Үй бүлө бюджети
Үй бүлө бюджети
Топтолгон жыйым
Топтолгон жыйым
Кредиттер жана карыздар
Кредиттер жана карыздар
Керектөөчүлөр (пайдалануучулар) укугун коргоо
Керектөөчүлөр (пайдалануучулар) укугун коргоо
Финансы жөнүндө
Финансы жөнүндө
Инвестициялоо
Инвестициялоо
Финансылык коопсуздук жана камсыздандыруу
Финансылык коопсуздук жана камсыздандыруу
Салыктар жана чегерүүлөр
Салыктар жана чегерүүлөр
Жаңылыктар
Жаңылыктар
Видео
Видео
Сүрөттөр
Сүрөттөр
Аудио
Аудио
Макалалар
Макалалар

Финсабатка саякат: акчасын сарамжалдуу колдонгон студенттер

2024 Аяк оона айынын 24 жарыяланды
Источник - MARAL FM
Финсабатка саякат: акчасын сарамжалдуу колдонгон студенттер

Бүгүнкү күндө коомдо финансылык сабатсыздыгын жоюуга аракет кылган жаштардын саны көбөйүүдө. Алар каржылык сабатсыздыгын жоюу үчүн ар кандай ыкмаларды колдонуп, атайын окутууларга да катышып жатышат. Бирок өлкөдө каржылык сабатсыздыкты жоюу боюнча атайын окутуу курстары көп болгону менен, финансылык сабаттуулук толук жоюла элек. Адистер акчаны туура пайдаланууну жаш курагынан башташ керектигин айтып келишет.

Биз Бишкек шаарында окуган студенттердин арасынан каржылык жактан сабаттуу болууга аракеттенген жаштардын пикирин уктук.

— Мен 3-курста окуйм. Университеттеги сабагым бүткөндөн кийин ишемби, жекшемби күндөрү тамактануучу жайда кассада иштейм. Күнүнө эки миң сомдон алам. Бир айда 16 миң сом табам. Анын ичинен 7000 сомун батирдин ижарасына берем. Калганын акчаны күнүнө 300-400 сомдон иштетем. Тапкан акчамды үнөмдөп иштеткенге аракет кылам. Ошондуктан бир айга ушул акчаны жеткире алам.

— Улуттук университетте 3-курста окуйм. Шаарда ата-энем менен жашайм. Батирди жана окуу акысын ата-энем, улуу агам төлөйт. Андан сырткары тигүү цехинде иштейм. Айына 20-25 миң сомдун тегерегинде айлык алам. Анын ичинен 3-3,5 миң сомун жолкиреге коротом. 10 миң сомдун тегерегинде окууда жана жумушта тамактануу үчүн колдоном. Ошондой эле ар кандай өнүктүрүү, тил курстарына, окутууларга жазылгам. Аларга айына 4-5 миң сом төлөйм. Ушундай чыгашалардан кийин 1-2 миң сом ашып калат. Анын 1000 сомун кутучага салып, топтойм. Ошондой эле жеке кызыкчылыктарыма коротом. Мисалы каалаган китебимди алам.

— Менин бир айлык кирешем 20 миң сомдун тегерегинде. Университетке жана жумушка велосипед менен барып келем. Жолкиреге акча коротпойм. Көбүнчө үйдөн тамактанам. Кээде түшкү тамактанууну окуу жайдан кылам. Ал үчүн айына 6 миң сомдой кетет. 4 миң сом курска төлөп, окуйм. Ал эми калган 10 миң сомду чогултуп, күтүүсүз келген чыгашаларга калтырам.

— Азыркы учурда студент болгонум үчүн финансылык сабаттуулук аябай керек деп ойлойм. Жайында эс алууда өзүм иштегем. Бирок учурда окуу башталганына байланыштуу ата-энем каржылайт. Ошондой эле туугандарым да жардамдашып турат. Акчанын көбү тамак-ашка жана жолкиреге кетет. Автобус менен кээде такси менен жүрүп калам. Бул күнүмдүк нерсе болгону үчүн акча көп кетет. Муну менен күн сайын сөзсүз тамактануу керек. Сабактан чыккандан кийин сөзсүз ысык тамак ичем же тез татымдан тамактанып алам. Болгон акчамды коротуп салбай, 200-300 сомун топтойм. Аны керектүү учурда колдонгонго мүмкүнчүлүк болот.

Улуттук банк элдин, анын ичинде жаштардын каржылык сабаттулугунун деңгээлин көтөрүү максатында жыл сайын өлкө боюнча окутууларды, тренингдерди, кампанияларды өткөрүп келет.

Улуттук банктын Коммуникация жана эл аралык кызматташуу башкармалыгынын Финансылык сабаттуулук бөлүмүнүн жетекчиси Кубаныч Мусуралиевдин түшүндүрмөсүндө, каржылык сабаттуулук – бул мүмкүн болгон финансылык кесепеттерди билип, каржылык билимин практикада колдонуу үчүн зарыл маалыматтарды алууга, түшүнүүгө жана баа берүүгө адамдын жөндөмдүүлүгү.

