Үй бүлө бюджети
Үй бүлө бюджети
Топтолгон жыйым
Топтолгон жыйым
Кредиттер жана карыздар
Кредиттер жана карыздар
Керектөөчүлөр (пайдалануучулар) укугун коргоо
Керектөөчүлөр (пайдалануучулар) укугун коргоо
Финансы жөнүндө
Финансы жөнүндө
Инвестициялоо
Инвестициялоо
Финансылык коопсуздук жана камсыздандыруу
Финансылык коопсуздук жана камсыздандыруу
Салыктар жана чегерүүлөр
Салыктар жана чегерүүлөр
Жаңылыктар
Жаңылыктар
Видео
Видео
Сүрөттөр
Сүрөттөр
Аудио
Аудио
Макалалар
Макалалар

Финсабатка саякат: балдар үчүн аманат акча топтоонун артыкчылыктары

2024 Теке айынын 24 жарыяланды
Источник - МаралФМ
Финсабатка саякат: балдар үчүн аманат акча топтоонун артыкчылыктары

Бүгүнкү күндө ата-энелердин арасында балдардын келечеги үчүн депозитке акча салгандар көп. Адистер каржылык көндүмдөрдү калыптандырууда жана акчаны туура пайдаланууда депозит ыкмасын да сунушташат. Финансисттер акчаны максаттуу пайдаланууда депозитке салып коюу туура чечим экенин айтышат.

Ал эми депозит деген эмне? Анын кандай пайдасы бар?

Кыргызстандын Депозиттерди коргоо боюнча агенттигинин аткаруучу директору Кадырбек Букуев акчаны депозитке салуу кардарлар үчүн пайдалуу экенин белгиледи. Ал депозит түшүнүгүн төмөндөгүдөй чечмелеп берди.

«Депозит – бул жеке жана юридикалык жактын пайыз түрүндө киреше алуу үчүн банкка берген акча. Кардарлар үчүн бул жерде кандай пайда бар? Банк депозиттин мөөнөтү бүткөндө кардарлардын акча каражатына кошумча пайыздарды эсептеп, төлөп берет. Бул кардарлар үчүн пайда деп эсептелинет. Мисалы кардар бир жылдык мөөнөткө жылдык 10% 1000 сом салсаңыз, бир жылдан кийин эсебиңизде 1100 сом болот».

Акыркы мезгилде өлкөдө коммерциялык банктардын саны көбөйүп жатканы байкалууда. Ошол эле учурда банктарда акча сактоо үчүн ачылган депозиттердин да түрлөрү пайда болууда. Биз бир канча банкка кайрылып, балдар үчүн ачылган депозиттер тууралуу маалымат алдык.

«Элдик Банк» ААКнун «Ырыскы» филиалынын жетекчиси Наргүл Мамытова Элдик банкка балдардын келечеги үчүн депозитке акча салууга болорун белгилеп, ал үчүн банк өзүнүн кардарларына депозиттин үч түрүн сунуштады.

Депозиттин биринчи түрү:

Балакай депозити – бул Кыргызстандагы эң узак мөөнөттүү жана эң кирешелүү балдар депозити. Эгер балалуу болдуңузбу? Сиз анын келечегин биринчи күндөн эле камсыздай аласыз. «Балакай» депозити баланын жашы 18ге толгонго чейин ачылат.

Депозитти ачуу жолдору: Банктын сайтында онлайн арыз толтуруу жана Элдик банктын бардык бөлүмдөрүнө кайрылуу. Балакай депозити боюнча пайыздык чендер сом менен жана доллар менен жүргүзүлөт. Баштапкы сумма 5000 сом/ 200 АКШ доллары. Кардарлар дайым өзүнө ыңгайлуу убакта толуктоо мүмкүнчүлүгүнө ээ. Минималдуу кошумча салым 1000 сом (же 20 АКШ доллары) болууга тийиш.

Пайыздар: 3 жылга – 9%, 4 жылга – 9,5%, 5 жылга 10%,5 жылдан жогорку мөөнөткө 11%.

Депозиттин экинчи түрү:

Mastercard «Детский» депозити. Депозит эсебин ата-энеси (камкорчусу) же жакын тууганы баланын пайдасына ача алат. Пайыздар ай сайын кошуп эсептелинет жана пайыздардан капитал топтолот. Эсептен акча каражаттарын жарым-жартылай алуу мүмкүнчүлүгү бар.

