Үй бүлө бюджети
Үй бүлө бюджети
Топтолгон жыйым
Топтолгон жыйым
Кредиттер жана карыздар
Кредиттер жана карыздар
Керектөөчүлөр (пайдалануучулар) укугун коргоо
Керектөөчүлөр (пайдалануучулар) укугун коргоо
Финансы жөнүндө
Финансы жөнүндө
Инвестициялоо
Инвестициялоо
Финансылык коопсуздук жана камсыздандыруу
Финансылык коопсуздук жана камсыздандыруу
Салыктар жана чегерүүлөр
Салыктар жана чегерүүлөр
Жаңылыктар
Жаңылыктар
Видео
Видео
Сүрөттөр
Сүрөттөр
Аудио
Аудио
Макалалар
Макалалар

Рубль менен бирге сомдун тагдыры кандай болот?

2020 Аяк оона айынын 24 жарыяланды
Источник - https://www.akchabar.kg
Рубль менен бирге сомдун тагдыры кандай болот?

Рубль менен бирге сомдун тагдыры кандай болот?

Сүрөт: RTЭкономисттердин келтирген божомолуна ылайык, күзүндө рубль девальвацияланат жана жыл аягына чейин АКШ долларынын курсу 80-85 рублга чейин чыгары күтүлүүдө. Бул Россия жана Кыргызстан үчүн албетте пайдалуу прогноз эмес. Себеби, орусия рублу өзү менен кошо сомду дагы төмөн тартары шексиз.

COVID-19 2-толкуну рублдун наркын түшүрөт

Рублду девальвациялоонун башкы кесепети пандемиянын экинчи толкуну жана ага байланыштуу экономикалык бир катар чектөөлөр себеп болот.

Эске сала кетсек, Дүйнөлүк Саламаттык сактоо уюуму COVID-19 илдетин пандемия деп, үстүбүздөгү жылдын 12-мартында официалдуу түрдө маалымдаган. Эгерде бул окуя менен россия курсун тең алып караса, 11-марттан 12-мартка чейин рублдун наркы  долларга карата жогорулап, 71.4720 (-0.5488 рубль) түзгөн.

Ал эми Россия пандемияга байланыштуу чек арасын  27-марттан тарта жапкан.

 https://www.akchabar.kg/media/meka.312/2020/09/23/postanovlenie.png

 

Бул маалымат доллардын 0.9 рублга жогорулашына себеп болгон. Кийинки күнү курс төмөндөп 7-апрелге чейин эч кандай өзгөрүүсүз бойдон калган.

 

BRENT мунайынынын бир баррелге карата баасы 35 $ болгон. Бул рублга карата соккунун жалгыз себеби эмес. 16-сентябрга карата Profinance.ru порталынын маалыматына ылайык, Brent мунайынын баасы 39.4-41.13 $ түзгөн.

Эске сала кетсек, 6-мартта Россия ОПЕК өлкөлөрү менен мунай казуу боюнча келишим түзө алган эмес. Андан соң, 7-8-мартта аналитиктер рублдун түшүп кеткенин билдиришкен. Бул окуя Роосия Федерациясынын майрам күндөрүнө туш болгондуктан, жаңыртылган курсту Борбордук банк 11-мартта гана чыгарган.

 

Позициянын төмөндөп кетишинин бирден бир себеби – бул  регулятор тараптан колдоонуну жок болгондугунда.

«Борбордук банк рублга карата эч кандай колдоо көрсөпөрүн жарыялаган. 7-сентябрдан 6-октябрга чейин Москва биржасында 54 млрд рублга интервенция жасалган. Финансы министрлигинин күнүмдүк берген тапшырмасына ылайык, регулятор улуттук жөлөк пул Фондунан 2.5 млрд рубль саткан. Бул интервенциянын көлөмү рубль төмөндөп кеткенден кийинки август айына салыштырмалуу 20% төмөн болгон », деп жазды Konkurent.ru басылмасы.