«Каржылык сабаттуулуктун расмий түрдө түшүнүгү – бул мүмкүн болгон финансылык кесепеттерди билип, каржылык билимин практикада колдонуу үчүн зарыл маалыматтарды алууга түшүнүүгө жана баа берүүгө адамдын жөндөмдүүлүгү. Негизи каржылык сабаттуулук жалпы сабаттуулуктай эле каржылык чөйрөдө өз билимин арттырып, ал билимин аракеттерге айландыруу, ошондой эле бул процесстердин алкагында жарандар финансылык продукттар жана кызматтар боюнча түшүнүгүн арттырат. Негизи каржылык сабаттуулук адамдын финансылык жактан жакшы жашоосуна өбөлгө түзүп, анын финансылык иш чөйрөсүнө тартылуу деңгээлине таасир этет деген түшүнүк бар. Көп учурда адамдар жашоосун рационалдуу эмес жашайт деген изилдөөлөр бар. Ошондуктан финансылык маселелер, суроолор оңой эмес болгондуктан, адамдарда каржылык маселелерде рационалдуу болушу көбүрөөк керек. Анткени ар бир адамдын кыялы, максаты бар. Ага жетүү үчүн финансылык каражаттар керек».

Улуттук банктын адиси Кубаныч Мусуралиев жаштардын каржылык сабаттуулугун жогорулатуу артыкчылыктуу багыттардын бири экенин белгиледи.

«Жаштардын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу – бул артыкчылыктуу багыттардын бири катары эсептелинет. Улуттук банк тарабынан буга өзгөчө көңүл бурулат. Анткени жаштар финансылык сабаттуулуктун негиздерин канчалык эрте үйрөнсө, келечеги үчүн пайдалуу болорун айтабыз. Ошондой эле каражат топтоону эртерээк баштаса, келечекте көбүрөөк сумма топтой алат. Кандайдыр бир туура финансылык чечимдерди кабыл алуу менен жашоосун дагы жакшы жакка өзгөртө алат. Балким финансылык алдамчылар менен кандайдыр бир жагдай түзүлүп калса, сактануу мүмкүнчүлүгү болот. Ошондуктан жаштардын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу – бул маанилүү иш десек болот».

Каржылык жактан сабаттуу болуу абдан маанилүү. Каржылык сабаттуулук адамдын финансы жактан жакшы жашоосуна өбөлгө түзөт. Адамдын жашоо сапатына, максаттарына жетүүсүнө, инвестор же бизнес менен алектенүүсүнө финансылык сабаттуулук жардам берет. Каржылык сабаттуулуктун маанилүүлүгүн 2012-жылы «АППЭК» ири экономикалык уюмунун финансы министрлери каржылык сабаттуулукту «Критикалык жашоо көндөмү» деп кабыл алган. Аталган уюмга Австралия, Жапония, Түштүк Корея, Малайзия жана башка экономикасы күчтүү мамлекеттер кирет. 2012-жылдан баштап финансылык сабаттуулуктун маанилүүлүгү дүйнө жүзүндө жогорулай баштайт.

Улуттук банктын адиси Кубаныч Мусуралиевдин айтымында, учурда ата-энесинен гана акча сурабастан, өз алдынча киреше тапкан студенттер көп.

«Студенттер башка адамдардай эле акчаны сарамжалдуу пайдаланышы керек. Акча чектелүү ресурс болгондуктан аны анализдеп, кандайдыр бир чыгашаларды жүргүзүүдөн мурун жакшы ойлонуп жүргүзүү керек. 2-3 бааны салыштырганда арзаныраак бааны аныктап, ошол жерден алуу туура болот. Акчаны коротуудан мурун жакшылап ойлонуу керек. Бааларды салыштырып жүрүү маанилүү. Максаттарыңды, пландарыңды эске алып, чоң максаттарга топтоону унутпаш керек. Студент мезгилде дайыма ата-энеден акча сурап жүрбөй, окууга терс таасир тийгизбей турган кошумча жумушка иштеп, акча тапса болот. Өзүнүн чыгашаларын, муктаждыктарын жапса болот. Учурда 9-10-класстарда окуган, 1-курстан баштап иштеген, бир топ акча таап жаткан студенттерди көрүп жүрөбүз. Бул алардын финансылык сабаттуулугун дагы түптөйт. Акча менен болгон мамилесин калыптандырат. Акчаны окуусуна жумшап, ошондой эле кандайдыр бир инвестиция кылганга шарттар түзүлөт».

Бүгүнкү күндө өлкөдө жаштар каржылык жактан канчалык сабаттуу? Улуттук банк тарабынан жаштар үчүн финансылык сабатсыздыкты жоюу багытында окутуулар өтүлөбү?

Изилдөөлөргө ылайык, өлкөдө жаштардын финансылык сабаттуулугу орточо деңгээлден төмөнүрөөк болуп көрсөтүлгөн. Анын себеби алар кандайдыр бир акча операцияларына азыраак катышкандыгы болушу мүмкүн.