Депозиттин шарттары Жылдык Эффективдүү
6 айдан 12 айга чейин

6.00%

6.00%

12 айдан 24 айга чейин

8.00%

8.00%

24 айдан 36 айга чейин

10.00%

10.00%

36 айдан 60 айга чейин

12.00%

12.00%

Балдарга арналган депозиттин үчүнчү түрү:

Балдарга жардам депозити. Бул депозитти ачуу менен кардарлар жеке эле өзүнүн балдарынын келечегине кам көрбөстөн, Кыргызстандагы кайрымдуулук фонддоруна көмөк көрсөтө алышат. Кардарлар эсепке акча салат, биз аны сактайбыз, пайыздары ар ай сайын эсептелет. Ал эми алардын 10 %ы кардар тандаган кайрымдуулук фондуна которулат жана Кыргызстандагы балдарга жардам көрсөтүлөт. Кайрымдуулук фондун сунушталган варианттардын ичинен кардар өзү тандай алат.

Кайрымдуулук уюмдары:

  • «Элим барсыңбы» ККФ
  • «Help the Children – SKD» КФ
  • «Помогать Легко» КФ

Аталган банктын өкүлү Наргүл Мамытова жылдан жылга балдар үчүн ачылуучу депозиттердин саны көбөйүп жатканын айтты.

«Салым Финанс» микрофинансылык компаниясынын Адам ресурстарын башкаруу бөлүмүнүн башчысы Гүлзат Исмаилова аталган банкта балдар үчүн ачылган депозиттин эки түрү бар экенин белгиледи.

Ошондой эле ал балдар үчүн депозитке акча салуунун жол-жобосун түшүндүрүп берди.

«Балдардын келечеги үчүн депозит ачып, үстүнө толуктап турса, жашы жеткиче чогултуп берсе болот. Балдардын келечектеги жашоосуна чоң салым болот. Ал депозитти бала жашы жеткенде алып керектүү жакка иштетип, мисалы жогорку окуу жайга өтсө, окуунун акысын төлөгөнгө, үй же машина алганга иштетсе болот. Юридикалык жактан балдар деп – жашы жете элек жаран,18 жашга чейин кардарлар эсептелет. Бизде депозиттин 2 түрү бар. Биринчисин толуктап, үстүнө кошуп турса болот. Ар бир акча кошкон сайын, ошол суммага пайыздар кошулуп турат. Эгер сизде азырынча азыраак акча болсо, сиз депозит ачып, каалаган учурда толуктап, үстүнө кошуп, чогултсаңыз болот. Экинчи түрү – бул салган депозитти керектүү учурда жарым жартылай алып колдонсо болот. Бирок толуктаганга мүмкүнчүлүк жок. Бул түрүн чоң сумманы бир салып, депозит ачам десеңиз ушул түрүн тандасаңыз болот».

Балдар үчүн депозит ачууда кандай шарттар коюлган?

  • Жашы жете элек балдар үчүн депозит ачканга баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү;
  • Ата-энесинин бирөөсүнүн паспорту;
  • Атасы же апасы депозит боюнча арыздарды, анкета, келишимди жана башка ушул сыяктуу документтерди кол коюп толтуруп бериши керек.

«Салым Финанс» компаниясында учурда балдар үчүн ачылган депозиттин ставкалары жылдык 10 пайыздан 15 пайызга чейин сом менен, доллар менен жылдык 2 пайыздан 6 пайызга чейин. Сом жана АКШ доллары менен ачылат.

Аталган банкта депозитти ачуу үчүн минималдык сумма бар. Ал 1000 сом же 20 доллар. Эң көп суммасы 25 млн сомго чейин, эгер андан ашык сумма болсо деле компанияга кайрылып караштырса болот.

Кайсы учурда алса болот?

Жогоруда айтылган депозиттин 2 түрүн тең керектелип калса мөөнөтүнө чейин эрте чечип алса болот. Ал үчүн компанияга кайрылып, атайын арыз толтуруу керек. Бул учурда келишимди мөөнөтүнөн мурда бузган үчүн чегерилген пайыздары кайрадан эсептелинип, жарымы компания тарабынан кармалып калат.

«Азия Банкы» ЖАКтын Операция бөлүмүнүн башчысы Азат Такырбашовдун айтымында, азыркы учурда банкта балдардын келечегине акча топтогонго арналган  «Азия — Балдар кыялы» деген аманат бар.

