнүндө маалымат берилди.