Албетте, Улуттук банк жаштар үчүн каржылык сабаттуулук боюнча тренинг, окутууларды өткөрөбүз. Дайыма жаштарга көңүл бурулат. Мисалы 2023-жылы өлкө боюнча 51 күндүк тренинг өткөрүлгөн. Анын ичинде 29у жаштарга арналган. Жалпы 700 адам катышкан. Жыл башынан бери 15 тренинг өткөрүп, анын баары жаштарга багытталган. Ага 348 адам катышты.

Тренингдердин баары аймактарда өтөт. Өткөн жылы Чүй, Ысык-Көл, Нарын, Талас облустарында уюштурулган. Алар финансы жана экономика эмес багыттагы студенттер үчүн өтүлгөн. Мисалы медициналык, агро, педагогикалык колледждер сыяктуу гуманитардык багытта окуган студенттерге өткөрүлгөн. Программада бюджетти жүргүзүү, каражат топтоо, насыя алуу, ислам принциби банкинги, онлайн финансылык кызматтар, каржылык коопсуздук, салыктар, камсыздандыруу жана башка темалар окутулат. Тренингдердин жыйынтыгына токтолсок, окутуунун башталышында жана аягында катышуучулардын билими тест аркылуу текшерилет. Кээ бир учурда тренингдин таасири 25 пайызга чейин финансылык билимдин жакшырганын көрсөтөт. Бул жакшы көрсөткүч катары эсептелинет. Катышуучулар дагы жакшы ой-пикирлерин калтырышат. Жаштар финансылык пландарды түзүүдө пайдалуу болгонун да айтышат.

Улуттук банктын адиси Кубаныч Мусуралиев быйыл жаштарга каржылык сабаттуулук боюнча 35 окутуу өткөрүү пландалганын маалымдады.

Ага 800гө жакын адамдын катышуусу күтүлүүдө.

«Быйыл жалпысынан 35 тренинг пландаштырылып, анын 15и биринчи жарым жылдыкта өткөн. Бул тренингдердин баары жаштарга арналат. Эми экинчи этабы октябрда Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында колледждерге, интенаттарга каржылык сабаттуулук боюнча окутууларды өтүү пландалууда. Ал боюнча кененирээк маалыматты биздин сайттан (Финсабат) ала аласыздар. Бул окутуулар жаштарга пайдалуу болот деп ишенебиз. Тренингди биздин тажрыйбалуу тренерлерибиз алып барат».

Акчаны кантип айдан айга жеткирсе болот? Адистин жообу:

«Акчаны айдан айга жеткирүү үчүн алгач бир айга канча акча кетерин эсептеп чыгуу керек. Аны бюджет жүргүзүү менен аныктай аласыз. Негизги чыгашалар бар. Алар транспорт, тамак-аш, кийим-кече жана башкалар болушу мүмкүн. Аларды аныктап алып, бюджетти эсептеп чыгуу керек. Кийин бюджеттин алкагында иш алып баруу керек. Эгер кандайдыр бир акча жетпей жатса, киреше булактарын аныктоо зарыл. Мисалы айдын аягына бир бюджет түзүп алып, ошол менен иштеш керек. Жаштар арасында сурамжылоо жүргүзгөндө айрымдары 10 миң сом чыгаша кылышарын, кээ бирлери 15-20 миң сомдук чыгаша болорун айтышат. Бул албетте, индивидуалдуу болот. Ар бир адамдын кандай муктаждыктары болсо, ошонун алкагында бюджетти эсептесе болот».

Адистердин пикиринде, финансылык сабаттуулуктун деңгээли каржылык билим алуунун жыйынтыгында жогорулайт. Бүгүнкү күндө калк финансылык сабаттуулугун жогорулатуу үчүн көптөгөн ресурстарды пайдаланса болот.

Мамлекет тарабынан да элдин каржылык сабатсыздыгын жоюу максатында бир топ иштер аткарылып келет. Өкмөт тарабынан бекитилген 2016-2020-жылдарга Кыргызстандын калкынын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу программасынын координатору катары Улуттук банк аныкталган. Ушул программаны аткарууда Улуттук банк калкты көз карандысыз, объективдүү жана сапаттуу финансылык маалымат менен камсыз кылуу максатында бир топ иш-чараларды өткөргөн.

Сөзүбүздү жыйынтыктап жатып эскертерибиз, каржы адам баласынын күнүмдүк жашоосунда маанилүү роль ойнойт. Андыктан аны пайдалануу, туура иштерге жумшоо жаатында терең билим болгону дурус. Дүйнөлүк тажрыйбада ири ишкерлер тапканынын канча бир пайызын кайрымдуулук иштерге жумшап турушары белгиленген. Себеби башкалар менен канчалык бөлүшө билсе, киреше да ошончолук өсөрү иш жүзүндө далилдегенин айтышат алар.

← Макалалардын тизмесине