1-сентябрдан 14-сентябрга чейин Россиянын банкы рублду колдоо үчүн 27.6 млрд рубль жумшаган.

 

Рубль менен бирге

Аналитиктердин берген маалыматына ылайык, рубль наркын дагы жоготобу азырынча бул тууралуу айтуу кыйын. Себеби, Борбордук банк улуттук валютаны колдоо үчүн саясатын өзгөртүп коюшу дагы мүмкүн. Себеби пандемиянын экинчи толкуну, балким жеңил өтүп калат деген божомол бар. Анткени, Россия вируска каршы вакцинаны иштеп чыкканы баарыбызга маалым.

«БизЭксперт» аналитикалык борбордун негиздөөчүсү Улукбек Кыдырбаевдин айтымында, коңшу өлкөдө кандай гана кырдаал болбосун, ал сөзсүз түрдө Кыргызстанга дагы таасирин тийгизет.

«Коңшу өлкөлөрдөгү валюталык өзгөрүүлөр бизге дагы таасир этээри буга чейин далилденген. Бирок, дагы бир тажрыйба бар. Мисалы, 2018-жылдын апрель айында Россия жана Казакстанда дагы валюта курсу төмөндөп кеткенде, Кыргызстан девальвацияны бекем кармап турган. Бул учурда регулятор эң чоң ролду ойноп, курстун алмашуусун жеңилдеткен», деп билдирди «Акчабарга» Улук Кыдырбаев.

Андан сырткары, эксперт Улуттук банк жүргүзгөн саясатка дайыма эле макул болборун кошумчалады.

«Менин байкашымча, саясий себептерден улам Улуттук банк курстун наркын мурунку деңгээлде кармап турууга аракет кылып жатат. Ошого жараша өлкөнүн экономикалык көрсөткүчү реалдуу экономика менен шайкеш келип, коңшу өлкөлөрдүн экономикасы менен тынымсыз байланышта болуусу керек», —деп түшүндүрдү өз позициясын Кыдырбаев. 

2018-жылы рублду девальвациялоо Кыргызстан үчүн, Улуттук банктын жүргүзгөн интервенциясынан улам бир кыйла жеңилирээк болгон. Бирок, доллардын сомго карата ушул жылдын март айында 69.85 сомдон 85 сомго жогорулап кеткенин «жеңилдетүү» республика үчүн бир кыйла кымбатка турган.

«Сом эркин жүгүртүүдө жана анын наркын базар аныктайт деп айтканыбыз менен, Улуттук банктын маалыматына ылайык, валюта рыногун турукташтыруу үчүн канча деген алтын-валюта сарпталганын көрдүк. Ошол себептен, Улуттук банк мындан ары кийинки интервенцияны өткөрөрдөн мурун, буга чейин келтирилген тобокелдиктерди эске алат деп ишенебиз», деп айтты эксперт.

 

 

Улуттук банк тандоо алдында турат: Сомдун наркын сактап калуу керекпи?

«Биздин товарлардын басымдуу бөлүгү Россияга импорттолгондуктан, сомдун наркы  рублдан жогору болсо , албетте биз үчүн пайдалуу болмок. Эгерде сом рублдан жогору болсо, атамекендик товарлар дароо өзүнүн атаандаштык жөндөмдүлүгүн дагы жоготуп коёт. Эгерде биздин фермерлер жана ишканалар өз товаларын экспорттой албай калса, бул пандемияда кризиске учураган экономикага дагы бир ирет чоң сокку болот. Андан сырткары, чет жакта иштеп жүргөн мигранттарыбызга дагы терс таасирин тийгизет. Мунун баарын эске алып туруп, сомду эркине коюу керек. Интервенцияны бир гана өзгөчө кырдаал учурунда гана жүргүзүү керек деп эсептейм», деп сөзүн аяктады эксперт.

← Макалалардын тизмесине