«Балдардын келечегине жана жөн эле каражаты топтогого аманат   ачсаңыздар болот. Салым 14 жашка чейинки баланын атына ачылып, салым ачып жатканда ата-энеси же баланын мыйзамдуу өкүлү баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгүн көрсөтүшү керек. 12 айдан 36 айга чейинки  аманаттар бар. Ставкаларына токтолсок, азыркы учурда 11% сом валютасында,  2,25% доллар  валютасында. Баштапкы салымдын минималдуу суммасы: 5000 сом, доллар менен ачууну каалагандарга 100 доллар. Салымдын мөөнөтүнүн аягында негизги сумма менен чогуу алса болот. Бирок кардардын талабы менен келишимдин мөөнөтүнүн аягына чейин шашылыш салымдын суммасы кайтарылган учурда, салымчынын кайрылуусу менен 3 банктык күн ичинде салымдын суммасы жана капиталдаштырылган пайыздык киреше кайтарылат. Муну менен бирге пайыздык кирешелер төмөнкү схема боюнча эсептелинет жанан төлөнүп берилет:

  • Эгерде салымды алуу күнүнөн 24 айдан көп убакыт өткөн болсо (каражаттын эсепте жаткан убагы 24 ай же андан ашык болгон болсо), бардык сумма төлөнөт, башкача айтканда, салымды алуу күнүндөгү капиталдаштырылган сумма.
  • Эгерде салымды алуу күндөн 6 айдан ашык мөөнөт өткөн болсо (каражаттын эсепте жаткан мөөнөтү 6 ай же андан ашык болгон болсо) баштапкы негизги сумманын жана убакыттын акырындагы сумманын айырмасынын 50% көлөмдө төлөнөт.
  • Эгерде салымды алуу күндөн 6 айдан кем убакыт өткөн болсо (каражаттын эсепте жаткан мөөнөтү 6 айдан кем болгон) – пайыздык киреше төлөнбөйт. Салымчыга баштапкы негизги сумма эч кандай алымчасы жок кайтарылып берилет».

Ал эми Улуттук банктын Коммуникация жана эл аралык кызматташуу башкармалыгынын каржылык сабаттуулук бөлүмүнүн жетекчиси Кубаныч Мусуралиев белгилегендей, балдарга депозит ачуу менен финансылык тартипти күчөтсө болот.

Адистин айтымында, депозит – бул каржылык жактан сабаттуу болуунун бир бөлүгү.

«Балдарга депозит ачуу менен финансылык тартипти күчөтөсүз. Кандайдыр бир кирешелерди туура бөлүштүрөсүз. Кандайдыр бир керексиз чыгашаларды азайтасыз. Бул келечекте балага чоң жардамын берет. Кандайдыр бир максаттарды ишке ашырууга себеп болот. Аз суммадан баштап ачып, толукта турсаңыз, келечекте пайдасын тийгизет».

Депозиттерди коргоо боюнча агенттигинин маалыматына караганда бүгүнкү күндө банктарда депозиттерди кабыл алуу боюнча ар кандай шарттар бар.

Көпчүлүк банктарда мөөнөтсүз депозит боюнча чектөөлөр жок. Каалаган сумманы кабыл ала беришет. Кээ бир банктарда чектөө бар. Алар 2000, 5000, 7000 сомдон жогору алышы мүмкүн.

Ал эми мөөнөттүү депозиттер боюнча шарттар ар бир банкта ар кандай. Айрым банктарда ченем коюлган, айрымдарда жок.

Өткөн жылдын башында Президент Садыр Жапаров «Банктык аманаттарды (депозиттерди) коргоо жөнүндө» мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзамга кол койду.

Мыйзам 2023-жылдын 26-октябрында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.

Мыйзамдын максаты президентинин 2022-жылдын 10-августундагы № 281 «Кыргыз Республикасынын Депозиттерди коргоо боюнча агенттигин банктарды жана башка финансылык-кредиттик уюмдарды жоюу жана көйгөйлүү зайымчылардын кайрылууларын кароо функцияларын берүү менен кайра уюштуруу жөнүндө» Жарлыгын аткаруунун алкагында депозиттерди коргоо системасынын натыйжалуулугун жогорулатуу.

Мыйзамда банк тарабынан чыгарылган адамдардын жана жеке ишкерлердин ээлигинде турган электрондук акчаларды аманат деген аныктамага киргизүү жолу менен депозиттерди камсыздандыруу алкагын кеңейтүү каралат.

Ошону менен бирге, мыйзамда көзөмөл жүргүзүү органы тарабынан лицензияны кайтарып алгандан тартып, кепилдик учур келерин, ошондой эле Депозиттерди коргоо боюнча агенттигинин тобокелдик-менеджменти, ички аудит кызматтары жана корпоративдик катчысы Директорлор кеңешинин карамагына өтүүсүн караган ченемдер белгиленүүдө.

← Макалалардын тизмесине